Аймак

Бакыт ЖУМАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти: “Мамлекет өзүнүн искусствосуна чындап көңүл бөлө турган мезгил келип жетти”

 10,752 Бардыгы /

Бакыт  ЖУМАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти:  “Мамлекет өзүнүн искусствосуна чындап көңүл бөлө турган мезгил келип жетти”

“Бул жыл мага ийгиликтин,ырыс кешиктин жана дагы атактуулуктун жылы болду десем жаңылышпайм”-деген бүгүнкү күндүн коногу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти жана ошондой эле Жалал-Абад областындагы Барпы атындагы драм театрынын артисти, көп кырдуу таланттуу инсаныбыз Жумалиев Бакыт Арстанбекович болмокчу.

-Саламатсызбы алгачкы эле суроом бул жыл кандай көз ирмемдер менен эсте калчудай болду?

-Аманчылык, бул жыл мага эң жемиштүү жыл болду десем жаңылышпайм. Кыргыз Республикасында өтүлгөн алтынчы театралдык фестивалында Таттыбүбү Турсунбаева атындагы фондунун Ардак грамотасы менен Улан Жукеновдун пьесасындагы “чалдын” образы үчүн сыйландым. Жакында эле М.Курязовдун “Жалган жалаа таш жарат” аттуу пьесасын сахналаштырдым. Бул пьеса балдарга арналгандыктан ушул тапта шаардын мектеп окуучулары кубануу менен көрүшүүдө. Бул менин балдар үчүн жаңы жыл алдындагы белегим болуп калды.

-Сизди бул чыгармачылык жолуңуз кайсыл убакыттан баштап ойгонду?

-Менин чыгармачылык жолум Советтик Армияда кызмат өтөп келгенден кийин 1983-жылы Ысык-Көл областтык К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында башталды. Ага чейин КМАДТ астындагы эки жылдык театралдык студияны актёрдук кесип боюнча бүткөнмүн.
1985-жылы Москвага М.С.Щепкин атындагы театралдык окуу жайына тапшырып 1989-жылы ийгиликтүү аяктап, жогорку билим алып келдим. Ошол биздин бүтүрүүчүлөр менен жаш өспүрүмдөр (ТЮЗ) театры негизделди. Бишкекте бул театрда 1992-жылга чейин эмгектендим.
1992-жылы бул жерде адегенде Жалал-Абадда шаардык театр ачылды. Андан соң бат эле областтык театр статусу берилип, Барпы Алыкулов деген наам ыйгарылды. Ошол жылдан бери Барпы атындагы драма театрында эмгектенип келе жатам.

-Эсте калган образдарыңыздан бөлүшө кетсеңиз?

-Актёрдук жолум “чу” дегенде эле күчтүү образдар менен башталды.
Шекспирдин Король Лиринде куудулдун образы. Бул дипломдук ишим болду. Ал эми Ысык-Көл областтык театрында “Чинчирака” спектаклинде коркок, бошоң Ханзада Нодарды ойносом, ал эми Жалил Садыковдун “Өлүп тирилгендер” спектаклинде Баатыр жигиттин образын жараттым. Бишкекте Жаш өспүрүмдөр театрында Мар Байжиевдин “Окуя” спектаклинде Темирдин образы, аксак майып жигит ж.б. образдарым менин даана эсимде калган.
2001-жылы Курманбек баатырдын 500 жылдыгына карата коюлган О.Станбековдун “Курманбек” пьесасында Курманбектин образын жараттым. Бул дата Жалал-Абадда республикалык масштабда аябай дүңгүрөп өткөрүлбөдү беле.

-Актердук кесиптен башка дагы кандай иштер менен алектенип келесиз?

-Актёрдуктан сырткары драматургияга кызыгып пьеса да жаздым. Пьесаларым “Ким оорулуу” менен “Мен билбеген булак” өзүбүздүн театрда сахналаштырылып көрүүчүлөргө тартууланды. Куурчак театры үчүн жазылган “Байтерек” аттуу пьесам бейөкмөт уюмдары аркылуу Жалал-Абадда коюлду. Ал эми Ошто болсо Кулбаев Солтобай сахналаштырды. Эми айта берсем аткарган ролдор, жараткан образдар, пьесаларым ого эле көп. Ушул куракка чейин бекер жүрбөдүм да.
2002-жылдан бери режиссёрдук кесипти да аркалап келе жатам. Ондогон драматургдардын пьесаларын сахналаштырдым. Койгон спектаклдеримде өзүмдүн ой чабытым, өзүмдүн стилим, өзүмдүн жаңы ыкмаларым болду десем жаңылышпайм. Бул жаатта бирге иштешкен театрдын башкы сүрөтчүсү Жанаргүл Өмүрзакованын эмгеги да зор.

-Турмушта эмнелерге көбүрөөк көңүл бурасыз?

-Аябай жакшы суроо болду. Бул суроого мен мындайча жооп берейин, сахнада жана турмушта көбүнчө үч бурчтук менен айлампаны көп колдоном. Анткени турмуштун философиясы, көйгөйлөрү ошондой.
Бул ыкма мен койгон А.Оморовдун “Мактым сулуу” пьесасында жана А.Оморов менен К.Шадыбековдун “Балалыгым”, “Калем сыры ” – деп сахналаштырганмын, ушул спектаклдерде өзгөчө байкалат.
“Мактым сулуу” пьесасын коюу менен бирге башкы ролдун катарындагы терс каарман хан Тайшини өзүм аткардым. Пьеса мааниси жагынан дүйнөлүк классика болгон гректердин “Медеясынан” ашып түшөт. “Мактым сулуу” спектаклинде өзгөчөлүк киргизейин дедим. Анткени менде гипноздук жөндөм бар эле.
Бир эпизоддо кыргыз кызы Мактым сулуудан төрөлгөн эгиз балдарын Бек менен Арстанды өргөөлөрүнө киргизип гипноз менен белдерин катырып, далысына жана согончогуна кубиктерди коюп жаткырып салаар элем. Дагы бир эпизоддо Мактым сулууну да ошентер элем. Пьесаны да өзүмдүн оюма салып трактовкалап, эч бир режиссёрдун почеркине окшобогон өзгөчө спектакль болгон. Мактым сулуунун образын Галина Коңурбаева келтире аткарган. Спектаклдин көркү болду го чиркин.

-Жашоодо дегеле турмушта ыйладым, сыркадым, кыйналдым дегендердин ордун толуктабасаңыз керек…

-Албетте турмушта кыйынчылык көп эле болду. Ар бир эмгек кыйынчылык менен жаралат эмеспи. Кыйналдым деп ыйлактай турган адамдардын сортуна кирбесем керек. Бакыт адамдын өз колунда дээр элем. Акыл-эсти тута билүү керек экен. Турмушта ушуга ынандым.

-Кино жаатына өтөйүн деген пландарыңыз барбы?

-Ооба, азыркы тапта кино жаатында иш алып жүргөн убагым, жакынкы кездерде эле балдар темасында “Баёо сезим”, “Периштелер” аттуу эки фильм жараттым. Учурда мектеп окуучуларына коюлуп жатат. Алдыда дагы жазылган кино сценарийлерим, тартыла турган фильмдерим планда турат. Каржы маселеси гана кармап турат.

-Азыркы искусство инсандарынын абалы кандай деп ойлойсуз?

-Кино, опера жана балет, драма искусствосундагы чыныгы кесипкөйлөр ушул тапта аябай каржалып калышты. Мамлекет өзүнүн искусствосуна чындап көңүл бөлө турган мезгил келип жетти. Элестеткиле дүйнө жүзү искусствого көңүл бөлүп, искусствону гана пропагандалай баштаса, анда жер жүзүнө достук жана тынчтык түбөлүк орномок.

Адина ОСОРОВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17