Аймак
Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
Жалал-Абадское областное управление Судебного департамента при Верховном суде Кыргызской Республики объявляет конкурс на следующие вакантные административные государственные должности:
Көк-Жаңгак шаардык мэриясы төмөнкү административдик муниципалдык бош кызмат орундарга СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Сузак районуна караштуу Орток токой чарбасы жаңгак токой аянттарына ижарага берүү боюнча СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
«Кыргызпочтасы» Жалал-Абад филиалы ЭСКЕРТЕТ
К у л а к т а н д ы р у у !
Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагы бош административдик муниципалдык кызмат орундарына СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КООМДУК КАБЫЛДАМА
ЖУМУШКА ЧАКЫРАТ
ЖУМУШКА ЧАКЫРАТ
Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөтүнүн административдик муниципалдык кызматтын бош орунун ээлөө боюнча СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Курманбек айыл өкмөтү бош административдик муниципалдык кызмат ордуна СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагы бош административдик муниципалдык кызмат орундарына СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Курманбек айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча АУКЦИОН ӨТКӨРҮЛӨТ
Ачы токой чарбасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №192 токтомунун негизинде мамлекеттик токой фондусунун жерлери сынактын негизинде ИЖАРАГА БЕРИЛЕТ
Жарыя. Жалал-Абадга «БАРБОЛ» кондитердик фирмалык дүкөнүнө сатуучулар керек
КООМДУК УГУУЛАР
Заявка 14 января, 17:00 часов Добрый день, дорогие коллеги!
Сынак

АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТПӨЙ КАЛГАН МЕКТЕПТИН ТАГДЫРЫ КАНДАЙ БОЛОТ?

АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТПӨЙ КАЛГАН МЕКТЕПТИН ТАГДЫРЫ КАНДАЙ БОЛОТ?

4,477 просмотров всего, 6 просмотров сегодня

Билим берүү жана илим министрлиги ѳткѳн жылдан тартып биринчи жолу 1958 жалпы орто билим берүү уюмдарын аккредитациядан ѳткѳрүп жатат. Анын катарында Жалал-Абад областындагы мектептер 22-майдан 26-майга чейин график боюнча аккредитациядан ѳттү. Орто мектептердин билим сапатына баа берүү максатында ѳтүп жаткан тесттин кѳрсѳткүчү 40%дан жогору болгон мектептер гана лицензия ала алат. Ал эми аккредитациялоодо кѳрсѳтүлгѳн кээ бир базалык кѳрсѳтүүлѳргѳ дал келе албаса, анда мектеп бир жылга деп шарттуу түрдѳ аккредитациядан ѳткѳрүлүшү мүмкүн. Бул учурда мектепке тиешелүү тапшырма берилет жана ал бир жылдан соң кайра аккредитациядан ѳтѳт.

Акылбек ТОКТОСУНОВ, Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун директору: “ОБЛАСТ БОЮНЧА 352 МЕКТЕП АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТӨТ”

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен 2017-2018-окуу жылында Жалал-Абад областындагы 352 жалпы билим берүүчү мектептер аккредитациядан ѳтүүгѳ тийиш. Аккредитациянын негизги максаты катары, мектеп окуучуларынын билим сапатын арттыруу болуп саналат. Быйыл республикада биринчи жолу ѳтүп жатат. Жобого ылайык, ар беш жылда жалпы билим берүүчү мектептер ушул аккредитациядан ѳтүп турушат. Жалал-Абад областында бүгүнкү күндѳ буйрукка жараша мектептердин 6-класстан 11-класска чейинки окуучулардан тест алынып жатат. Булардын бардык классынан эмес, тест алуучулар каалаган эки классын тандап алышат.  Мѳѳнѳтү болсо, 22-майдан 26-майга чейин областтык деңгээлде тест алынып бүтүшү керек. Бул тестирлѳѳнү Билим берүү министрлигинин алдындагы Улуттук тестирлѳѳ борборунун кызматкерлери алууда. Атайын жобого ылайык мектеп окуучуларынын билим сапаты 40%дан тѳмѳн болбошу керек деген талап бар. Анан буга мектептер жакшы даярдык кѳрүп жатышат. Буйруса жыйынтык жакшы болот деп ишенип турабыз. Аккредитация боюнча эч кандай кыйынчылыктар болгон жок. Баары ѳз нугунда кетип жатат.

Мира АКБАРОВА, Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун биология предмети боюнча усулчусу: «МЫНДА БАЛДАРДЫН БИЛИМИ АНЫКТАЛАТ»

Аккредитация түшүнүгү мурун аттестация деп аталып келген. Аттецтацияда азыркыдай эле талап коюлчу. Анын жыйынтыгында “Мектеп аттестациядан ѳттү, ишмердүүлүгү бааланды, канааттандырарлык же канааттандырарлык эмес” – деген чечим чыгарылчу. Ал эми аккредитация түшүнүгүндѳ “Мектептин ишмердүүлүгү сапаттуу билим берүүгѳ татыктуу (же болбосо татыктуу эмес), кийинки беш жылдыкка ишмердүүлүгүн улантууга мүмкүнчүлүк берет” дегенди туюндурат. Аккредитациялык талапта эң негизги маселе – балдардын билим сапатынын кандай деңгээлде экенин аныктоо болуп саналат. Жалал-Абад областындагы аккредитация 22-майда Сузак районундагы 95 жалпы билим берүүчү мектептерден тест алуу менен башталды. Атайын графикке ылайык 23-майда Базар-Коргон жана Чаткал райондорундагы мектептерден алынды. 24-майда Жалал-Абад, Таш-Кѳмүр, Майлуу-Суу шаарларында, Ноокен районунда өттү. Ал эми 25-май акыркы коңгуроо майрамы болгондугуна байланыштуу 26-май Аксы, Ала-Бука райондорунда ѳтѳт.

Айдыңкан УЗАКОВА, №20 М.Маткаримов мектебинин окуу бѳлүмүнүн башчысы: “ОКУУЧУЛАРДЫН ОКУУГА БОЛГОН МАМИЛЕСИ БИР ТОП ЖОГОРУЛАДЫ”

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ѳлкѳбүздѳгү жалпы билим берүүчү мектептерде окуучулардын билим деңгээлинин аныктоо үчүн аккредитация башталып, алардын катарында Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл ѳкмѳтүндѳгү №20 М.Маткеримов мектебинин эмгек жамааты дагы бул ишке жоопкерчилик менен мамиле кылдык. Бизден тест администратору 8-класс менен 10-классты тандап алды. Тестке берилген убакыт бүткѳндѳн соң окуучуларыбыздан сурасак, айрыкча 10-класстан районго Улуттук тестирлѳѳгѳ барып жүргѳн окуучуларыбыз “Сузакта ѳткѳн тестирлѳѳнүн тартибиндей экен, ошондогудай бланкаларды толтурдук” деген сѳздѳрдү айтышты. Биз мындан тыянак чыгарып, ошондой тестирлѳѳлѳргѳ окуучуларыбызды дайыма катыштырып турушубуз керек экен деп ойлоп калдык. Себеби балдар ал жерде машыгып, кѳздѳрү каныгып, үйрѳнүшѳт экен. Негизи бул тесттеги суроолор стандарттык окуу программаларына дал келип, балдар окуган материалдардан түзүлгѳн Улуттук тестирлѳѳнүн тапшырмаларынан экен. Бул аккредитациядан ѳтүүдѳ мугалимдердин сабакка болгон жоопкерчиликтерин, окуучулардын окууга болгон мамилеси бир топ жогорулады десем болот. Мындан кийин мектеп жамаатындагы ар бир мүчѳ ѳз ишине кылдат жоопкерчилик менен мамиле жасап калат деп ишенем.

Ширин АКБАРОВА, 10-класстын окуучусу: “ТЕСТТИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖАКШЫ БОЛОТ ДЕП ҮМҮТ КЫЛЫП ЖАТАБЫЗ”

22-май күнү бир агай келип, үч предмет боюнча тест алды. Биз негизи эки класспыз, ошол эки класстан каалаган 30 окуучуну тандап алды. Кыргыз тили менен математика милдеттүү түрдѳ тапшырылат экен. Бир тандоо предметке биз тарыхты сабагын тандап алдык. Кыргыз тили менен тарыхтан 25тен суроо, ал эми математикадан 30 суроо эки вариант менен берилди. Мугалимдерибиздин бири да жардам берүүгѳ кире алган жок. Ѳз күчүбүз менен билген билимибизди айкалыштырып, мектебибизди уят кылбагыдай жакшы эле аракет кылып белгиледик. Тесттеги суроолор 10-класста ѳткѳн темаларыбыздан эле келди. Кыйынчылык болгону биздин бир нече классташтарыбыз тестти аткарууда жооп баракчасын толтуруп жатып, кемчиликтерди кетирип жатканы болду.Буйруса тестибиздин жыйынтыгы жакшы болот деп үмүт кылып жатабыз.

Айдай АРАПБАЕВА, Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгынын усулдук каанасынын башчысы: “МУГАЛИМДИН БЕРГЕН БИЛИМИ АККРЕДИТАЦИЯ ЖОЛУ МЕНЕН БААЛАНАТ”

Жалал-Абад областтындагы жалпы билим берүүчү мектептерде окуучулардын билим берүү деңгээлин аныктоо максатында ѳтүп жаткан аккредитациянын графиги боюнча 24-май күнү Жалал-Абад шаарындагы мектептерте тестирлѳѳ жүрдү. Шаарыбызда 14 мектеп ѳздѳрүнүн портфолиолорун даярдашкан жана январь айында министрликке тапшырышкан. Мектептерде тест менен мурун деле иштеп жүрүшкѳн. Бул аларга тааныш кѳрүнүш. Негизи ар бир мектеп  мындай аккредитациядан ѳтүү керек. Билим сапатын кѳтѳрүү максатында болуп жаткан иш аракет десек болот. Ар бир мугалимдин эмгеги, окуучуларга берген билими аккредитация жолу менен бааланат. Бул аккредитацияга мектеп жамааты окуу жылынын башынан эле даярданып келе жатышат. Мектепте тесттин жыйынтыгы 40% кѳрсѳткүчтѳн жогору болсо гана мектепке лицензия берилет. Ал эми бул кѳрсѳткүчкѳ жетпей калган мектептерге дагы ѳздѳрүнүн жобосунда жазылган критерийлерине жараша чара кѳрүлѳт.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

 

 

Автор

Архив

ПнВтСрЧтПтСбВс
    123
45678910
25262728293031
       
    123
45678910
25262728   
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
      1
16171819202122
3031     
    123
45678910
11121314151617
       
 123456
78910111213
28293031   
       
      1
30      
   1234
567891011
       
   1234
567891011
262728    
       
1234567
293031    
       
    123
45678910
       
  12345
27282930   
       
      1
3031     
    123
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
  12345
6789101112
2728     
       
      1
3031     
   1234
       
282930    
       
     12
31      
   1234
12131415161718
       
1234567
891011121314
15161718192021
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
1234567
15161718192021
22232425262728
29      
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
31      
  12345
13141516171819
2728293031  
       
15161718192021
22232425262728
2930     
       
    123
18192021222324
       
  12345
6789101112
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
      1
232425262728 
       
   1234
       
293031    
       
     12
       
  12345
       
2930     
       
    123
       
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
30      
   1234
       
78910111213
14151617181920
282930    
       
     12
31      
     12
2425262728  
       
  12345
       
      1
23242526272829
3031     
    123
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17