Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
7,197 Бардыгы / Адамдын жашап өткөн жолу анын жасаган эмгеги менен бааланат. Өмүрүнүн кырк жылдан ашуун мезгилин асыл агартуучулук мугалимдик кесибине арнаган Нурмамат Жумабаев балдарды спорт жаатында тарбиялап, биринчи байлык ден соолук экендигин жана анын өзөгүн спорт, дени сак жашоо түзөөрүн белгилеп келет. Ал 1953-жылы 20-январда Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1970-жылы мектепти […]
7,198 Бардыгы / Адамдын жашап өткөн жолу анын жасаган эмгеги менен бааланат. Өмүрүнүн кырк жылдан ашуун мезгилин асыл агартуучулук мугалимдик кесибине арнаган Нурмамат Жумабаев балдарды спорт жаатында тарбиялап, биринчи байлык ден соолук экендигин жана анын өзөгүн спорт, дени сак жашоо түзөөрүн белгилеп келет. Ал 1953-жылы 20-январда Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1970-жылы мектепти […]
КЕСИБИН СҮЙГӨН МУГАЛИМ
31.08.2018 / Автор aymak7,199 Бардыгы /
Адамдын жашап өткөн жолу анын жасаган эмгеги менен бааланат. Өмүрүнүн кырк жылдан ашуун мезгилин асыл агартуучулук мугалимдик кесибине арнаган Нурмамат Жумабаев балдарды спорт жаатында тарбиялап, биринчи байлык ден соолук экендигин жана анын өзөгүн спорт, дени сак жашоо түзөөрүн белгилеп келет.
Ал 1953-жылы 20-январда Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1970-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, 1974-жылы Өзбек Республикасынын Чуст педагогикалык окуу жайына тапшырып, 1974-жылы дене тарбия адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгектин чыйыр жолун 1974-жылы Көк-Таш негизги мектебинде дене тарбия мугалими болуп иштөө менен баштаган. 1978-жылдан баштап 1990-жылга чейин Чоң-Сай башталгыч мектебинде директор болуп иштеген. 1991-жылдан ушул күнгө чейин А.Жумабаев атындагы орто мектебинде дене тарбия мугалими болуп үзүрлүү эмгектенип келе жатат.
-Доор өтүп мезгил алмашкан сайын улам кийинки муун мурункусун кайталабай калат экен. Союз мезгилинде жаштар башкача болчу, окуу дегенде ичкен ашын жерге коё салып, ар бир сабакка өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле жасашчу. Спорт сабагында тартип, форма биринчи орунда эле. Сабак өтүү бир топ жеңил болчу, ар бир берилген тапшырманы окуучулар кунт коюп угушуп, аткарууга бар күчүн жумшар эле, дейт балдар менен иштешүүдө тажрыйбасы мол окутуучу. Азыркы ааламдашкан техника заманында окууну экинчи орунга коюп койгон жаштарды мисал айтуу менен эки доордун жаштарын салыштырып өттү. – Мен жаңы иштеп баштаганымда жакшы баа алуу үчүн аракет кылышчу. Азыр заман башка, жаштардын ой кыялы башка нукта бараткандай. Бирок өнүгүү жок эмес бар, кудайга шүгүр. Мен жаштарга каалайт элем окуудан эч качан талбагыла, анткени окуу менен гана инсан жашоодон өз ордун таба алат. Ал эми спорт адамдын жашоосунда түбөлүк бирге жүрүүчү сабагы болуш керек деп кошумчалады.
Спорт тарыхы адамзаттын жаралуусу менен мезгилдеш. Буга чейин эле адамдар кыймыл менен денесин чыңдап, дени сак жашоо образын түзүп келишкен. Мына ушундай пайдалуу билимди үйрөтүп, ардактуу болгон мугалимдик кесипти аркалап келе жаткан агайыбыз Нурмамат Жумабаев бүгүнкү күндө өзү туулуп өскөн айылында Ардактуу атуул, Билим жана илим профсоюздук кыймылынын отличниги, андан тышкары райондук билим берүүнүн, райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкеринин профсоюзунун Жалал-Абад облусттук Ардак грамотасы жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” медалы менен сыйланган. Агайдын талыкпаган эмгеги, балдарды окутуудагы өзгөчө усулу бир гана кесиптештери жана окуучулары тарабынан бааланып калбай республикалык деңгээлде оозго алынып өз ишинин чыныгы жоопкерчиликтүү устаты экендигин айгинелеп турат десек болот. Буга жогоруда алган сыйлыктары дагы далил.
Азыркы күндө 4 уул, 2 кыздын сүйүктүү атасы, жубайы Гүлипа Жумабаева менен 12 неберенин бал тилине бөлөнүп жашап жаткан мезгили.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
-
28.04.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” СЫНАГЫ ӨТТҮ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg “ӨЛБӨС ПОЛК” ЖҮРҮШҮ ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.