Аймак

Нурдин кандай адам эле?..

 5,215 Бардыгы /

Нурдин кандай адам эле?…

Нурдин  кандай  адам эле?.. Күтүүсүздөн катуу оорудан 55 жашында көзү өтүп кеткен Маркум Нурдин Исактын үй-бүлөсү жана анын санаалаштары, жоро-жолдоштору унута албай эскерип, элесине таазим кылып келет. Журналист Элиза Акжолтоева Нурдин Исаковдун үйүнө барып короосуна көңүл бурганда ал инсандын багбанчыл жана бак отургузганды абдан жакшы көргөнүн жубайы Мунара Исакова айтып жатты.

-Бул киши багбанчыл инсан эле. «Артында из калсын десең бак тик жана бала калтыр» деген сөздү көп айтчу. Өзү туулуп өскөн Өзгөн районүнүн Ири-Суу айылында 10 га чакырым жерге бак-дарак тигип, карасаң, андан кийин мөмөсүн жесең кандай гана ырахат- деп айтаар эле…
Үйүнүн босогосун аттаар замат агайдын үстөл толо сыйлыктарын, китептерин жана мактоо баракчаларына көзүм түштү. Мындай ийгиликтердин жаралуусуна жубайы Мунара Исакованын оорду чоң, сыйлуу чай үстүндө эжени кепке тартып мени экөөнүн сүйүүсү кызыктырды.
Биз Нурдин экөөбүз 82-жылы таанышканбыз. Анда ал киши КТРК Ош облусу боюнча өздүк кабарчысы болчу. Ошол кездерде экөөбүз таанышып калып, тааныш катары гана жүргөнбүз. Мен окуүнү 83-жылы бүтүп келип Ошто «Ленин жолу» гезитине жумушка кирип калдым. Ошондон экөөбүз суйлошуп жүрүп 84-жылы ноябрь айында баш коштук. Экөөбүз тең чыгармачыл инсан болгондуктан мен «Ленин жолу» гезитинде, жолдошум радиодо башкы редактор болуп иштеп жүрдүк. Эл катары турмуш куруп 2 уул, 2кыздуу болдук. 30 жыл өмүр сүрдүк. Үй-бүлөдө татыктуу баласак ата эле, жумушунда чыгаан журналист, акын эле, камкор ата, камкор тайата, камкор чоң ата эле. Узакка созулган оорудан кийин 55 жашында Нурдинден айрылып калдык.

Журналисттин кесибин колдоо…

Нурдин  кандай  адам эле?..Союз маалында иштеп калдык, ал маалда жумушу оор болчу, командировкалары да көп болчу. Бир жумада 2-3 күн командировкалап кетчү, мен болсо балдарым менен олтурчумун. Ал маалда аппаратуралар да өтө оор болчу. Оордугуна карабастан мойнуна артып, барбаган жери болбосо керек, кайсыл жерде жаңылык болсо биринчи барууга аракет жасайт эле. Өмүрүнүн баарын ишке арнап эл үчүн кызмат кылчу. Элдин көйгөйлүү маселелерин чагылдырып, 40 жылга жакын теледе жана радиодо иштеп жүрдү.

Көз карандысыз «Эркин Ала-Тоо» ТВ

Ал маалда кырдаал өтө оор болчу. Кыргызстанда эң алгачкы жолу эркин телестудия ачкан киши Нурдин болсо керек. Анткени аябай чоң бут тосуулар болуп, чоңдордун каршылыгы менен кийин жабылып калган. Оппозициялык-критикалык материалдарды көп бергенге байланыштуу акырында жаап салды.
Нурдиндин өзүнүн «Ой арт» деген китеби чыкты, бир китебин да басмага даярдап койгонбуз, эми чыгаруу алдында турабыз. Чыгармачылыгын дайым колдочумун. Кандай гана көрсөтүү жаратпасын мени менен кеңешээр эле, биринчи мага окуп берчү. Эфирге чыгаарда да биринчи режиссёр мен болчумун. Карап кандай «Кемпир мага көз салып кой»- деп анан эфирге чыкчу.

Балдары жөнүндө

Балдарына да эң жакшы тарбия берди. Эң улуубуз Манэл 85-жылкы, бир уулу бар. Кесиби-юрист. Экинчи кызыбыз Элнура ал банк кызматкери 3 баласы бар. Кийинки кызымдын 2 баласы бар. Кичине уулубуз Кубаныч. Чыгармачылыгын ушул неберелерибизден күтүп олтурабыз. Балдарынан атасын жолдогон эч ким чыккан жок.

Нурдин  кандай  адам эле?.. Кошуна досу – Шамырбек Эрмекбаев

Биз мурун көп кабатту үйдө жашайт элек, ошондо үйгө конокко чакырып калсак айтат эле: «Мен Индийский кинодогудай үй салам»-деп. Кийин жаңы жер там салганда келгенибизде чынында ошондой үй салыптыр. Мен башка жерге үй салып жатканмын. Анан Нурдин акемин жанындагы чек сатылат деп калганда мен ошол чекти алдым. Ошондо акем аябай сүйүндү эле «биз түбөлүктүү кошуна болот экенбиз»-деп. Ошентип жер там салганда да коңшу болуп жашап калдык. Үй салганда да базарга чогуу барып, усталар менен тамашалашып эч зериктирбейт эле.
Бир окуясы эсиме келип кетти: «Усталар артамыра керек деп Нурдин акеге айтат, базарга барып 80 сомго алып, таксиге канчага алып барасын десе, 150 сомго»-деген окшойт. Анда жүгүнөн эшеги кымбатпы, деп тамаш ирээтинде сөз айтып коёт. Бир маалда айдоочу экөө жакалаша кетти, акем болсо аппак кийинип алган, базарда бир топко чейин тартышып акыры 150 сомго алып барасыңбы алып бар»- деп келген үйгө. Ошондой окуяларын бизге кызыктуу, тамаша ирээтинде айтып берчү.
Нурдин акенин кылык-жоругун айтып түгөтө албайсын. Жашоодо оптимист киши эле. Дайым өзүн шаңдуу алып жүргөн, жада калса көчөдөн -түп бара жатканда кичине балдарды да күлдүртүп өтчү. Өзбек коңшубуз бар ал да айтып Нурдин акенин жоктугу билинип жатат, анткени көчө жымжырт деп. Чыгармачылыгында эл билбеген, эл укпаган нерселерди алып чыгат эле. Жашоодо байкоочу сезимтал инсан эле. Балдарын өзүнүн жүрүм-турумун менен гана тарбиялайт болчу. Атайлап марал окуганын көргөн эмесмин. Ар дайым жубайы экөө ээрчишип, ойдо болобу, тойдо болобу эриш-аркак жүрүшчү.

Тамашаларынан

Бир досу телефон чалат экен: «Аяш алтын базарда иштейт экен, кантип тапсам болот алтын алайын дедим эле»-деп сурайт. Анда Нурдин аке : «Ой бара бер алтын базарга, олтургандардан эң сулуусу менин аялым, жарк этип алдыңа чыгат, ошол менин аялым, ошондон барып ала бересин»- деп айткан экен.
Чогуу дастаркон үстүндө олтурганда да баарыбыз сүйлөп, сүйлөп туруп кетип калчубуз. Нурдин аке болсо баарын олтуруп жазып бир жерге кыстарып койчу. Мен жакын кошунасы болгондуктан бирге иштеген эмгек жамаатын үйгө коноктодум, ошондо да Бейшенбек Бекешов айтат: «Ушул жигиттин эч бир бирөөнү жамандап же арызданганын байкабаптырмын ушунча жыл бирге иштешип»-деп жакшы сөздөрдү айтып олтурду. Бирок көңүлүнө жакпаган саясатчынын же кызматкерлерди ачык айтчу: «Бул болбогон кадр» же «болбогон саясатчы» деп. Коомдогу көрүнүшкө катуу сар-санаа болоор эле

Чыгармачылыктан

Өзүнөн чоң кишилерди көп урушаар эле эч бир чыгармачылыгыңарды өстүрбөйсүңөр-деп. Көрсө жаш өткөн сайын идеялар, фантазиялар азайып кетип жатат, мен өзүмдөн улуу кишилерди бекеринен урушчу экенмин. Көрсө карыган сайын шайың кетет турбайбы-деп кейичү. Көрсө ошол убактарда ооруп жүрчү экен. Даярдаган көрсөтүүлөрүндө, уктурууларында маалыматтын маңызын гана айтчу, көп сүйлөбөстөн, угуп олтуруп көп маалымат алат элек.
Акыркы ооруп жаткан мезгилде «баарын үйлөп-жайлап балдардын убайын көрөйүн дегенде кетип калат окшоймун»- деп айтты эле.

Кызы Элнура

Элнура Исакова- маркум Н.Исактын кызы. 26 жашта 4 баланын энеси.
Атам неберелерин жакшы көрчү, көбүнчө: «балдарга катуу тийбе, жакшы тарбия бер, окуусунда көп кыйнаба»-деп айтчу. Үй-бүлөдө да түшүнүктүү, мээримдүү ата эле. Эч качан катуу тийип, катуу урушпайт болчу. Сөз менен гана түшүндүрүп койчу. Мектепте чыгаар замат атабыздын жумушуна барат элек. Неберелерин абдан жакшы көрчү. Дайым жанында алып жүрчү. Неберелери менен жаш баладай болуп алар менен тең ойночу.

Шахмат

Маалымат үчүн: Нурдин Исаков Шахмат федерациясын 1999-2001-жылга чейин жетектеген.

Атам шахмат ойноп шахмат федерациясынын президенти болуп жүргөндө, мен да шахматка кызыгып Дайыр Маматович, Алима эжекелерден көрүп, алардан сабак алып, турнирлерге катышканмын. Шахмат боюнча көптөгөн байгелүү орундарды ээледим. Атамдын жолун жолдоюн деп журналист болгум келчү. Бирок атам «кыз үчүн журналист болуу оор»-деп мени экономика тармагына окуткан. Себеби бул кесипти аркалап, үй-бүлө менен тең алып кетүү кыйын»-деп мени ал тармакка окуткан эмес.


Тунгуч уулу- Манэл

Манел Исаков- маркум Нурдин Исактын тунгуч уулу.
Атамдын эң жакшы жагы жөнөкөй болчу. Бирөөгө катуу сүйлөбөгөн, көңүлүн оорутпаган инсан эле. Бизди да кичинекейибизде эки уулуна башка тарбия берчү, эки кызына башка тарбия берчү. Олтургузуп алып жат жазуу жаздырчу. Кимибиз катасыз, туура жазсак 50сом берчү. Ал маалда акча күчтүү эле. Сүйүнүп алып катасыз, туура жазууга аракет жасачубуз. Кичине карындашым Эльнура экөөбүздү шахмат ойнотчу. Ким утса белек берем деп.
Жаратылыштын койнунда эс алуүнү жактырчу
Эрте жазда биз сөзсүз Отуз-Адырда кызгалдак көп чыгат, ошол жерде эс алчубуз. Атам жаратылыштын койнунда эс алганды жактырчу. Жаратылышты сүйгөн инсан эле. Балдарын гана эс алдыртпастан кошуналардын, туугандардын балдарын баарын алып барчу. Ушунчалык балага жакын болчу.
Үч майрамды бир белгилечү
Небереси Исаков Данел Манелович 7-ноябрь күнүндө төрөлгөн.
Мен келинчегим экөөбүз Москвада иштечүбүз. Атамдын туулган күнү да 7-ноябрь болчу. Куттуктайын деп эми чалайын десем келинчегим төрөт үйүнө алып бар мени деп калды. Бир маалда барып эле 1сааттан кийин төрөдү. Өзү атам эки майрамды майрамдачу, туулган күнүн жана журналисттердин майрамын бегилечү. Анан медайымдар чыгып айтып калды: «У вас сын родился»- деп. Балам Москвада 1000-болуп төрөлүптүр. Келинчегиме мактоо баракчасын беришти, куттуктап. Биринчи уулум болгондуктан сүйүнүп Кыргызстанга атама чалдым. Эми туулган күнү менен куттуктап коёюн деп. Атама чалсам албайт. Анан апама чалдым. Кайра анан атама чалдым. Атама «Бүгүн неберелүү болдуңуз»-десем трубканы коюп шапкасын алып: «Урраа, ур-раа»-деген гана үндөр угулуп жатты.
Биз Кыргызстанга келгенде да эми мен 3 майрам белгилеймин деп кубанчу. Жумуштан келээр менен чечинбестен эки неберелерине ат болуп ойночу. Апам урушчу, көйнөктөрүн да чечпестен галстукчан балдарын ойнотчу. Неберелерин жанындай көрчү. Баладан небере ширин экен деп айтчу. Мисалы, атам ЭлТРде иштеп жүргөндө мен олтурган жумуш бөлмөсүн билчү эмесмин. А неберелери билчү. Олтуруштарда олтурганда да аябай шаңдуу олтурчу. «Ыр кесе» уюштура коюп, тамашаларды айтып.

-Атаныздын кайсы өнөрү бар сизде?

-Атамдын достору айтышат чукугандай сөз табасын деп. Өзүм да илхом келгенде ыр жазып каламын. Ушундай ата болгонума абдан сыймыктанамын. Ушул сөзду көп айтчу наркотик менен уурулуктан алыс болгула деп. Быйыл 55 жашка толмок, өзу айтаар эле «эки 5» быйыл 55ке толомун деп. Аттиң жакшы максаттар бар эле жетпей калды.

Кечээ эле Нурдин агайыбыздын үнү радиодон жаңырып жатты эле. Бүгүн ал жок. Шум ажал арабыздан аны 55 жашында алып кетти. Узак ооруду. Кыйналды, түйшөлдү. Бирок бизге, кесиптештерине аны билдирген жок. Оорубагандай, мурдагыда кандай болсо ошол калыбында жүрдү. Бирок дарт дарт да. Аны акыры ооруканадан ооруканага жатууга мажбурлап, алып тынды. Арабыздан чыгармачылык үчүн күйүп бышкан адам кетти ажалга арбалып. Ал колуна калем кармап жазса-эң биринчи кыска, философияга жуурулуштуруп, таттуу, жугумдуу болуусуна аракет кылучу. Биз аны билебиз, бирок андай кылып жаза албаган формада кагазга ой түшүрчү. Угуучу болобу, көрүүчү болобу, окуучу болобу ал даярдаган макалага сүңгүп кирип кетчүдөй деңгээлде сунушталчу. «Акылмандыктын сырлары» же «Радио эссеси» өзүнчө бир чоң чыгарма эле.

Нурдин  кандай  адам эле?.. Жан курбум, эми жакшы жат

Нурдин Исаков- 1958-жылы 7-ноябрда төрөлгөн. Быйыл бүгүн 56 жашка толмок. 2 уул 2 кыздын атасы.
Нурдин Орозбаевич адам баасын жогору баалай билген, жөнөкөй, кең пейил, уюштуруучу инсан эле. Ар бир уктуруу же материалды ийине жеткире даярдоочу. Уюштургуч жетекчи болчу –дейт «Эл ФМ» радиосунун жеткчиси Таштемир Жалиев.
Таштемир Раимжанович Жалиев- кесиптеши, шакирти

-Нурдин Исаков менен мен журналист болуп райондук гезитте «Эмгек майданы»- гезитинде Кара-Суу районунда 92-жылга чейин иштедим. Анда билебиз азыркы ЭлТР студиясында Ош студиясы бар болчу. Ошонун радиосуна эмгектенгени келдим 92-жылы 1-августтан жумушка кирдим. Токтогул Кенжеев деген КР маданиятына эмгеги сиңирген ишмер, башкы редактордун жетекчиси болгон. Жамаатта Нурдин Исаков бар эле экөөбүздун 3-4 жаш гана айырмабыз болбосо бир муун элек. Андан башкалары бизден улуу. Эң кичинекейи мен, менден улуусу Нурдин Исаков болчу. Бизди жумуш жана бири-бирибизге болгон мамиле жакындатты. Буга чейин мен Нурдин Исаковду чыгармачыл инсан катар , гезит басылмаларынын катарында чукугандай ой тапкан, салмактуу орошон ойлорго бай, чыгармачыл калемгер экенин билчүмүн да.
Жаңыдан келгенде тажрыйба алышың керек. Мага устат болуп мен шакирти болдум. Күндөлүк уктуруулардан сырткары Ош радиосунда жекшемби күнү «Ош кайрыктары» деген бир сааттык уктуруубуздан мурда КТРдин радиосунан кетчү. Ошол биринчи каналдан Нурдин Исаков даярдоочу андан кийин мага да өтүп калды, экөөбүз алмак-салмак бир жума мен, андан кийин ал даярдап чыгарчубуз. Бул чоң жоопкерчилик андан кийин “Ош кайрыктарында” саясат-экономикалык темада эмес, бул баягы көркөм маданий музыкалык программа болчу. Чыгармачыл инсандарды күлкү багытында чыгармачылды даңазалан уктуруу болчу. Ошентип башынан эле Нурдин Исаков менен «Ош кайрыктарын» даярдоого кадам таштадым. Ал инсандан тажрыйба алдым, ини да болдум. Ага-ини болуп иштешип жүрдүк. 3 жылдан кийин Нурдин Исаков «Эркин Ала-Тоо» деген ТВ көз карандысыз Кыргызстандын негиздөөчүсү, түптөөчүсү болгон да. Ошол жылдары бийликке ачык сын айткан инсандарды мамлекеттик телерадиого жакындатпай, үнүн да угузбай ошондой инсандар «Эркин Ала-Тоого» барчуу да. Ачык ой-пикир айтуучу, бийликке сын айтуучу, азыркы биз эмнени айтсак кеңири жазып жатабыз ошол ойду берчү. Айкындуулук, сөз эркиндиги ушул «Эркин Ала-Тоодо» бар болчу. Бизде деле бар болчу, бирок биз анчалык эркин бере алчу эмеспиз. Ошол «Эркин Ала-Тоо» көз карандысыз ТВ жөнгө салган ушул Нуке болду.
Анын автордук программалары «Закым», «Теле эссе», «Шахмат талаасы» жакшы ой табылга менен, жаңыча көз караш менен шоу десе да болот. Мисалы, «Шахмат талаасында» бир гана шахмат оюну менен гана эмес, ошонун ичинде саясат, күлкү, учурдагы өлкөнүн абалына да саресеп да салынчу. Бир эле шахмат оюну менен көп нерсени алып чыккан көрсөтүү болду. Автордук көрсөтүүлөрдүн жетекчиси да болуп эмгектенди.
2010-жылы Ош окуясы болуп, революция болуп ЭлТР ТРКнын башкы директорунүн орун басары болуп, ушул жерде жооптуу кызматты аркалады.
2011-жылы мен бул жерге келдим ошондо Нурдин Исаков «Эл-ФМдин» түптөлүшүнө чоң салым кошуп, өзү жетектеп келе жаткан экен. Анан мени жаңылыктар тобун жетектеп бер- деп сунуш айтты.

Уюштуруучулугу, жөндөмү

Эмнеси менен баалайбыз адамдын кадырын билген, көңүлдү оорутпаган, чыгармачылыкка жөнөкөйлүк, оорду-оорду менен түшүндүрө билген, кек сактабаган, ачуусу келгенде да тез тарап көкүрөгүндө калтырчу эмес. 10го жетпеген кызматкер болсок да биргеликте иштөөгө, ой-пикирди бир гана жыйындарда эмес, биргеликте чай ичип, чай үстүндө талкуулачубуз.
Бизде иштеген студент кыздарга акчасы жок болсо чөнтөгүнөн сууруганда эле 500-1000сом чыкса берип иштетип тур деп. Жетпесе дагы беремин деп. Моралдык колдоосу, материалдык колдоосу анын кең пейилдигин адамдын турмушун анын көзүнөн билип жардамга келгени ошондон билинип турчу. Жөнөкөй нерсени чоң кылып кагазга түшүрө билчу. Жатык тил менен, философиялык тил менен кагазга түшүрүп оюн бере алган инсан эле. Радиодо кулактандырууларга, диктордун сөздөрүнө ушунчалык орошон ойлорун кагазга түшүрүп алдыбызга таштап койчу.

Эскерүү

Ал биздин милдетибиз жана көзү өткөндө биз 2күн жалпы аза күткөн күн болду. Эскерүү үчүн атайын программаларды даярдадык, уктурууларды даярдадык. Бизде радиодо «Акылмандыктын сырлары» деген уктурууларды кез-кези менен жаңыртып жаттык. Ар бир 2 саат сайын өз үнү менен даярдалган көрсөтүүлөрдү жана уктурууларды беребиз. 7-ноябрь «Басма сөз»күнү, «Улуу Октябрь революциясынын» күнү жана Нурдин Исаковдун туулган күнү. 8-декабрь кесиптик майрам ошондой эле 7-май радио күнүнө карата Нурдин Исаковдун чыгармаларын тартуулап турабыз. Анын жарык көрбөгөн ырлары бар, эсселери бар ошолорду топтоштуруп, өзүм дагы жыйнак чыгарсамбы деген ойлорум бар.


Элиза Акжолтоева, “Аймак”,ОШ

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17