Аймак

“АТАГЫН КӨРЧҮ ТАРЫХТАН, АСЫЛ ЖАН ЭЛЕҢ ДААНЫШМАН”

“АТАГЫН КӨРЧҮ ТАРЫХТАН, АСЫЛ ЖАН ЭЛЕҢ ДААНЫШМАН”

 11,999 Бардыгы /

Кыргыздын залкар уулу, дүйнөгө таанымал белгилүү жазуучу, коомдук ишмер Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган кече

Кыргыздын залкар уулу, дүйнөгө таанымал белгилүү жазуучу, коомдук ишмер Чынгыз Айтматовдун  90 жылдыгына арналган кечээнин сценарийи

Залкар деген ажайып ой тараткан,

Саламаттуулук, сымбаттуулук жарашкан.

Анык асыл, анык айкөл мүнөзүн,

Алган элен баатыр бабан Манастан.

Эр жеткенде эмгегинди баштадык,

Элге жакты сенин ар бир жазганын.

Бир тепкичтен бир тепкичке өйдөлөп,

Бүт ээледи адабият асманын.

 Кыргыздын залкар уулу, дүйнөгө таанымал белгилүү жазуучусу, коомдук ишмер Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган

            “Атагын көрчү тарыхтан,

           Асыл жан элең даанышман”  

аттуу кечесин  ачып берүү үчүн сөздү бакчабыздын башчысы  Көчөрова Айсара Рыскуловнага берсек:

   Саламатсыздарбы бүгүнкү биздин мектепке чейинки билим берүү уюмунун меймандары куш келипсиздер . 2018-жылы залкар жазуучу  Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгы улуттун жана эл аралык дээнгелде белгиленип жатат. Дүйнөлүк атагы бар Кыргыз элин дүйнөгө тааныткан кыргыздын данктуу уулунун 90 жылдыгын бир эле кыргыз эли эмес дүйнө жүзү белгилеп жаткан мезгилде биздин мектепке чейинки билим берүү уюмунда да Ч.Айтматовду эскерүү кечесинбакчаынын тарбиялануучулары , педогогикалык жаамат белгилеп жатабыз.  Чынгыз Айтматовдун чыгармаларындагы адамзаттын бейкут келечегин камсыз кылуучу бир туугандык , достук . ынтымактык сыяктуу  ыймандуулукту биринчи орунга алып чыгып терен философиялык маанидеги проблеманы көтөрүп аны өзгөчө  ык менен чагылдыруу үчүн социалдык психологиялык жана фонетикалык кылдын ширөөсүнөн бүткөн көрун жөөлөтүн жаратып Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы 100да 1000 жылдыгы Ч.Айтамтовдун кылымдар бою окуп үйрөнүп урпактарыбыз аланып таалым тарбия ала бермекчибиз. кыргыз эли менен Ч.Айтматов ар дайым бирге жашай берет.

Асыл дөөлөт.

Көнөрбөс көнүлүнөн алып жазды,

Дүйнөгө нурун чачып жанып жазды.

Көр чыгарма көгөрткөн калем сабын,

Кыргыздын тарыхына малып жазды.

  Заманыбыздын залкар жазуучусу  Ч.Айтамтовдун ой чабыты кенири , келечекти алдын ала көрө билген, философ , даанышман адам эле . Чынгыз Айтматов жана анын чыгармалары дүйнөлүк асыл наркка айланды . Жазуучунун чыгармалары көзү тирүү кезинде эле 127 өлкөгө , 176 тилге которулган. Ошон үчүн биз Ч.Айтамтовду кыргыз элинин сыймыгы деп айтабыз.Даанышман жазуучунун көзү өтсө да анын чыгармалары кыргыз казынасында мурас  болуп сакталып , элеси көз алдыбызда жашай берет.

   Ырлар :

Сайрайт бир куш,

Чынгыз, Чынгыз, Чынгыз деп.

кен дархандуу тааласында казактын,

Найман эне бактысыздык чымаган,

Күйүп  жанат тааласында азаптын.

 

Эне бөрү улуйт издеп өзүндү,

Эне бугу күтөп улуу тоолорду.

90 жашка чыкмак дешет шолоктоп ,

Чынгызымдын көзү тирүү болгондо.

 

Жер энеге таарынгандай түр берип,

Толгонайда батат түркүн ойлорго.

90жашка чыкмак эле деп кийит,

Чынгызымды албай эле койгондо.

 

“Адам үчүн эн кыйыны –күн сайын адам болуу”.

“Сени тааныгандар жашап жатканда сен тирүүсүн”.

 Чынгыз ата таш жартко талантын ,

Чынгыз ата жазуучунун канаты.

Кыргызымдын калеми курч бул улуу,

Күт ааламга сыйбас улуу баласы.

 

Чынгыз кыргыз жаратты,

Кыргызды Чынгы бүт дүйнөгө таратты.

Адамзаттын басып өткөн жолун издеп,

Калем менен жазып кетти тарыхты.

 

Саманчынын жолун салып батышка ,

Сансыз адам сүйүп окуп жатышса.

Толгонайды кимдер баалап барктабайт,

Толгон элдер толкуп баалап жатышса.

 

Чыгармасы чындык сезим арбаган,

Ышкыбоздо таасирленбей калбаган.

Нагыз кыргыз улутунун сыймыгы ,

Гулсараттын дүбтүнөн жазбаган.

 

Ким тааныбайт улуу Чынгыз дегенди ,

Ал жазуучу , ал акылдман эместе.

Багындырып бүт ааламды өзүнө,

Айтып келген адамдарга керээзди.

 

Сиз менен алыс кетти кыргыз данкы.

Бүт дүйнө окуду Кыяматты Жамийланы.

Алгач мугалидер арасында,

Таанылды Дүйшөн агай кыргыздардан.

 

Ааламдын мейкиминде обологон,

Мен билген, дүйнө билген бар бир обон.

Келечек сан эл ырдап калаарлыгын,

 Кезинде кеменгерлер айтып келген.

 

Кыргыздын чыгармасын сүйүп окуп,

Билбеген кыргызымда адам жоктур.

Жаштарга акыл айтып наасат берген,

Карыганда табылбаган Чынгыз доктур.

 

 Чыгырманды бүткүл аалам сүйгөн кандай ,

Тазартып жан дүйнөнү жааган кардай.

Алгачкы билим берген элеттике ,

Эсимден дале чыкбайт Дүйшөн агай.

 

Чынгыз Айтамтовдун атын дүйнөго таныткан жана ага Лениндик сыйлыкты алып берген чыгармаларынын катарында “Биинчи мугалим” повсти да бар.

  “Биринчи мугалим” повестинде Дүйшөндүн өзү анчалык ашып кеткен билимдүү болбосо да Ала-Тоо арасында адамдардын сабаиын  ачуу үчүн, жаштарды окутуу керектигин эски менен күрөшкөн, ревалюциянын ишине чексизберилген комунистик образын ачып берген.

Ай нурун чачып түн жатса,

Жаш гулүн тан жел ыргалтса.

Эр жигит күлкү салбайбы ,

Ээрчишип кыздар баратса

 Кыргыз бийи “Түшүмдө”

 

Сүйүп болбос АТА-Журту сүйгөндөй ,

Сөз да болбос эне тилдин сөзүндөй .

Өмүр болбос арналганда мекенге

Мекен болбос Ата Журттун өзүндөй .

 

Хор: “Теңир уулу Эр Манас”              Кутманова Жийдегүл

Эмгек менен көтөрүлгөн баркыныз,

Дүнгүрөтүп жазуучулук данкыныз.

Окууганда сиз жарткан китепти

Жүрөк ээргип жазылчу эле жаркыбыз.

 

Чынгыз Айтамтовдун чыгармалары кыргыз адабиятын эр аралык дээнгелде көтөрүп, жазуучунун драма жанан опера театрынын сахналарында коюлган . Чыгармалары боюнча тартылган кинофлимдер  эр аралык кинофестивальдардын сыйлыктарына жана байгелерине татыктуу болгон.

   Жазуучунун көптөгөн чыгармаларынын ичинен “Саманчынын жолу” повести да адамдардын жүрөгүнөн орун алган. ”Саманчынын жолу” повести  Улуу Ата-Мекедик жылдарындагы кыргыз элинин тылдагы кыйын , күчүрмөн , баатырдык эмгегин даана сүроттөй. Чыгарманын баш каарманы Толгонайдын элеси аркылуу жазуучу согуштун оор  сыноолорун майышбай көтөргөн крапайым кыргыз аялынын типтүү образын түзгөн.

Танды кечке оюнга тойбогон,

Бактылуу бул балалыктын күндөрү ай.

Ар дайым жаны күндү саматып,

Эрчип, эрчип үмүт менен жүргөн ай.

Кыргыз бийи “Комузчу”.

Ала-Тоодой ак калпакча пейли бар ,

Кыргыз элин жер жүзүнө тааныткан.

Адамзаттан алга озуп ар убак ,

Чынгыз ата заматына даанышман.

КАалам сайган ойду жазып кагазга,

Түрк балдары сыймык менен таанышкан.

“Адам үчүн эң кыйын нерсе –бул күн сайын адам болуу”-деп Чынгыз Айтматов айткандай эч качан адамдык абийирибизден кетпей , бири бирибизге мээримдүү бололу.

 Бул окуя 1000 жылдар мурун Жуан Жуандардын келишинен башталат. Алар кыргыз элине кол салып, кан төгүлүп, ый угулуп турчу дешет. Жуан Жуандар кудайга жакбаган амал ойлоп таап, колго түшкөни кулдардын чачын алып, башына жаны союлган төөнүн терисин кийгизип, ээн таалаган таштап кетчү экен. Тери ысып, күнгө кургаган сайын сайып кызып, үну кудайга жетип,  тарпбаган азапты тартып да , өлүгү өлүп тынып, өлббөй калганы ата тегин такыр эстей албай манкурт болуп кала берет.

Каармандар менен тааныштыруу Чынгыз Айтматовдун чыгармаларындагы биздин жашообуздагы ыймандуулукка , адаптүүлүкө  тарбиялоочу орду зор. бул каарамандар ар дайым биздин элесибизде жашап келишет.

Хор “Улуу кыргыз –Чынгыз”.

Бүрткүртсүз  улуу тоолор азап чечет,

Өмүрдү тагдыр мынча жазат ченеп.

Ааламда адабият жашап келсе,

Айтматов түбөлүккө жашайт демек.

Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу №1 “Күнчубак” мектепке чейинки билим берүү мекеме уюмунун тарбиячылары Смаилова Жумакан жана Атабаева Зарина

 

 

Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу №1 “Күнчубак” мектепке чейинки билим берүү мекеме уюмунун тарбиячылары

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17