Аймак

АЯЛДАР ТЕМАСЫ ТҮГӨНБӨГӨН КАЗЫНА

АЯЛДАР ТЕМАСЫ  ТҮГӨНБӨГӨН КАЗЫНА

 3,199 Бардыгы /

БЛИЦ-АНКЕТА

Аты-жөнү-  Темирова  Жамийла Жумабаевна

Туулган жылы – 28.04.1980.

Жылдыз белгиси– букачар

Кичи мекени– Сузак районунун Барпы айыл аймагы, Комсомол айылы.

Окуган мектеби–  № 35 Комсомол орто мектеби

Урааны–  Ийгиликтин эрте кечи жок

Хоббиси–  Китеп окуу, ыр жазуу

Насаатчысы -апасы

Иштеген жери–  Жалал-Абад областтык мамлекеттик телерадиокомпаниясы

Үй-бүлөлүк абалы–  3 баланын энеси.

-Жамийла айым саламатсызбы?  Бала кезиңизди эстегенде эмнелер эске тушот?

“Сен өзү мектепте окуп жүргөндө эле ушундай элең?”  деген сөздөрдү акыркы 5-6 жылда такай тааныштарымдан укчу болдум. Албетте көчөдөн өтүп баратып айтышпайт.  Мындай сөздөр көбүнчө эл көп жыйылган той-тамаша мааракелерде же жумушум аркылуу туулуп өскөн айылга иш сапар менен барып калганда айтылат. Көрсө, мектеп жашымда эле салтанаттуу иш-чараларда алып баруучулук кыла коюп, анда- мында ырдай койгон жөндөмүм бир канча жылдар убакыт өтүп элге билинип, тааныштарымдын тандаткан суроолоруна дал келгендей болуп тургансыйт. “Көрүнгөн тоонун ыраагы жок” деген сыңары, кечээ эле чаң сапырып, куюн менен куушуп ойноп, балалыктын күндөрүнөн кыйла алыстаткан турмуш тегирмени мени  канча жолу калчагандай. Телегейим тегиз болуп өстүм деп да айта албайм. Азыр ойлосом 2-классымдан эле өз алдынча ой-толгоолорумду, кыялдарымды кагазга жазып чиймелегендерим эмдигиче эски сары барактарда сакталып жүрөт. Көрсө, бала деген баладай болбой эле, чоң адамдарча түйшүк тарткан санаачыл адамдардай жүргөн турбаймынбы деп да ойлонуп коём. Ал күндөр эми алыста…..

-Дал ошол өзүңүз айткан идирик талант же жөндөм дейбизби айтор, учурда кандай темп менен баратат?

-Эл катары жогорку билим алып, кесипкөй адистикке ээ болгондон соң алгач Сузак районунун Барпы айылындагы № 71. Н.Алыкулов  атындагы орто мектепте иштедим. Эки жылдан соң  Жалал-Абад шаарындагы көз карандысыз телестудиялардын биринде бир нече жыл иштеп калдым. Чыгармачылык шык жанданып, ошол жылдары бир топ поэзия жаатындагы чыгармаларды жазып, жаштыктын деми, кызыгуу менен бир нече ырлар жазылып, мезгилдүү басма сөз беттеринен орун алып жүрдү. Бешене тагдыр экен турмушка чыгып, эне болуу бактысына да ээ болуп, үч-төрт жылдай турмуш-тиричилик менен алпурушуп жүрүп калдым. 2008-жылы ал учурда областтагы бирден бир мамлекеттик телевидение болуп саналган ЖТРге жумушка орношуп калдым. Чоң жамаат, чыгармачыл тажрыйбалуу журналисттер менен бир компанияда ушул күнгө чейин эмгектенип келем. Алгач “Өрнөктүү өмүр” аталышындагы автордук көрсөтүүнү эфирге алып чыгып жүрдүм, кийинчерээк же тактап айтканда 2011-жылдан бери аялзатына арналган “Асылзат “ аталышындагы автордук көрсөтүүнү алып чыгып жүрөм. Аталган көрсөтүү жумасына бир ирет  20 минуталык  хронометраж менен эфир толкунуна чыгып, аздыр –көптүр өз көрөрмандарын тапты десем жаңылышпайм.

-“Асылзат” автордук берүүңүздүн максаты кандай?

-Негизинен программа аялзатына арналат. Чындыгында аялдар темасы түгөнбөгөн  казына сыяктуу. Аны канчалык казган сайын ал өз баалуулугун жоготпогон акак таш сыңары. Аял-эне, аял-үйдүн куту, эркектерге жан шерик гана болбостон ал коомдук ишмер, эл башында турган башчы да боло алат. Ар бир аялзатынын өзүнүн башкаларга окшобогон өзгөчөлүгү бар. Менин каармандарым, үлгүлүү зайыптар, таланттуу кыз-келиндер даанышман энелер. Жумушума байланыштуу   ар кандай аялзаттары менен байланышууга, алар менен жакындан таанышууга туура келет. Телегейи тегиз инсандын өзү жок деген сөзгө кээде чындап ынанып кетем. Айтайын дегеним  төрт тарабы топ келишкен айымдын өзүн учуратуу да оңойго турбайт. Ар бир адамдын кемчилиги болот. Ушундай кырдаал жаралат  айрымдары жумуш деп жүрүп жеке жашоосун  же болбосо үй-бүлө деп жүрүп, карьерасын токтотуп же дагы бир түйшүктүн артынан жүргөн аялзаттарын жолуктурасын. Албетте  көрсөтүүгө тартылуу учурунда бардык тарабын ачып берүүнү максат кылабыз, бирок кээде анча-мынча кемчиликти жашырууга туура келет. Себеби жолдошу менен чогуу жашабай калган аялдардын жолдошу жөнүндө же балдары туурасында кеп кадрдан сырткары мезгилде айтылат. Бирок  эфирге кошууну каалашпайт. Жеке сыр катары гана кала берет. Андай учурда каармандын сунушун эске алууга туура келет. Эң башкысы ойду омкоруп, тоону томкоргон сыяктуу жумуш жасабаса да үлгүлүү жүрүш-турушу, сылык мамиле, бийик көз карашты айта билген айымдарды издеп, сураштырып тартууга туура келет. Негизинен программа маданий жана социалдык негизде даярдалат. Алардын өмүр таржымалы, жасаган эмгеги менен гана чектелбейт. Таланттуулары болсо аларды эл астына алып чыгууну көздөйт. Областтык деңгээлде  телефестивалдарды, кароо-сынактарды өткөрөт.

-Эмне үчүн аялдар темасын тандадыңыз?

-Биринчиден буга чейин аталган телеканалда атайын аялзатына арналган көрсөтүүнүн жоктугу болсо, экинчиден аялдар темасы мага кызык, анан калса жакындай туюлду. “Асылзат” автордук көрсөтүүсүнүн үчүнчү же төртүнчү чыгарылышын эфирге тартып жатканда колума бир китеп тийип калды. Жалал-Абаддык журналист жазуучу эжекебиз Мубара  Абдулатипованын аялзатына арналган китеби экен. Демек мага чейин да аялдар темасына кызыккан журналист бар экенин ошондо билдим. Албетте китеп, гезит, теле ар биринин каарманды ачып берүүдө түрдүүчө өзгөчөлүктөр менен даярдалат эмеспи. Ошондон тарта ушул күнгө чейин жүздөгөн аялдар менин каармандарым болуп келишет. Аялдар менен иштешүү  мен үчүн абдан кызык.

-Айтсаңыз, аялдын бактысы эмнеде?

-Аял бактысын ар ким ар кандай жерден көрөт болуш керек. Көпчүлүгү үй-бүлөдө десе, айрымдары бирин-бири сүйгөн бактылуу жубайларда деген сыяктуу түркүн пикирлерди айтышат. Менин оюмча аял-бактысы  -тынчтыкта. Эгер аялзатынын жашоосу тынч болсо, ал түйшүк тартпайт, уул-кыздарды төрөп өстүрүп, бирок алар мекенден сыртта  иштеп жүрсө, үйдө кайдан бакыт болмок. Эне байкуш күнү-түнү санаасы санга бөлүнүп жашайт эмеспи. Мен мындай пикирге турмуштук көп жагдайлардан улам таянып айтып жатам десем жаңылышпайм. Азыр оомал-төкмөл заманда аялзатына дегеле энелерге тынчтык керек болуп калды окшойт. Заман тынч болуп, эл-жерде ынтымак болсо, андан өткөн бакыт жок болсо керек. Ал эми ар бир аялзатынын жеке бактысы балдарында деп билем.

-Түйшүк тарткан аялзатынын маселесин өтө көп чече турган жагдайлар барбы?

-Мен көп эле каармандарыма ушул сыяктуу суроолорду берип көрөм. Ар биринен ар кандай жооп аласын. Менин оюмча турмуштан кыйналган же түйшүк тарткан аялдар маселеси кечээ же бүгүн эле пайда боло калган жок. Тээ атам замандан бери эле эркектердин шериктеши катары кабыргадан жаралган аялзатынын табияты ушундай болсо керек деп ойлоп калам. Турмуш-жагдайга байланыштуу айрым аялдарыбыз алсыз болуп, жоопкерчиликти эркекке салыштырмалуу көбүрөөк моюнга алып алгандан келип чыгат. Муну закон ченемдүү көрүнүш катары кабыл алып келген болсок, бара-бара алдын алуунун жолдору да изделип келди. Керек болсо мамлекеттик деңгээлде аялдарды коргоо жана колдоо иретинде кайсы бир жылды “Аялдар жылы“ деп да жарыя кылган жайыбыз бар. Демек аялдарга жалпы коомчулук жардам көрсөтүүнүн аракетин көргөндөй сезилет. А бирок иш жүзүңдө барган сайын аялдар маселеси өөрчүп барат. Жолдошунан запкы, балдарынан таяк жеп көчөдө же болбосо карылар үйүңдө күн кечирген аялзатын кайда жашырабыз. Ошондуктан маселени оң жагына чечүүдө аймактарда өз укугун билбей, жардамга муктаж болгон аялзатына балким түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл окшойт деп да ойлоп каласын. Аларга бир эле учурда психолог, юрист жана адвокат болуунун зарылдыгы бар. Анткени алар ар тараптуу жардамга муктаж. Үйдө олтурган аялдарга  барып жан-дүйнөсүнө жакын болуп, көөдөндөгү көксөөлөрүн өз кулагың менен угуп, жардамга кол сунуу керек деп ойлойм.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17