Аймак

МАДАНИЯТ ҮЙҮ ЖОК, КЫЗМАТКЕРИ БАР.

 5,629 Бардыгы /

МАДАНИЯТ  ҮЙҮ ЖОК, КЫЗМАТКЕРИ  БАР.
Аксы районундагы Жаңы-Жол айылы бир кездерде Жаңы-Жол районунун борбору болуп турган, айылдын социалдык экономикалык тарамгы өнүккөн айыл болгон. 1962-жылы 400 орун дуу маданият үйү курулуп, анда кинозалы, атайын артисттер үчүн бөлмөлөрү болгон. Айылдын нечен таланттуу жаштары талант тарын такшалдырып, кийин кыргыз элине кызмат кылышты. Андан сырткары бул жердеги маданият үйүнө белгилүү таланттар Калык Акиев, Осмонкул Бөлөбалаев, Эстебес Турсуналиев, Ашыралы Айталиев, Токтосун Тыныбеков, Тууганбай Абдиев жана Замирбек Өсөнбаев сыяктуу залкарлар нечен ирет келип ырдашып элдин көнүл черин жазып кетишкен. Азыр болсо ошол маданият үйүнүн орду мына минтип кой эчки жайылган жайытка айланып калды.
– Бул маданият үйүн сел алып, көчүп түшүп калганына беш жыл болду, ошондон бери элдин бара турган жери жок, оюн шоок дегенден кабар жок болуп калды,- дейт эмгектин ардагери, Зулум Төрөбеков аксакал. Маданият үйү жок, бирок анын кызматкерлери бар, айыл аймагынын башчысынын алар “айдап кел, байлап кел” деген жумуштарына жарап турушат. Айыл жаштары болсо бекерчиликтен топтолуп, ар кайсыл талдын түбүндө арак ичип, андан сон мушташып, кыскасы алаксыганга айла таап жашап жаткан кездери. Буга айыл адамдарынын зээндери кейит.
-Маданият үйү болсо, түрдүү иш чарларды уюштурмакпыз,- дейт, Жаны- Жол айылындагы имараты жок маданият үйүнүн директору Миргүл Анарбекова.
М.Анарбекованын айтымында Жаңы-Жол айыл аймагында 8 миңден ашык калк жашайт, бирок ошончо калк жашаган айылдын маданият үйүнүн жоктугунан айылдагы маданий иш чарларды өткөргөндө мектептин залын, спорт аянтчасын талашып калышат.
Спорт аянтчасы демечи айылда стадион да жок.Мына ушундай кулак мурунду кескендей тынч айыл. Бирок бул айылдан мастардын ырларын көп угууга болот. “Областтык маданият башкармалыгы, Кыргыз республика сынын маданият министрлиги, анан калса Кыргыз өкүмөтүнүн жетекчилери мындай акыбалдан кабары барбы жокпу, кудай билет, көрүп калышса көнүл буруп калар деген илгер үмүт менен сөз кылып олтурабыз” дешти даттанган инсандар.

Абдымомун Калбаев, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17