Аймак

ЭАУда КАНДИДАТТЫК ДИССЕРТАЦИЯЛАРДЫ КОРГОО ЖӨНҮНДӨ

ЭАУда КАНДИДАТТЫК ДИССЕРТАЦИЯЛАРДЫ КОРГОО ЖӨНҮНДӨ

 1,953 Бардыгы /

Үстүбүздөгү жылдын 1-мартында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) Илимий изилдөөлөр, иштелмелер жана инновациялар борборунда “Экономика, эл чарбасын башкаруу” адистиги боюнча экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды жактоолор болуп өттү. ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматынан билдиришти.

Диссертациялар ЭАУ, ОшМУ, Тажик Улуттук университети алдындагы Мамлекеттер аралык К. 08.17.564 диссертациялык кеңешинин кароосуна сунушталышкан. Аталган кеңештин бул жолку отурумунда диссертацияларын Чагры Эргезер жана Гафаров Фарходжан Фрайдмонович ийгиликтүү жакташты. Өзгөчө белгилеп кетели, Чагры Эргезер учурда ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун директору, биздин бүтүрүүчүбүз, бир катар жылдардан бери ЭАУнун кызматкери жана окутуучусу болуп иштеп келген, аспирантураны да ЭАУда аяктаган. Чагры Эргезердин кандидаттык диссертациясынын аталышы: “Социалдык медиа уюмдарын башкаруу жана алардын электрондук коммерциянын өнүгүүсүнө таасири”, илимий жетекчиси э.и.д., профессор Г.К. Ташкулова.

Гафаров Фарходжан Фрайдмонович Тажик Улуттук университетинин окутуучусу. Жогоруда айткандай, Тажик Улуттук университети аталган диссертациялык кеңештин тең негиздөөчүсү.

Экономика илимдеринин жаңы кандидаттарын диссертациялык иштерин ийгиликтүү жактоосу менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

“Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17