Аймак

КАНТИП АГАЙ КАЛА БЕРЕТ УНУТУЛУП… (адабий кече)

КАНТИП АГАЙ КАЛА БЕРЕТ УНУТУЛУП… (адабий кече)

 6,111 Бардыгы /

 

Кеченин максаты: “Көк-Таш Айылдык аймактын ардактуу атуулу”,  “Маданияттын мыкты кызматкери”   төш белгисинин ээси, аткаруучу жана обончу А.Артыкбаевдин маданият чөйрөсүндөгү ордун,  музыка дүйнөсүнө кошкон салымын,  эл алдындагы кадыр-аброюн билишет.

         Агайдын инсандык касиетин, чыгармачылык дараметин үйрөнүшөт, өз Мекенине,  кыргыз калкына  кызмат кылууда А.Артыкбаевдин үлгүсүндө тарбияланышат.

Кеченин жабдылышы: Агайдын сүрөттөрү, алган сыйлыктары, ТСО аркылуу көрсөтүлүүчү слайд, интервьюлар, өздүк буюмдары, сахна жасалгасы.

Кеченин  коноктору:  Көк-Таш Айылдык аймагынын жетекчилик өкүлдөрү, достору, үй-бүлөсү,мектеп жамааты, шакирттери, окуучулар.

Кеченин  жүрүшү: (Өткөрүлүүчү эскерүү кечеси А.Жумабаев атындагы №22 жалпы орто билим берүүчү мектебинин  кыргыз тили жана адабияты мугалими  Н.Кожокулова тарабынан ачылып, эжекенин  төмөнкү ыр саптары менен башталды.)

 

Кабар келди таш айдаган кара сел.

Туура албады муну укканда тууган эл.

Агай байкуш тике турчу кебелбей,

Өз  элинин  аска – зоосу, арка- бел.

 

Жүрөк туйлайт, чыгып кетчүдөй кабынан,

Ошол саамда асман жаман карарган.

Мага окшош кумир туткан канчанын,

Суук  кабардан алда чачы агарган.

 

Кирип келдим, окуучулар канага,

Көз алдымдан булут айланып.

“Сиз да уктузбу, түрү суук кабарды”,

Деген өңдүү окуучулар карманып.

 

Ич – ичимден бирден жулдум, бул өмүрдөн тамырын,

Сүйлөй  албай, окуучума карадым.

Ошол күнкү 45 мүнөт убакыт,

Үн –сөзү жок карытты го сапарын.

 

Кыздар ыйлайт, эриндери былкылдап,

Жүзүндө жаш суу куйгандай чакалап.

Көзгө ошондо Азирейил көрүнсө,

Кармап калсаң көйнөгүн жакалап.

 

Оо Жараткан! Кээде сен да,

Адилеттик кылбайсың деп,

Айтып барып токтоном,

Ал артынан келтиремин миң тобоом.

Эмне мынча катаал жашоо мыйзамы,

Деп өзүмчө кээде көпкө ойлоном.

 

Ошондон бери бул мектепте,

Ойноло элек аккордеону агайдын.

Жан эргитип, мээ сергитип,

Турчу уккан жандардын.

 

Тулпар эле, уюлгуган ак чаңы,

Туйгун эле, тамшандырган барчаны.

Ар бир нота саймердилеп ырларын,

Шүүдүрүмдөй чымыртканткан таңдагы.

 

Өтсө да агай, өлбөйт анын ырлары,

Ырларында катылган бүт сырлары.

Сизди агай түбөлүккө унутпайт.

Өзүң өскөн Көк-Ташыңдын балдары.

 

Жашообуздун гүл жыттансын аймагы,

Көтөрүлүп татыктуулар байрагы.

Сиз да агайым, түбөлүккө жашай бер,

Маданияттын, алп музанын дыйканы.

 

1-алып баруучу: Өмүр… Бул сөз эмнени аңдатат?! 4 тыбыштан турган чакан фигура сыяктанат.

2-алып баруучу: Ошол философиялык, абстракттуу ой өрүшүн түшүндүргөн фигура бул жалган дүйнөнүн кулу болот турбайбы. Элибиз бекеринен Өмүр … Өлүм … Пендечилик дебептир.

1-алып баруучу: Бул тыянакты дүйнөлүк даанышмандардын бири ГеоргДаумер: “Жашоодо үч нерсе кайра кайрылбайт: атылган ок, айтылган сөз, өткөн өмүр” десе.

2-алып баруучу: Кыргыз поэзиясында аттын кашкасындай таанымал акын эжелерибиздин бири Азада Бегимкулова “Өмүр – бир келген көктөм” деп, адам баласынын өмүрүн табиятка көрк берген, жашоонун жаңы барагын ачкан мугалимге салыштырат.

1-алып баруучу: Акын, прозаик, драматург Аалы Токомбаев  “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин”деп таамай айткан сөзү бар.

2-алып баруучу: Бүгүн биз да дал ошондой өрнөктүү өмүр сүрүп, бүткүл чыгармачылыгын кыргыз искусствосуна, болгондо да, Рыспай Абдыкадыровдун салган чыйыр жолун музадан уланткан инсан жөнүндө кеп кылмакчыбыз.

1-алып баруучу: Биздин бүгүнкү музда кечебиздин сый коногу – Көк-Таш Айыл аймагынын ардактуу атуулу, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси, жаш муундардын сүйүктүү устаты, маркум А.Артыкбаев агайыбыз болмокчу.

2-алып баруучу: Кадырлуу коноктор, урматтуу катышуучулар, бүгүнкү эскерүү кечебизди агайдын калемине таандык Көк-Таш айылынын гимни менен баштап алсак. (Көк-Таш айылынын гимни жаңырат)

1-алып баруучу: (Көркөм окуу)

Оо, адамзат! Чөкпөсүн түк көңүлүң,

Ак кызмат кыл! Алкышын ал көбүнүн!

Бейпил турмуш кучагында көп жаша,

Берекелүү өтсүн күнүң өмүрүң!

Ачуу чындык – ажал келет заматта,

Аалам элин ыйга салсын өлүмүң!

2-алып баруучу:

Өзүңдү өзгөрт, жакшы жакка жыла бер,

Аз да болсо жардамчы иш кыла бер.

Абийирде бүтүн бойдон тур дайым,

А сооп үчүн керек болсо сына бер.

Башкалардын пайдасы үчүн жашасаң,

Даңктайт Мекен, эл-журт, аалам, теребел.

(А.Артыкбаевдин өмүр таржымалы боюнча маалымат берилет).

Артыкбаев АбдиллаакимЭрмекбаевич 1957-жылы 24-июнда 1-Май айылында туулган. 1976-78 -жылдары Советтик Армиянын катарында  кызмат өтөгөн.

Эмгек жолун 1980-жылы 1-Май айылындагы  маданият үйүндө методист болуп иштөө менен  баштаган. 1987-жылдан баштап өмүрүнүн  акырына чейин  Көк-Таш орто мектебинде музыка  мугалими болуп эмгектенди.

1992-жылдан Көк-Таш айылдык маданият үйүнүн башчысы болуп эмгектенген.

2008-жылы ОшКыргыз Өзбек Университетинин филология факультетин сырттан бүтүрүп, кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болгон.

Билим берүү тармагындагы  көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн 2007-2012 -жылдары Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн  Ардак Грамоталары менен,  2012-2013 -жылдары Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын диплом жана Ардак Грамоталары менен:

1996-жылы  обончу –композитор Р.Абдыкадыровдун 55 жылдыгына карат  өткөрүлгөн  “Издейм сен- 96”  теле сынагында “Дастан” теле компаниясынын Ардак Грамотасы менен, 60 жылдыгына карата “Жолугарым билгенмин” теле сынагында Жалал-Абад шаардык мэриясынын, Жалал-Абад областтык телерадио  компаниясынын Ардак Грамотасы менен:

2005-жылы “Эл ичи-өнөр кенчи” Республикалык Элдик көркөм өнөрүнүн  кароо сынагына активдүү катышкандыгы үчүн КРнын Өкмөтүн караштуу өнүктүрүү  боюнча мамлекеттик комиссиясынын Алкаш баракчасы менен сыйланган .

2011-жылы Көк-Таш айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу”:   2012-жылы 1-Май айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу”:

2013-жылы  КРнын маданият, маалымат туризм министрлигинин  “Маданияттын мыкты кызматкери”  төш белгиси менен сыйланган.

2014-жылы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн КРнын билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамотасы менен, Билим берүү министрлигинин алдындагы профсоюз уюмунун төш белгиси менен сыйланган.

А.Артыкбаев 3 уул, 4 кыздын атасы.

2015-жылы 11-ноябрда дүйнөдөн кайткан.

 

1-алып баруучу: Элге кызмат кылуу жүрөктүн көмүскө максаты болгон учурда натыйжасы мол болот. Элге кызмат кылуу бактысын жашап көргөн, сезип туя алган асыл бир жандар гана билет.

 

2-алып баруучу: Туура айтасың, сенин эмгегиңди эл бааласын, эл мактасын, элге сиңсин дешет, кадырман калкым. Анда эмесе,  агайыбыз жөнүндө айылдаштары кандай пикир, кандай баа берерин даярдалган тасмадан билели. (эл арасынан алынган интервью экранда  көрсөтүлөт)

 

1-алып баруучу: Кезекте ыр дүйнөдө агайдын шакирти болгон кыргыз тили жана адабияты мугалими Н.Кожокуловагаберели. Эжеке өз калемине таандык “Аккордеон калды ойнолбой” аттуу ырын окуп бермекчи. (Көркөм окуу).

 

Карылыктын гүлдүү багын  болжобой,

Шум ажалдан үстүм келип ойнобой.

Моюн сунуп кете берди агайым,

Бул жарыкта  убактылуу коноктой.

Турат бүгүн муңдуу сызып ичинен,

Аккордеону  агайымдын ойнолбой.

 

Буулугуп, жан күйүтү ичке батпай,

Аккордеон баскычтары турат ыйлай.

Анткени эчен түрлүү обон салган,

Агайым махабаттын ырын ырдай.

А бирок бет айрыган көк бороондой,

Аккордеон калды ойнолбой.

 

Үстөлү бош, канасы бош, үйү бош,

Аспап ыйлайт, муң кайгыда ортоктош.

Бирден сынып баскычтары досунун,

Турган өңдүү ичтен сызып  “Кайыр кош”.

 

Өмүрдүн таттуулугун эч ойлонбой,

Досторуң, бала, зайып, замандашың.

Дуулатып өзү ырдап,  да ойнобой,

Бозоруп иреңинде тирүүлүк жок,

Аккордеон калды ойнолбой.

 

2-алып баруучу: Жан дүйнөнүн азыгы – музыка. Ал адамдын сезимине бүлүк салып, искусство дүйнөсүнө жетелейт. Анда азыр агайыбыздын өздүк ырларына кезек берели. Сөзү: А.Токтомушевдики,  обону: А.Артыкбаевдики.

“Арстанбап  токою”.

1-алып баруучу: Жакшылыктын айланасында чогулгандар сөзсүз жакшы жакка багыт алынат дешет. Бүгүнкү кечебиздин кадырлуу коноктору – алсак агайыбыздын коноктору, замандаштары, санаалаштары. Андыктан, сөз кербенин агайдын досторуна бермекчибиз. (Достору эскеришет, ШаанбаевМамадалы өзүнүн калемине таандык ырын окуйт)

 

Биз экөөбүз көк шиберде жамбаштап,

Көпкө отурдук өткөн күндөн кеп салып.

Ээ аталар өткөн экен дүйнөдөн,

Бири батыр, бири балбан аталып.

Биз алардын урпактары болобуз,

Элим үчүн журтум үчүн не кылдык.

 

Көк-Таш сенин элиң эмей эмине,

Койчу досум антип мени  дегизбе,

Жок түшүнгүн, сага эмес башкага,

Калыстыкты айтам деген сөз эле.

Калыстыгың  ырың менен билинер,

Көк-Ташымды ырдай берчи дагы эле.

 

Элесимде, түшүмдө да,

Сен жүрөсүң дайым гүлдүн ичинде.

Жолукканда курбуларга кошулуп,

Көрүнбөйсүң курбулардын ичинде.

 

Билем сени кайсы жакта жүрбөгүң,

Билем сени такыр эми көрбөймүн.

Жолукканда курбуларга кээ кезде,

Элесиңди ошол жерден көрөмүн.

 

Түшүмдө да, оюмда да жолугам,

Сени ырдатып,  кээде бирге олтурам.

Эл да билет,  сенин элде ордуң бар,

Сенин ордуң, ырың менен толуктайм.

 

Көк-Ташым деп ырдап жүрдүң элге сен,

Элиң даңктайм, жериң даңктайм ыр менен.

Элиң ырдайт унутпастан ырыңды,

Сен жашайсың түбөлүккө эл менен.

 

2-алып баруучу: Элибизде “Дос – ажарың, жолдош – базарың” деген улуу сөз бар. Карт тарыхыбызда да Достук деген желекти бийик көтөрүп, досчулук ооздон оозго айтылып келет. Агайдын достору аман болушсун. Кезектеги жандуу ырга берели.

(Жеке ыр. Молдобеков Абдыкеримдин аткаруусунда. “Классташтар”.)

1-алып баруучу: Бир тууган, үй-бүлө. Булар эт менен тырмак сымал ажырагыс. Көрүнүктүү икаялардын биринде да бир инсандан тандоо талап кылат – кимиңди калтырайын деп. Ошондо тигил адам бир боорумду деген экен. Сөз кезеги үй-бүлө, туугандарына берилсин. (Бир тууган эжеси Сайкал эженин интервьюсу көрсөтүлөт. Чыңгызбек кызы Элиза  “Апа жыты” ырын аткарат.)

1-алып баруучу: Заманыбыздын залкар жазуучусу, адабият айдыңындагы Чолпон жылдыз Ч.Айтматов “Сени тааныгандар жашап жатканда, сен тирүүсүң” деген орошон ой айтканы бар. Бүгүнкү күнү Абдилааким агай арабызда жок болсо да, бирок, агайдын кучак жеткен байлыгы- анын замандаштары, кесиптештери, шакирттери агайды жылуу пикирлери менен  жоктоп келишет.

2-алып баруучу: Туура айтасың, жакшынын өзү өлсө да, сөзү, баркы, баркы аты өчпөйт. Кезекти Көк-Таш айылдык аймагынын жетекчилик өкүлдөрүнө жана айылдык китепкананын башчысы Карасартова Бурул эжеге берели. (ыр окуйт).

Алаамат  чулгап алып асман-жерди,

Ачылбай күндүн көзү бороон улуп.

Толгон суу шилесе да ташкын желди,

Кыйрабай талан калат, талар узак.

 

Гейзерлер тоо башынан атырылып,

Кайнак суу сүттөй болуп сапырылып.

Турса да талант күйбөйт, талант өлбөйт,

Таланттын аты да улук, заты да улук.

 

Көрбөдүк 200 жүз жашаганды,

Күнү-түн жан жыргата ичип мүрөк.

Түбөлүк талант турат гүлүн төкпөй,

Талант – бул согуп турган жапжаш жүрөк.

(Бурул Карасартованын  аткаруусунда  “Элегия” аттуу  ырын ырдалат.)

 

1-алып баруучу: Улуу жазуучу Ч.Айтматов “Айыл жеримдеги принциптери бийик, алар гумандуулукту бийик сакташат. Ошол адамдардык эң алдыңкы өкүлдөрү- мугалимдер” деген. Андыктан кезектеги агайыбыздын кесиптештери Жумабаев Н. Осмонова У, Асанова Буниса, окуучусу Абдиназаров Жоомарт жана мектеп жетекчилерине берсек. (Абдиназаров Жоомарт өз калемине таандык  ырын окуйт.)

 

Алды ажал адамдардын асылынын,

Толук укпай калдым сөздүн алтынын.

Менде калды кайгы жана арманым,

Жок дегенде жашабады бир кылым.

 

Өттү дешсе ишенбестен мен келип,

Сүрөтүңдү тиктеп турам термелип.

Сиздей инсан кетет экен бир келип,

Унутулуп калат  анан ал кантип.

 

Ак мектепке бүгүн калып калчудай,

Ишенбедим өткөнүнө оо кудай.

Жаралабы дагы адам ушундай,

Жаралса эгер мен тозоюн утурлай.

 

Коңур үнүң берчи сөздүн алтынын,

Окуучуга берип барын сапырдың.

Бирок кетти өзүңүздө дагы эле,

Жазылбаган обонуңуз бир нече.

 

2-алып баруучу: Баятан бери эскерүү кечебиздин коногу- А.Артыкбаев агайыбыз жөнүндө бир дүйнө маалымат алдык, агайдын тирүүлүктөгү бейишине саресеп салдык, агайыбызды жаткан жеринде бир оодарып алдык. Бүгүнкү кечебизди көркөм окуу менен жыйынтыктайлы.

 

Убактылуу турбайбы, бул өмүрдүн гүлдүү талаасы,

Гүл соолуса бирдей эмес, карачы.

Залкар үндүү, жумшак мүнөз агайга,

Эч бирибиз боло албайбыз арачы.

 

Оо ажал сен, түрүң суук немесиң,

“Неме” эмес, анан сени не дейин.

Билбей калды калдайган журт нес болуп,

Агайымды кантип сага бергенин.

 

Баш мыкчыдык, жеп чапчылап боздодук,

Жүрөктөрдү туман басты, бук болдук.

“Аманат жан кутулду” деп аргасыз,

Канаат кылып, өзүбүздү соороттук.

 

Күндөр өтөт, жылдар өтөт токтобойт,

Бирок агай алган эмес биз үчүн.

Чын дүйнөсү бар болсо эгер Аллахтын,

Ошол жакта обондору оболойт.

 

Мен ойлоном.. Кээде алдап өзүмдү,

Барар жерим балким бейиш төрүдүр.

Өлбөйт дешет, улу инсан – залкарлар,

Балким менен агайым да тирүүдүр.

Мага да келет бир күн – шум ажалдын кербени,

Түгөнсө эгер бул жашоонун өлчөп берген мерчеми.

Ошондо мен ала кетем, аккордеонун агайдын,

Ал жакта да өлбөс күүлөр черткени.

 

1-алып баруучу Урматтуу  эскерүү кечесинин  катышуучулары , бүгүнкү эскерүү кечебиз сиздердин жүрөгүңүздөрдөн  түнөк тапкан болсо, анда аракетибиз өз жемишин берди деген ойдобуз.

Ар бириңиздердин үйүңүздөргө тынчтык,  бакубатчылык каалоо менен  эскерүү кечебизди жыйынтыктайбыз. Келгениңиздер үчүн чоң рахмат.

Даярдаган: А.Жумабаев атындагы №22 жалпы орто билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими:  Кожокулова Нуржан Төрөкуловна

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17