Аймак

КЫРГЫЗ ЭЛЧИЛИГИ ЭЛ АРАЛЫК ТУРИСТТИК КӨРГӨЗМӨГӨ КАТЫШТЫ

КЫРГЫЗ ЭЛЧИЛИГИ ЭЛ АРАЛЫК ТУРИСТТИК КӨРГӨЗМӨГӨ КАТЫШТЫ

 1,721 Бардыгы /

МОСКВА. Кыргызстандын Орусиядагы Элчилиги “Экспоцентр” Борбордук көргөзмө комплексинде ачылган Эл аралык туристтик MITT-2019 көргөзмөсүнө катышты.

Баса, аталган иш-чарага Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Фелерация Кеңешинин өкүлдөрү, Орусиянын аймактарынын бийлик өкүлдөрү, ошондой эле дүйнөлүк ири туристтик уюмдардын жетекчилери катышышты. Кыргыз тарапты аталган көргөзмөдө Маданият, маалымат жана туризм министрлгинин туризм департаментинин өкүлдөрү, CAT (Central asia tourism), «Дос Тур», «Ак-Сай Travel», компанияларын өкүлдөрү, Кыргызстан туристтер Альянса Кыргызстана жетекечилиги, ошондойц эле №2-Мамлекеттик резиденциянын, «Көгүлтүр Ысык – Көл», «Каприз», «Марко-Поло» пансионаттарынын кызматкерлери татыктуу көрсөткөнгө жарашты.

Эл аралык туристтик MITT көргөзмөсү Орусияда жыл сайын уюштурулат. Ага жүздөгөн өлкөдөн жыл сайын жыйырма миңден ашуун өкүлдөр жана 1800 чакты туроператор катышып, өз мамлекеттеринин туристтик дараметин тастыкташат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17