Аймак

К.Ш. ТОКТОМАМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТКЕ 26 ЖЫЛ ТОЛДУ

К.Ш. ТОКТОМАМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТКЕ 26 ЖЫЛ ТОЛДУ

 1,893 Бардыгы /

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) жогорку окуу жай болуп түзүлүшүнө үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде 26 толду. Бут тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Коомчулукка маалым болгондой, ЭАУ Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 1-апрелинде №VII-100 «Жалал-Абад шаарында Кыргыз керек-жарак коомдор биримдигинин Коммерциялык институтун түзүү жөнүндө» жарлыгына ылайык мурунку Жалал-Абад Кооперативдик техникумунун (1966-ж.) жана Жалал-Абад Кооперативдик окуу жайынын (1959-ж.) базасында жогорку окуу жай болуп түзүлгөн.

Башта Жалал-Абад Коммерциялык институту, андан кийин Экономика жана ишкердик университети деп аталып, 2018-жылдан университеттин негиздөөчүсү, туңгуч ректору жана президенти, э.и.д., профессор, Аймактык Менеджмент Академиясынын академиги Кантөрө Шарипович Токтомаматовдун ысымы ыйгарылган, ошол жылдан тартып окуу жай К.Ш. Токтомаматов атындагы атындагы Эл аралык университет деп аталып келет.

Бүгүнкү күндө университетти э.и.д., профессор Сатыбалды Ашимович Өмүрзаков жетектейт. Университеттин түзүлгөн күнү 1-апрель жыл сайын окуу жайдын ректораты, профессор- окутуучулар курамы жана студенттери тарабынан майрам катары белгиленет.

Бул жылы да майрамдык салтанат болуп, анын алкагында ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору, Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан майрамдык концерт, оюн-тамашалар сунушталды.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17