Аймак

«Астүрк» түктөрдүн коомдук бирикмеси

 2,266 Бардыгы /

«Астүрк» түктөрдүн коомдук бирикмеси

«Астүрк» түрктөрдүн коомдук бирикмеси 2003-жылы июль айында түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областы боюнча «Астүрк» ТКБ 3048 адамдын санын түзөт. Бирикменин негизги жана маанилүү багыттарынын бири маданий-массалык иш-чаралар аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасын, социалдык жашоо деңгээлин көтөрүү. «Астүрк» ТКБ башкармалыгынын төрагасы Данияр Шахиевич Сулайманов жана башкармалыктын тогуз мүчөлүгүнүн жетекчилигинде иш алып барат.
Кыргыз Республикасынын элдеринин биримдигин, достугун сактоо боюнча ар түрдүү улуттар жашаган жерлерде, жашоочулардын арасында жана жаштардын арасында түшүндүрүү иштери активдүү жүргүзүлүп турат. Ошондой эле Жалал-Абад областындагы коомдук-маданий массалык иш-чараларга активдүү катышып турабыз. Кыргызстан элдеринин ассамблеясына тиешелүү эл аралык конференцияларга, курултайларга, кеңешме жана отурумдарга катышабыз. Жалал-Абад областынын түктөр көп жашаган жерлеринде жашоочулар арасында маданий-массалык иш-чараларды, жыйналыштарды өткөрөбүз.
Биз мындан ары да Кыргызстан боюнча этникалык аралык чыр-чатактар чыгып кетпеш үчүн жашоочулар арасында активдүү иш алып барабыз.
Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык маарекесин татыктуу тосуп алууга ишенебиз.

Д. Сулайманов , «Астүрк» коомдук бирикмесинин төрагасы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17