Аймак

УКРАИНАДА «ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН БАРАКТАРЫ МЕНЕН» АТТУУ СҮРӨТ-КӨРГӨЗМӨСҮ УЮШТУРУЛДУ

УКРАИНАДА «ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН БАРАКТАРЫ МЕНЕН» АТТУУ СҮРӨТ-КӨРГӨЗМӨСҮ УЮШТУРУЛДУ

 1,213 Бардыгы /

КИЕВ. Кыргыз Республикасына Украинанын балдар үчүн улуттук китепканасынын мүдүрү А. Гордиенко жана анын орун басары Л. Поликарпованын коштоосунда «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын барактары менен» аттуу сүрөт-көргөзмөсүнүн үч ар түрдүү жаш курактагы сыйлуу орундун ээлери жана гран-принин жеңүүчүлөрү учуп келишти.

Мелдеш Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин демилгеси аркасында Украинанын балдар үчүн улуттук китепканасы жана Украинанын Маданият министрлигинин колдоосу менен Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чараларга арналган. Мелдешке Украинанын бардык аймагынан 4000 катышуучу катышып, анын ичинен 151 иш тандалып, жеңүүчүлөр аныкталды.

«Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын барактары менен» аттуу сүрөт-көргөзмөсүнүн жеңүүчүлөрү Кыргызстанга саякатташып, анын алкагында Бишкек шаарынын ажайып жайларын жана Кыргызстандын бермети кереметтүү Ысык-Көлгө чөмүлүп эс алышып, кыргыз элинин көөнөргөс каада-салттары менен жеринде кеңири таанышышат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17