Аймак

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ТҮРКИЯНЫН АГАРТУУ МИНИСТРИ МЕНЕН КЕЗДЕШТИ

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ ТҮРКИЯНЫН АГАРТУУ МИНИСТРИ МЕНЕН КЕЗДЕШТИ

 975 Бардыгы /

АНКАРА. Кыргызстандын Түркиядагы  элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Улуттук билим берүү министри Зия Сельчук  менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун абалын, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы билим көпүрөсү болгон Кыргыз-Түрк “Манас” Университети өз ара пайдалуу кызматташтыктын үлгүлүү мисалы экендигин белгилешти.

Түрк тарап Ван провинциясынын Эрджиш районунун Улуу Памир айылына Кыргызстандан келе турган кыргыз тил жана адабият, кол өнөрчүлүк жана музыкадан сабак бере турган мугалимдеринин айлык маянасынын маселесин чече тургандыгы тууралуу бекем ишендирди.

         Сүйлөшүү соңунда тараптар Билим берүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө Өкмөттөр аралык Макулдашууга тез арада кол коюу зарылчылыгын дагы баса белгилешти.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17