Аймак

МЕНДИАЙЫМ СҮЙҮНБАЙ КЫЗЫ: “ОШТУДА КАЛЫСТЫК КЫЛЫШТЫ”

МЕНДИАЙЫМ СҮЙҮНБАЙ КЫЗЫ: “ОШТУДА КАЛЫСТЫК КЫЛЫШТЫ”

 1,081 Бардыгы /

Орто жана жогорку окуу жайларына талапкерлерди кабыл алуу өнөктүгү өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунда абдан кызыды. ОшТУга кирип баратып, кубанычы койнуна батпаган майып кызга жолугуп, капыл-тапыл кепке тарттым.

– Аты-жөнүн ким?

– Мендиайым СҮЙҮНБАЙ кызы.

– Кечирип коесуз, сылтып басканыңызга караганда майып өңдөнөсүз?

– Ооба. Экинчи топтогу майыпмын.

– Сүйүнгөнүңүздөн улам окууга өткөн окшойсуз, ээ?

– Туура эле баамдапсыз. ОшТУга документтеримди тапшырган элем. ЖРТнын жыйынтыгында 117 балл алыпмын. Университеттин кабыл алуу комиссиясы дагы өзүнчө чакан сынак-баарлашуу уюштуруп, акырында мени бюджеттик тайпага өткөрүштү.

– Чындык бар бекен?

– Албетте! Кыргызстандагы бардык ЖОЖдордой эле ОшТУда деле тааныш-билишчилик жана жемкорлук күч деп ойлогонмун. Көрсө, абдан катуу жаңылыпмын. Бул жерде – ОшТУда теңирден тескери-мыйзамсыз көрүнүштөргө таптакыр жол беришкен жок!

– Мендиайым, окууга го акыры өттүң. Эми үмүттү актаар бекенсиң?

– Ошентип, ОшТУнун колдонмо информатика адитигине бюджеттик негизде окуймун. Университетти толук кандуу билим алууга заманбап шарттар жаратылыптыр. Болочокто модельер-дизайнер боломун. Анан Кыргызстандагы жеңил өнөр жайын өнүктүргөнгө колумдан келишинче салым кошсом деген изги тилектемин.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17