Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖАШТАР МЕДИА САБАТТУУЛУКТА

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖАШТАР МЕДИА САБАТТУУЛУКТА

 1,973 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарынын жаштары «Медиа сабаттуулук» менен таанышышты. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу Чинара Масирбаева билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-19-20-сентябрь күндөрү жаштарга “Медиа сабаттуулук” боюнча тренинг-семинар өтүлгөн. Аталган үч күндүк окууга журналистикага кызыккан 20 жаран катышкан. Аларга кесипкөй жана жарандык журналист деген ким, “факт чекинг” деген эмне, сюжет кандай даярдалып, макала кантип жазылары тууралуу кенен түшүнүктөр берилген.

Үч күн ичинде аларга жергиликтүү, көп жылдык тажрыйбасы бар журналисттер Уулкан Кожоева,  Элиза Акжолтоева,  Руслан Калматов, Санрабия Сатыбалдиева жана оператор Улукбек Боронбаевдер келип, өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп кетишкен. Мындан сырткары 3 күндүк окуунун алкагында областтык “Аймак” гезитинин редакциясына жана ЖМТРКнын мекемесине саякаттар уюштурулган.

Кошумчалай кетсек, аталган үч күндүк окуу буга чейин Ош шаарында өткөн “Медиа Лагердин” уландысы болуп саналат. Ал эми бул саамалык “Борбор Азиядагы дебат билим берүү ассоциациясы” тарабынан каржыланган.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17