Аймак

КАЙБЕРЕНДИН КАРГЫШЫ (Аңгеме)

КАЙБЕРЕНДИН КАРГЫШЫ (Аңгеме)

 5,349 Бардыгы /

Ошол жылы кар күтүүсүздөн эрте жана оор түштү. Ноябрдын жыйырмасында үч күн тынбай кар сампарлап жаап, калыңдыгы бир метрге жакындап барды. Тизеге жетпеген карда талаадан дегеле түшпөгөн жылкылар дагы мындайда толук  кол карап калат. Арстанбаптын этегине жайгашкан айылыбыз Катар-Жаңгак, дегеле айлана-теребел тегиз дүпүйүп, аппак дүйнөгө чулганып жатып калды. Жалбырактарын толук түшүрө элек алп жаңгак дарактары бутактарына жабышкан оор карды көтөрө албай  шактары айрылып, токойго дагы бир топ запкысы тийди.

Калың жааган кардан бир жума өтпөй жаңгагы калың өскөн Ой-Караган токоюнда жалгыз теке кийик  жүрүптүр деген сөз айылды бачым аралады.  Кийик жаныбарды айылыбыздагы Улуу Ата мекендик согуштун, ага катышкан жоон топ карылардын ичинен жападан жалгыз калган кадырман ардагери Жапар көрүптүр. Ал талаага күзүндө жыйып, кашагалап койгон саманынан кабар алганы барганда көргөн имиш. Анын айтымында  жетилген келишимдүү кийик теке ачкалыктын айынан ылдыйлап түшкөн сыягы. Жапар долоно менен тосулган кашанын бир четин кайберен ээн эркин кирип-чыгып, самандан каалашынча азыктанып турсун үчүн ачык калтырганын  айткан. «Кайберендин тукуму ыйык болот, ага эч ким залакасын тийгизбеши керек» деген бүтүмгө келишти бир ооздон айылыбыздын аксакалдары. Күн жылымдап өз өкүмүн чыгарганда, кыш каарынан тайганда теке кийик тоого карай, өз жайытына өрлөп чыгып кетет дешти көптү көргөн кадырмандар.

Ата, теке кийикти көрүп келбейлиби?- дедим атама чын дилимден.

Макул балам, кар бир аз ката түшсүн, анан ат менен барып кабар алабыз,- деген атам менин көңүлүмдү ансайын көтөрүп койду.

Ага сөзсүз буудай менен жүгөрүдөн жем ала барабыз, макулбу ата?- дедим кубанычым койнума сыйбай.

Албетте балам, кийик жапайы болгондуктан колдон жем жебейт. Бирок кар бетине чачып  койсок, өзү таап жеп алат,- деген атам менин сунушумду чын дилинен колдоду. Мен шаңырайып, корстон боло түштүм.

Кийик текени жакын жерден көрүүгө болгон менин ынтызарлыгым, таттуу кыялым тилекке каршы таш каап, ишке ашпай калды. Арадан үч күн өтпөй  айылыбыздагы Мүтүш кийик текени атып келиптир деген капсалаңдуу кеп айылга чагылгандай тез тарады.

Ой-Караганга жетиш оңойго турбады, досторум. Эртең менен эрте чыкканым менен мелжеген жерге түш оой араң жеттим. Кардын калыңдыгынан ат жаныбардын кадамы такыр арбыбай илкип жүрүп олтуруп, түш оогондо Жапар чолок жыйган саманга араң жеттим. Кийик жаныбар кашаанын ичинде экен. Мен жакындаганда кашаадан жебедей атылып, секирип чыкты. Калың карда кайда бармак эле, бута атымдай узаган соң мени карап, көзү жанып жалдырай туруп берди. Мылтыктагы жалгыз ок менен как чыкыйына тарс эттире атып, сулатып алдым. Жаныбардын сулпун атка арта албай аябай кара терге түштүм, эптеп жатып араң атка сүйрөттүм, жол катар кийиктин аркайган мүйүзү жер менен карды чийип жүрүп олтурду. Келерим менен кийиктин терисин сыйрып, жиликтеп койдум. Эттен алгыла, мындай шамалык капсан шыралганы башыңарга чач чыкканы даамдай элексиңер. Үй-бүлөм менен деле сары майдай сактап, кышы менен аздектей майдалап жесем деле жарашмак, бирок силердей досторумду кыялбадым,- деген Мүтүш тердеп-тепчий маашырлана мактанып, жаздыкта жамбаштап жатты.

Ысылыгы сенден, ич кызытмайы бизден болсун досум. Биздей  досторуңдун камын ойлогон  сен дегеле ооматтуу жигитсиң, келгиле достор, Мүтүшүбүздүн ден соолугу үчүн бөдөнөнүн сүтүнөн сеп этип коёлу!- кызып калган Кадырбек арак куюлган пиаласын көтөрдү.

Туура достор, өлбөгөн жанга бир жыргайлы. «Күнчүлүк өмүрүң болсо – түштүгүнө жорго мин» деген экен бабаларыбыз. Андыктан арак түгөнүп калат экен деп дегеле камтама болбогула, керек болсо жашыгы менен келтирип коёмун,- деген дүкөнчү Калдарбай өзүнчө  маашырланып жайдары  жана тим эле телегейи тегиз.

– Жапар чолоктун айтканына не дейин? Кысталактыкы!… Энчилерине тийгенсип, аксакалдар «кийик текеге тийбегиле дебеди беле?» деп, жанымды кашайтып, күйгүзө сүйлөгөнүнө  не берейин?! Колуңдан келсе, кийик текени кармап келип үйүңө зоопарк ачып албайт белең?- десем мыш болуп, кейбир төкөр үйүнө чолоңдоп кирип кетти. Тилдеринен тартышсын, колдорунан пок келбеген осурак чалдар ойду-тоону дөөрүй беришет. Тапкан тапалактыкы дейт элибизде, колдорунан келсе атып алышпайбы мага окшоп, аларды ким тыйды? Же туура эмес айтып жатамбы?- аракка өзүн алдырып, кыйла кызып мас болуп калган Мүтүш баатырсына төшүн кагып, мактанып жатты.

Ичтери күйсө, туз жалашсын, алардын былжыраган сасык сөздөрүн урганым жок. Келгиле, андан көрө көзгө атаар мергенибиз Мүкөмдүн ден соолугу үчүн алабыз,- деген санаалашы Садыр арак куюлган пиаласын Мүтүш менен кагыштырды.

– Жапар чолокко дегеле жакшылык жарашпайт, өзүнө тың болсо согушта немистерге сопсоо бутун калтырып, темир бутка алмаштырбайт болчу. Пейилинен тартсын, төкөр мунжуга чала гана болот! Жеңиш майрамында тим эле кадаланып, көкүрөгүн орден-медалдарга толтуруп, Берлинди жалгыз өзү алгандай корстон болуп калганына не дейсиң, шоруң гана каткыр кейбир десе! – Муктардын сөзүн колдогондордун ха-халаган  кыраан-каткырыктары үйдүн ичин түп көтөрдү.

Мүтүштүн үйүндөгү үлпөттөн чыккан күлкү, кыраан-каткырыктар, музыкант Сүйүндүн безеленген обондору, анын чебер ойноосундагы аккордеондун  үнү айылдан сырткары тээ алыска угулуп, таң куланөөк салганда барып басылды.

Эртеси Мүтүш баласынан, менин классташ жана парталаш досум Эркинден кийиктин жото жилиги менен кабыргасын ооз тийсин деп үйгө бердирип жибериптир. Атам мектептин мугалими болгондуктан айылыбызда кадыр-баркы чоң.

Сени сыйлап,  Мүтүш иниң кийиктин этинен устукан бергизип жибериптир,- деген апам дасторкондун четине бышкан этти койду.

Кайниме рахмат, балдарды кийиктин этинен ооз тийсин дегени да,- деген апам эт салынган табак менен бычакты атамдын алдына жылдырды.

Жан дүйнөм сыздап ооруп, буулугуп жабыркап чыкты. Көзүмдөн тамчылап аккан ысык жашты токтото албай калдым. Карегимден сызыла аккан көз жашым дасторконго, чай куюлган пиалама тамчылап кетти.

Атам: – Кайберендин каргышы ургур! Оозуна илинээрге чөп таппай, адамдарды  байырлап, тоодон ылдыйлаган ыйык жаныбарды атканга кантип колу барды экен, канкор мыкаачынын?! Эмне деген шумдук, бул Мүтүш адам эмес эле жеткен жаналгыч, жырткыч  турбайбы! Кайберендин тукумун төрт аяктуу карышкыр жебей, адам кейпинен чыккан эки аяктуу  жырткычтын колунан ажал тапканы эмнеси!? Оңбогон гана браконьер десе!- Ушул саам  атам андан ары айтаарга сөз таппай, колдору калтырап, муундары титиреп чыкты.

Кайберендин кусуру ургур, раматылык атасы Көчөр абам жакшы адам болчу, бул жырткыч кайдан мындай жаралып калган, жеткен көркоо, накта наадан экендигин буга чейин билген эмес турбаймынбы. Алдагы арам этти өзүнө алып барып бер, зөөкүрдүн мындай сый-урматына мен зар эмесмин! -Кагынып силкинген атам ордунан туруп, сыртка карай жөнөдү.

Эй, жарыктык, сага эмне болду? Мүтүш кайним атпаса, башка дагы бирөөсү атып алмак да, ырыскыйдылыгын көрсөңөр мунун? Алдыңа алып келдиби, ушунусуна дагы шүгүрчүлүк  келтирип, унчукпастан  жеп койо бербейсиңби?- деген апам атамдын чорт кыялына түшүнө албай аң-таң айран болду.

Сен дагы сагызгандай шакылдабай жаагыңды бас!  Кайберендин тукумуна кол салган адам эч качан оңгон эмес!

Маанайым абдан чөгүп, атамдын артынан илкий басып мен дагы сыртка чыктым. Атам тонун чечип салып, балта менен отун жара баштады. Ал кайберендин өлүмүнө болгон ачуу ызасын отундан, билегиндеги болгон күчүн, көкүрөгүндөгү күйүтүн балтадан чыгарып, чарчаганын такыр сезбей отундарды жарып кирди. Атам экөөбүздөн башкасы – апам, эки иним жана кичинекей карындаштарым кийиктин этинен ооз тийишти. Кийиктин сөөгүн кечке Актөш кажыды.

… Буудай бышкан маалда ооруканада дарыланып жаткан Мүтүштүн сөөгү айылыбызга капилеттен келди. Анын үйүнүн тушуна «Тез жардам» машинеси келип токтогондо өкүрүк менен ызы-чуу чыгып, элдин баары анын үйүнө карай агылып келе баштады. Ооруканада эки айга чукул жаткан Мүтүш жабышкан дартынан оңоло албады. «Болду-болбоду, аны кайберендин каргышы соо койбоду» деген ой негедир мээмде бекем катты да калды.

Атасы каза болгондон кийин классташ досум Эркин балалыгы менен түбөлүккө кош айтышты. Ал негедир ойчул жана түнт болуп кетти. Биз менен аралашып ойногонун такыр тыйды. Мектептен келери менен апасына кол кабыш кылып, эзели бүтпөгөн үй тиричилиги менен алек. Айтор досум Эркин үй тиричилигинен такыр колу бошобой калды. Бизге окшогон, оюнга түк канбаган тентек безерилерден биротоло кол үздү. Сууга чөмүлгөндү, боз-ала чаңга бөлөнүп, шам түшкөнгө чейин футболго азгырылган «топ жиндилерине» кошулбай, бирөөнүн короосуна алмага  уурулукка киргенди, элдин чарбагынан картошка уурдап, талаада чокко көмүп жеген өңдүү «өнөрлөрүбүзгө» эми такыр аралашпай биротоло алыстап, четтеп кетти. Чынында мындай иштерге, биздин жосунсуз жоруктарыбызга  аралашууга атасынан эрте айрылган Эркиндин убактысы эми такыр жок болчу.

Тагдыр башка салганга чыдабаска, ага көнбөскө арга жок турбайбы. Мага, негедир турмуш деген кургуруң  өзүнүн олчойгон оор жүгүн али бели ката элек  Эркин досумдун желкесине эрте эле артып салгандай туюлду. Көрсө, атанын карааны менен кеп-кеңеши, анын сөлөкөтү балдарына аска-тоодой  бекем чеп болот турбайбы. Эркин досум эч кимди аябаган тагдырдын катаал жазмышына майтарылып кайышпады, турмуштун башка салган оор мүшкүлүнө тизе бүгүп мүңкүрөп сыздап ийилбеди. Кайра тескерисинче, күн санап өжөрлүк менен болоттой чыйралып, тыным билбеген аракетчилдигин, чыдамкай көктүгүн көргөздү. Атасынын ордун жоктотпой, анын иштеринин  учагын улай баштады. Артынан жөжөлөрдөй чубалжыган инилери менен карындаштарына баш-көз, арка-бел болду. Ошентип парталаш Эркин досум биздей досторун эрте «чанып», турмуштун айлампа сымал чамгырык тиричилигинен улам эртеле кадыресе салабаттуу чоң кишиге айланып калгандай туюлду. Ал эми сапары эч качан карыбаган жашоонун улуу көчү болсо өз агымында, турмуш болсо өз нугунда кадимкисиндей уланып жатты…

Жолдошбай ОСМОНОВ, жазуучу,  Жалал-Абад шаарынын тургуну

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17