Аймак

21-ФЕВРАЛЬ – ЭНЕ ТИЛДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ!

21-ФЕВРАЛЬ – ЭНЕ ТИЛДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ!

 1,868 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД.  Бүгүн 20-февраль күнү 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнү карата К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде илим, искусство жана маданият ишмерлери менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы маалымдады.

 Коомчулукка белгилүү болгондой, 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнү катары 2000-жылдан бери ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясынын 30-сессиясынын чечимине ылайык белгиленип келүүдө. Бул күндү белгилөөнүн башкы максаты – тилдик жана маданий көп түрдүүлүктү коргоо. Ушул маанилүү күндү утурлап, К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Борбордук китепканасында үстүбүздөгү жылдын 20-февралында философия жана табигый илимдер кафедрасынын профессор-окутуучулар курамы ЭАУ студенттеринин  илим, искусство жана маданият ишмерлери менен жолугушуусун уюштурушту. Жолугушууга “Манас”, “Курманбек” дастандарын айтуучу Маатов Алимбай, акын жана кыргыз фольклорчусу Жусупбеков Асанбай, журналист жана жазуучу Абдилатипова Мубара, балдар акыны Жумалиева Максуда чакырылышкан. Муну менен бирге, ЭАУнун Борбордук китепканасынын окурмандар залында кыргыз тилине жана адабиятына, фольклоруна жана маданиятына арналган адабияттын, айрым тарыхый экспонаттардын көргөзмөсү уюштурулган. Аталган иш-чара жалпысынан тематикасы, арналуусу боюнча кызыктуу жана мазмундуу болуп, катышуучуларынын купула толду.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17