Аймак

Жалал-Абадда америкалыктар кыргызча ырдашты

 1,806 Бардыгы /

Жалал-Абадда  америкалыктар кыргызча  ырдашты

Жалал-Абад шаарынын Барпы театрында Америкадан келген “WINDBORNE” ансамбли “Америка музыкасы чет өлкөдө” же болбосо америка элдери менен адамдарды жакындаштыруу жана америка музыкасынын баалуулуктары менен көп түрдүүлүктөрүн, анын дүйнөлүк маданиятка кошкон салымын кеңири таанытууга багытталган маданий алмашуунун адамдардан адамдарга деген программадагы концерти болуп өттү.
Концерттин негизги максаты бүткүл дүйнөдөгү адамдарга көркөм өнөр жана музыканын жардамы менен жалпы тил табышууга жардам берип, АКШнын дурус беделин калыптандырууга көмөк көрсөтүп жана дүйнөлүк аудиторияга америкалык музыканттар менен түздөн-түз баарлашуу мүмкүнчүлүгүн берээрин коноктор баса белгилешти.
Аталган концерттин өзгөчөлүгү америкадан келген коноктор кыргызча ырдашканы менен көрүүчүлөрдүн көңүлүн алышты.

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА “Аймак”

Жалал-Абадда  америкалыктар кыргызча  ырдашты
Жалал-Абадда  америкалыктар кыргызча  ырдашты

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17