Аймак

ЖАМУга 97 ЖЫЛ (1923-2020-ЖЫЛДАР)

ЖАМУга 97 ЖЫЛ (1923-2020-ЖЫЛДАР)

 1,890 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 2020-жылдын 2-апрелинде Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлгөндүгүнө 97 жыл толду. Бул тууралуу ЖАМУнун ректору Кеңешбек Усенов кесиптештерин куттуктайт.

 

Урматтуу кесиптештер! Баарыбыздын башыбызди бириктирип, илим-билим мейкиндигинде канат керишибизге объект болуп турган, жалпы мамлекетти жана чет өлкөнү кесипкөй кадрлар менен толуктап турган ЖАМУнун туулган күнү менен куттуктайм.

2020-жылдын 2-апрелинде Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлгөндүгүнө 97 жыл толду.

Жогорку билимдүү адистерди бир кылымга жакын убакыттан бери билимге ынтызар жаштарды кучагына алып, кесипкөй адис катары даярдап уясынан учуруп келет. Сиздер даярдаган жаш кадрлар дүйнөнүн булуң бурчунда жана өлкөдө эмгектенишүүдө. Ошондой эле профессордук-окутуучулар курамы окуу жайдын илимий потенциалын көтөрүүдө талыкпай изденип, илимдин жаңы баскычтарына чыгышууда. Учурда 21 профессор, 100дөн ашык илимдин кандидаты эмгектенет. Ар бириңиздер университеттин өнүгүүсүнө эбегейсиз зор салым кошуп, заман талабына шайкеш окуу жайдын уучун улоодосуздар.

Университеттин материалдык-техникалык базасы чындалып, толук кандуу санариптештирилген. Окуу корпустары оңдоп түзөөдөн өтүүдө. Ар бир аткарылган алгылыктуу иштер, жетишкен ийгиликтердин артында ардактуу кесиптештер сиздер турасыздар. Баарыбыз биргеликте ынтымак менен окуу жайды өнүктүрүп келебиз. Өлкөдөгү жагдайга жараша окутуучулар өз милдеттерин убагында так аткарышуудасыздар.

Тарыхы болбой эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт дегендей биздин окуу жайдын да тарыхы алтын тамгалар менен жазылып келет. ЖАМУ жайгашкан аймак, илгертеден эле агартуунун башаты болуп келгендигине илимий сереп салган “Жалал-Абад –билим берүү башаты” –деген китеп эки жыл мурун ЖАМУнун 95 жылдык юбилейлик датасына арналып жарыкка чыккан жана андагы маалыматка ылайык, 1920-1923-жылдары сабатсыздыкты жоюну ишке ашыруу максатында кыска мөөнөттүү окуу курстарына жөнөтүү (ЖАОМА. Ф.199. оп.1, д.12 ), ушул архивдик маалыматка улай 1923-жылы 22-июнда өткөрүлгөн Кугарт аскердик ревкомунун кошмо жыйынынын 15-токтомунда курстарды финансылык каржылоо булактарын табуу маселеси көтөрүлүп (ЖАОМА. Ф.199. оп.1, д.24, 273-бет), 1924-жылы 10-декабрдагы жыйында И. Арабаев Ош, Жалал-Абад аймактарындагы эл агартуунун абалы тууралуу доклад жасап, бул аймактардагы педагогикалык курстардагы жумуштарда үзгүлтүккө учураган учурлар болгон жок деген маалыматы (БМА. Ф.647. оп.1, д.14, 1-2-бет ), ошондой эле Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын ревкомунун областтык билим берүү академиялык борборунун төрагасы болуп турган И. Арабаев 1925-жылдын 5-февралында жасаган докладында Жалал-Абадга кыска мөөнөттүү педагогикалык курс ачылгандыгын жана эки жолу бүтүрүүчү чыгаргандыгын (БМА. Ф.647. оп.1, д.34, 1-бет ), ал эми областтык саясий агартуу бөлүмүнүн башчысы Уркунчиев (архивде көрсөтүлгөндөй берилди) 1924-1925-жылы жасаган отчеттук докладында Жалал-Абаддагы кыска мөөнөттүү курс (БМА. Ф.647. оп.1, д.178, 18-бет ) тууралуу сөз кылат. Демек жогоруда аталган китептеги бир катар тарыхый-архивдик далилдер келтирилгендигине карабастан кыйыткан сын-пикирлер айтылган. Талаштан тактык жаралат демекчи, ал сунуш-пикирлерди туура кабыл алып, дагы да изденүү аракетин колго алуунун натыйжасында Жалал-Абадда чынында эле алгачкы окуу курс ачылгандыгын түздөн-түз далилдеген архивдик маалымат гезит бетине жарыяланды. Ал маалыматты өзгөртүүсүз сунуштасам: “ФАРГАНАДА КЫРГЫЗ МУГАЛИМ ДАЯРДОО КҮРСҮ ЖАЙЫНАН – эң авалы Жалал-Абадда 15нчи ийунда ачылып үч ай өткөн соң жагни 15-сентабирде 15 мугалим бүтүрүп чыкты. Аз чыгуунун себеби мурун кыргыз ичинде мугалим аттуунун жоктугу болду. Андан соң күрсү “Ошко” көчүб дагы үч ай созулуб окутулмакчы болду. Чыккандардын ордуна бала толтуруб алынды. Ушуну менен азыркы күндө баарысы 66 адам окуп жатат. Булардын көбү уошчу кедейлердин балдары. Кыш күнү кийимсиз курсанттарга алыс барып окуунун өзү кыйын. Эми мунун да жаңы мугалим, жаңы мактепке толук ээ болгон Фаргана кыргыздары , мына бул көрсөткөн турмуш жагы түзөтүлүб бери чети йануварга , ары чети жазга чейин окутулса, жаңы мугалим, жаңы мактепке ээ болуп калышында талаш болбосо керек. “Мугалим” “Эркин-Тоо” №2, бейшемби 25-нойабр 1924-жыл”.

ЖАМунун түптөлүшүнө негиз болуп саналган фактыларды, маалыматтарды сиздерге сунуштоо менен өзүм иштеп жаткан окуу жайдын тарыхы да терең экендигин коомчулукка жеткирүүнү максат кылдым.

Кымбаттуу кесиптештерим, Сиздерди майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайм! Ден соолук, ишиниздерге ийгилик каалайм.

 

Сиздерди урматтоо менен, ЖАМУнун ректору Кеңешбек Усенов.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17