Аймак

УЛУТТУК ТАМАК-АШ ЖАНА КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК КӨРГӨЗМӨСҮ

УЛУТТУК ТАМАК-АШ ЖАНА КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК КӨРГӨЗМӨСҮ

 6,321 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарындагы 5 аймактык башкаруу ат салышып, Достук жеңип чыкты.

Бугүн 22-сентябрда, Кыргыз тили Мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 28 жылдыгына карата улуттук тамак-аштардын жана кол өнөрчүлүгүнүн жарманкеси болду. Ариет балдар чыгармачылык борборунун жаш жеткинчектеринин кол өнөрчүлүгү жарманкеге коюлуп, жеңүүчүлөргө 2 000 сом акчалай сыйлыктар тапшырылды.

[ngg_images source=”galleries” display_type=”photocrati-nextgen_basic_slideshow” gallery_width=”600″ gallery_height=”400″ cycle_effect=”fade” cycle_interval=”10″ show_thumbnail_link=”1″ thumbnail_link_text=”[Показать эскизы]” order_by=”sortorder” order_direction=”ASC” returns=”included” maximum_entity_count=”500″]

 

 

Жалал-Абад шаарындагы беш аймактык башкаруулар улуттук тамак-аштардын жарманкесин жайып, жарышышты. Шаардык мэриянын социалдык иштер боюнча адиси Гулина Базаркулова: “Бул жарманке учурда учурда жаш балдар тез даярдалчу жасалма азыктарды жеп ден соолугуна зыян келип жатат. Аларды азайтып, улуттук тамак аштарды пропагандалоо үчүн уюштурулуп жатат” – деп билдирди.

Биринчи орунга “Достук” аймактык башкаруусу жетишти. Жети миң сом акчалай сыйлык берилди.

Экинчи орунду Тайгараев аймактык башкаруусу алды. Беш миң  сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Үчүнчү орунду мөмө жемиштерден жасалган гүл ассортименти менен өзгөчөлөнгөн Чынгыз Айтматов аймактык башкаруусу багындырды. Үч миң жети жүз сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

 

 

Ошондой эле Спутник жана Курманбек аймактык башкарууларына активдүү катышып бергени үчүн акчалай миң сомдон акчалай сыйлыктар берилди.

“Аймак”

[ngg_images source=”galleries” display_type=”photocrati-nextgen_basic_slideshow” gallery_width=”600″ gallery_height=”400″ cycle_effect=”fade” cycle_interval=”10″ show_thumbnail_link=”1″ thumbnail_link_text=”[Показать эскизы]” order_by=”sortorder” order_direction=”ASC” returns=”included” maximum_entity_count=”500″]

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17