Аймак

Түштүк Корея: таасирленткен он күн

 4,494 Бардыгы /

Түштүк Корея: таасирленткен он күн

Ноябрдын аягында күтүүсүздөн Корея Республикасынын Жаңы кыштак кыймылынын (“Сэмаыль ундон”) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан Түштүк Кореяга барып, аталган кыймылдын, жалпы эле бул өлкөнүн өнүгүү тарыхы боюнча кеңири маалымат алуу бактысына туш келдим. Азиянын кыска аралыкта тез өнүккөн өлкөлөрүнүн бири болгон Корея Республикасы Кыргызстанда бир катар долбоорлорду жүзөгө ашыруу менен биздин өлкөгө олуттуу колдоо көрсөтүп жатат.
Бирок, бул өлкө өткөн кылымдын 70-жылдарынын башталышында дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарында турганы биздин өлкөнүн жашоочуларына белгилүү боло бербесе керек. Мына ошондуктан, мен бул жол очеркинде өлкөнүн азыр бизге белгилүү болгон өнүккөн учурдагысына катар эле анын өткөндөгү тарыхына алардын жашоого көз карашынан жана кыргыздардын көз карашынан алып салыштыруу менен кыскача экскурс жасоону туура көрдүм.
Менин пикирим менен макул болуу же болбоо – окурмандын өз эрки.

Төңкөрүштүн баары эле жаман болбойт

Алгач тарыхтан бир аз маалымат. Түштүк Кореянын азыркыдай өнүккөн мамлекет болушуна 1961-жылы 16-майдагы аскердик төңкөрүштөн улам бийликке келген президент Пак Чон Хинин (азыркы аял президент Пак Кын Хенин атасы) салымы зор. Бирок, ал боюнча кореялык коомчулукта ар кандай полярдуу пикирлер бар. Ошентсе да Кореянын элинин басымдуу көпчүлүгү анын эмгегин баалап жүрүшөт.
Пак Чон Хи 1917-жылы Корея Япониянын оккупациясы астында турганда (1910 – 1945-жылдар) төрөлгөн. Ата-энеси тектүү жерден болбосо да, 1932-жылы кадыр-барктуу гимназияга кирип, аны аяктагандан кийин бир нече жыл Бункэе шаарында окутуучу болуп иштеген. 1940-жылы Пак Квантун армиясынын (Япониянын) командачылыгынын колдоосу менен түзүлгөн Маньчжоу-Го аскердик академиясына кирген жана эң мыкты бүтүрүүчүлөрдүн катарында Япониянын императордук армиясынын академиясына окууга тандалып алыган.
Аны аяктаган соң Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаганга чейин Кореянын армиясында кызмат өтөгөн. Согуштан кийин коммунисттик партиянын катарына кирип, ал үчүн кийин камакка алынган жана аз жерден өлүм жазасынан аман калган. Анткени, Кореянын ошол кездеги президенти Ли Сын Ман берген мунапыска кирип калган. Кийин ал аскердик чалгындоонун офицери болуу менен өзүнүн мурдагы идеялаштары – коммунисттерди аныктоо жана жок кылуу өнөктүгүнө катышкан, анан армиядан бошотулган. 1950 – 1953-жылдары Түндүк Корея менен Түштүк Корея согушунда кайра армияга барып, генералдык наамга чейин жеткен.
1961-жылы аскердик төңкөрүш жасоо менен бийликке келген. Кызыгы – ошол кездеги президент Юн Бо Сон төңкөрүшчүлөрдү жактоо менен АКШнын жетекчилигин жана башка аскердик командирлерди окуянын жүрүшүнө кийлигишпөөгө ынандырган. А өзү 1962-жылы мартта отставкага кетүү менен Пак Чон Хинин бийлигин легитимдештирген. Анткени, ал убакта өлкө бийликтери коррупцияга батып калышкан жана элдин бийликке нааразычылыгы күчөгөн.
Пак Чон Хинин алгачкы кадамдарынын бири Кореянын Борбордук чалгындоо башкармалыгын түзүү болгон. Анын милдети – ошол кездеги реалийлерден улам Түндүк Кореянын агентурасы, ички оппозиция менен күрөшүү болгон.
АКШнын кысымы менен Пак Чон Хи өлкөдө жарандык башкарууну калыбына келтирүү үчүн алгач 1962-жылы президенттик башкаруу формасын кайтаруу үчүн референдум өткөргөн жана 1963-жылы президенттик шайлоо жарыяланган. А өзү алгач ал шайлоого катышууну каалабаган, бирок тилектештеринин кысымы астында шайлоого барууга макул болгон. Ошентип 15-октябрда ал бир пайыздай артыкчылык менен атаандашы Юн Бо Сонду жеңип алган.
Пак Чон Хинин бийлик башына келгенден кийинки программалуу болуп калган төмөндөгү сөзүн бизге айтып беришти: “Кореянын тарыхы 5 миң жылга созулат. Ошончо убакыт аралыгында калктын аз бөлүгү жакшы жашап, а басымдуу көпчүлүгү жакыр жашап келишти. Беш миң жылдан бери биз бул азаптан чыга албай келебиз. Келгиле, жалпы аракет менен андан чыгып кетели”.

Капиталисттик Кореянын беш жылдыктары

Пак Чон Хи бийликте турган убакта Түштүк Корея социалисттик мамлекет болбосо да СССРдегидей экономиканы өнүктүрүүнүн беш жылдык пландарын түзгөн жана бекиткен. 1962-жылдан 1996-жылга чейин жети беш жылдык план кабыл алынып, алар биздегидей көз боемочулук менен эмес, реалдуу аткарылган.
Өлкөнүн өнүгүү этаптарында конкреттүү максаттар коюлганы да кызык. Айыл чарбасын өнүктүрүү – жеңил өнөр жайын өнүктүрүү – индустриалдаштыруу, автомбиль өнөр жайын жана маалыматтык технологияларды өнүктүрүү. Булар ишке ашырылып, эми Түштүк Кореянын алдында космонавтика жана жогорку,технологияларды өнүктүрүүгө жетишүү милдети турат.
Ушундан улам атактуу кытай реформатору Ден Сяопиндин: “Кеп мышыктын ак же карасында эмес, анын чычкан кармаганында” деген сөзү менен макул болосуң.

Революция – бийликтин алмашуусу эле эмес, конкреттүү натыйжалар

Негизи корейлер өз тарыхына баа берүүдө “революция” деген сөздү көп колдонушат экен. Мисалы, 1970-жылга чейин корей эли дээрлик ачарчылыкты баштан кечирип турганда, мамлекеттин саясаты азык-түлүктү импорттоо менен төмөнкү бааларды кармап турууга багытталган. 1970 – 1979-жылдары негизги тамак болгон күрүч менен элди толук камсыз кылуу планы “жашыл революция” деп аталган. Андан кийинки “ак революция” (1980 – 1989-жж.) тездетилген айыл чарба коммерциялануусуна жана капитал сыйымдуу жер иштетүүгө багытталган. 1990 – 1999-жылдары айыл чарба секторунда структуралык реформалар жүргүзүлгөн.
Жогоруда айтканыбыздай, 1970-жылга чейин адамдар март айынан май айына чейин ачкачылыктын азабын тартышкан. Ал мезгилди “Бори Коге” – “арпа” деп аташкан. Анткени күзүндө жыйналган күрүчтүн запастары жазында түгөнүп калып, адамдар март айында арпа эгишип, ал май айында бышканда гана ачкачылыктан кутулушчу экен. Корейлер күрүчтүн жаңы жолгорку түшүмдүү сортун чыгарышкандан кийин 1975-жылы бул азаптан толук кутулушкан.
Ошондон улам биз, кыргыздар, да бир бийликти экинчиси менен майнапсыз алмаштырууну революция деп мактанбай, өлкөнүн турмушундагы конкреттүү натыйжаларга жетише билүүнү үйрөнсөк. Ансыз, улам төңкөрүш жасаган сайын артка кете берчүдөйбүз.

А баары айылды өнүктүрүүдөн башталган

Расмий статистикага ылайык, Пак Чон Хи бийликке келген 1960-жылдардын башталышында корей калкынын 70%ы айыл жеринде жашаган (өнөр жайы өнүкпөгөн өлкөлөр үчүн мүнөздүү көрсөткүч). Айыл жашоочуларынын 80%ы камыш үйлөрдө турушкан. Кыштактардын 20%ы гана электр менен жабдылган. Өлкөдө – дайыма ачарчылык жана суу каптоолор. Калктын жан башына ички дүң продуктынын көлөмү – 87 доллар.
Ошол кезде дагы 50 жылга жетпеген мезгилде Түштүк Корея дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөлөрдүн тизмесинде 12-орунга чыгат деген ой корейлердин өздөрүнүн түшүнө да кирген эмес чыгар. Тарыхтан аналог издесек, диктатор катары кабылданып жүргөн Сталиндин ишмердүүлүгүнө ал өлгөндөн кийин анын келишкис оппоненти Уинстон Черчилль: “Ал өлкөнү соко менен кабыл алып, атом бомбасы менен мураска калтырды”, – деп баа бергендей, генерал Пак Чон Хи да өзүнөн кийин өнүккөн жана туруктуу өнүгүү жолунда турган өлкөнү калтырды. Бирок, бул анын жана жубайынын өмүрүн алган (ал жөнүндө макаланын ортосунда сөз болот).
Түштүк Кореянын согуштан кийинки тарыхында 1970-жылдын 22-апрели өзгөчө орунда турат. Мунун В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгына эч тиешеси жок. Дал ушул күн – Түштүк Кореянын өнүгүүсүндөгү зор роль ойногон “Семаыль ундон” кыймылынын (макаланын башталышын караңыздар) башталыш күнү. Аны азыркы биздин адамдарга түшүнүктүү болгон калкты социалдык мобилизациялоо термининин синоними катарында кароого болот. Анын урааны: “Тырышчаактык – Өзүнө-өзү жардам берүү – Көмөктөшүү”. А максаты: аң-сезимди реформалоо – чөйрөнү жакшыртуу – кирешелерди көбөйтүү.
Ошол жылы күзүндө (октябрда) бүтүндөй өлкө боюнча 33 267 кыштактын ар бирине 335 каптан цемент түрүндө колдоо көрсөтүлгөн. Эмне үчүн цемент? Анткени ошол жылы Кореяда курулуш тармагында кризис болуп, цемент өтпөй калат. Аны өндүрүүчүлөрдөн өкмөт сатып алуу менен элеттиктерге колдоо катарында таратып берет. А калган материалдар (таш, шагыл, кум) бардык жерде жетиштүү болгон.
Эмне үчүн күзүндө? Анткени, ошол учурда кыштактардын жашоочуларынын дээрлик бардыгы негизги өсүмдүк болгон күрүчүн жыйнап алышкандан кийин жазга чейин ишсиз калышкан. Анан эркектер арак ичүү жана кумар ойноо менен күн батырышкан. Ошондуктан аларды бекерпоздуктан арылтуу үчүн ишке тартууга күз айы тандалып алынган.

“Сэмаыль” – жаңы кыштак эле эмес, жаңы аң-сезим

“Сэмаылдын” принциби биздеги теңдечилик принцибинен түп-тамырынан айырмаланып турат. Анткени, теңдемечилик принцибинде мамлекет алдыңкы региондордун эсебинен артта калган региондорду колдосо, “Сэмаыль”, тескерисинче, алдыңкыларды андан-ары колдоо принциби боюнча иштеген.
Мамлекет ар бир айылдагы лидерлерди колдоого алган, “Сэмаылдын” принциптерине окуткан жана жылдын жыйынтыгы менен эң мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен 16 600 кыштакка кийинки жылы 500 каптан цемент жана 1 тоннадан арматура түрүндө колдоо көрсөтүүнү уланткан. Натыйжада өнүккөн кыштактарда мурдагы камыш менен жабылган үйлөрдүн ордуна черепица жабылган үйлөр, цемент коргондор, жолдор, көпүрөлөр курулуп, элет инфраструктурасы өнүктүрүлгөн. Мына ошол өнүккөн кыштактарга мамлекеттен кайрадан жардам болуп жатканын көрүшкөн артта калган кыштактардын жашоочулары алардан үлгү алууга аракеттенише башташкан.
Анын үстүнө ар бир кыштакка муниципалитеттин бирден кызматкери жооптуу катарында бекитилип, анын кызматтык карьерасы ал өзү жооптуу болгон кыштактын өнүгүшүнөн көз каранды болгон. Кызматкер күн сайын эртең менен ишине баруудан мурда өзү бекитилген кыштакка барып, кечээ эмне иштер аткарылгандыгы боюнча маалымат алып жана ошол күнгө карата көрсөтмө берип турган. Алгач айылдардан башталган “Сэмаыль” кыймылы кийин шаарларга да жайылтылган.
Ачыгын айтканда, программанын ийгиликтүү болушунда мамлекет башчысы Пак Чон Хинин өзүнүн жеке салымы чоң болгон. Ал өзүнүн демилгесинин жер-жерлерде кандай аткарып жатышканын текшерүү үчүн күтүүсүз жерден региондорду кыдырган. Иш жакшы болгон жерлерде лидерлер менен муниципалдык жетекчилерди сыйлап, начар болгондорунда жазаларды берген.
Натыйжада өлкөдө кыштактардын 3 категориясы пайда болгон: негизги кыштактар, өздөрүн өркүндөтүшкөн кыштактар жана көз карандысыз кыштактар. Категориясына жараша мамлекеттик колдоо да болуп турган. Биринчилерине – базалык колдоо, экинчилерине – кошумча колдоо жана үчүнчүлөрүнө – приоритеттүү колдоо. 1981-жылга карата кыштактардын 96,5%ы көз карандысыз, 3,3%ы өз алдынчалуу, 0,2%ы бакубат кыштак категориясына кирген.
“Сэмаылдын” дагы бир урааны: “өкмөт аз жардам берсе да, кыштакта өз алдынча жасоого мүмкүн болгон иш көп” деген болгон. Жыйынтыгында кыштактардагы инфраструктураны жакшыртуу – жолдорду, көпүрөлөрдү, куруу, жашоо шарттарын жакшыртуу, электр линиясын тартуу, коомдук жайларды куруу иштери элет жашоочуларынын өз күчтөрү менен бүткөрүлгөн.
Андан кийинки кадам кирешени көбөйтүү – элет жеринде чакан өндүрүштөрдү түзүү, өсүмдүктөрдүн жаңы түшүмдүү сортторун өстүрүү, айыл чарбасынан тышкары кирешелүү бизнес уюштуруу болду.
Мындай аракеттерден улам, элет жашоочулары баягы жалкоолук, араккечтик, өзүмчүлдүк сыяктуу жаман адаттарынан арылышып, биргелешип иштөө, эрте турганга кудай да берет принцибин кармануу, өз ара жардамдашуу, эрежелерди жана нормаларды сактоо адаттарын үйрөнө башташкан.
– Ал учурда өкмөт ар бир кыштакка цемент, арматура таратып берип жатып эки шартты гана койгон, – дейт “Сэмаыль” кыймылынын тарыхын изилдөө борборунун директору Чонг Кап Жин. – Биринчиси – цементти үйлөрүнө ташып кетпөө, экинчиси – долбоордо көрсөтүлгөндү бузбоо. Кыштакты өзгөртүү үчүн элди өзгөртүү керек, а элди өзгөртүү үчүн алардын аң-сезимин өзгөртүү керек, мына ошондуктан мында психологиялык билим берүү өтө маанилүү.
Корея Республикасы азыр дүйнөдөгү эң өнүккөн мамлекеттердин арасында 12-орунда турса да, директордун айтуусу боюнча, “Сэмаыль” лидерлерин окутуу улантылууда. Өлкө боюнча 82 окутуу борборунда лидерлер билим алышууда. Эң мыктылары борбордук окуу жайынан, калгандары регионалдык борборлордон окутулат. “Анткени, асман (Кудай) өзүнө жардам берген адамга гана жардам берет деген корей макалы бар”, – дейт Чонг Кап Жин.
– Мамлекетте элеттин өнүккөнү маанилүү, – дейт Качхон университетинин вице-президенти, профессор Со Чжин Кван. – Себеби, кыштактары жарды мамлекет бай боло албайт. Адамдар үчүн мамлекеттин кандай жашап жатканы эмес, өзүнүн кандай чөйрөдө жашап жатканы маанилүү. Өкмөт баарын өзү жасап бере албайт, ошондуктан ал адамдар өздөрү жасашы үчүн шарттарды түзүп бериши керек.
Дагы бир кызык факт – “Сэмаыль” кыймылы ички иштер министрлиги аркылуу жүзөгө ашырылган. Биздин: “Бул өлкөдөгү диктатурага байланышкан эмеспи?”, – деген сурообузга окутуучулар ал учурда Кореяда жергиликтүү бийлик органдары ушул министрликтин структурасында болгону менен түшүндүрүштү.

Лидер – Кореяда да лидер

Корейлер өздөрү өлкөнүн өнүгүшүндө зор роль ойногон “Сэмаыль” кыймылынын ийгиликтүү болушуна анын жер-жерлердеги лидерлерин даярдоо чоң өбөлгө түзгөнүн баса белгилешет. 1972 – 1979-жылдары 500 миңдей лидер окутулуп даярдалган. Алар корей элинде буга чейин болуп келген жалкоолук, аракечтик, ынтымаксыздык сыяктуу жаман адаттардан арылышып, жаңы баалуулуктарды, жоопкерчилик жана лидерлик духун өздөрүнө сиңиришкен жана андай сапаттарды өз кыштактарынын жашоочуларына жайылтышкан. Аларды өз аракеттери менен жашоону оңдоого боло тургандыгына ынандырышкан. Жалпысынан азыркы мезгилге чейин 3,6 миллиондон ашуун лидер жана жөнөкөй адамдар мындай окутуудан өтүшкөн.
Ушул жерден айта кетсем, акыркы мезгилде бизде “обончулар” (алардын катарында аялдар гана эмес, эркектер да бар) коомдо чоң роль ойной башташты. Саясатчылардын түрткүсү менен алар өз айылдаштарынын психологиясына кара жанын карч уруп иштебестен эле, митингге чыгып кыйкырып, долулануу менен акча табууга боло турганын биротоло сиңирип коюшту. Андан тышкары, андай “обончулардын” кызматын айрым таза эмес чиновниктер да атаандаштары менен күрөшүүдө пайдалана башташты. Мындай “идеологиянын” аягы эмне менен бүтө тургандыгын айтуу кыйын…
Кайрадан корейлерге келсек, алардын жер-жерлердеги лидерлери кыштактарды өнүктүрүү пландарын түзүү, жашоочулардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү, жашоочуларды ынандыруу, кыштак менен борбордук жана регионалдык бийликтерди байланыштыруу, күндөлүк жашоонун жаңы моделин түзүү милдеттерин аткарышкан. Кыштактардагы бардык маселелер алардын жашоочуларыны чогулушунда каралып, талкууланган.
“Сэмаыль ундондун” Борбордук ассоциациясы ички иштер министрлигинин алдында болуу менен бардык иштерди координациялоо, пландаштыруу жана аткарылган иштерди баалоо функциясын аткарган. Канчалык парадоксалдуу көрүнбөсүн 1974-жылы элет калкынын кирешелери шаар калкынын кирешелеринен ашып кеткен.
Кыштактардын жашоочулары мурда азыркы кыргыздардай болуп өкмөт биздин салыктарды чогултуп алып, жардам бербей жатат деп ойлошсо, реалдуу өзгөрүүлөрдөн кийин өкмөт бизге өнүгүүгө шарттарды түзүп берип жатат деген пикир калыптанган. Ар бир кыштак лидерин өзү шайлагандыктан, бул реалдуу демократиянын калыптанышына да түрткү берген.
“Сэмаыль” кыймылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес баалуулуктар боюнча мурасынын тизмесине киргизилгендиги да кызык факт. Бул кыймылдын Түштүк Кореянын жашоосундагы ролун гана эмес, ошондой эле жалпы адамзаттык баалуулук катарында башка өлкөлөрдө да колдонууга боло тургандыгын таануу эмей эмне?
– Бүгүнкү жашоо деген эмне? Бул кечээги жашоонун натыйжасы, – дейт “Сэмаыль Ундон” борбордук ассоциациясынын эл аралык кызматташуу боюнча төрагасы Чо Хван Бок бизге лекция окуп жатып. – А эртеңки күн – бүгүнкүнүн натыйжасы. Эгерде жакшы жашоону кааласаңар, жашооңорду өзгөрткүлө. Буга чейин жаман жашап келсеңер, өзгөртүүлөрсүз эртең жакшы жашап кете албайсыңар.
Абдан туура сөз. А биз, кыргыздар, “эртеңки куйруктан – бүгүнкү өпкөнү”, “күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө – жорго минди” артык көрөбүз, башкача айтканда, “бүгүн жашоом жакшы болсо болду, эртеңкиси менен ишим жок” принцибине таянабыз. Натыйжада… жергебиздеги байлыгыбыз жетиштүү, климаттык-жаратылыш шарттарыбыз эң сонун жашоого мүмкүнчүлүк берип турса да, өз жашообузду оңдой албай, чет элдиктердин кредиттерине муктаж болуп, белчеден карызга батып, эмгекке жарамдуу жаштарыбыз миграцияланып келебиз.
Дал ушул кредит алуу боюнча Түштүк Кореянын тарыхында жомокко окшогон, бирок чындык бир факт бар. Аны бизге “Сэмаыль Ундондун” кеңешчиси, Улуттук психологиялык илим-изилдөө институтунун жетекчиси, педагогика илимдеринин доктору Чой Сан Хо айтып берди.

Аялын атканда ыйлабай, жөнөкөй корейлерди көргөндө ыйлаган президент

– “Сэмаыль” кыймылын баштоодон мурда президент Пак Чон Хи Германияга барган, – дейт Чой Сан Хо. – Бирок, кредит алуу үчүн биздин мамлекетте ал убакта күрөө болгон эмес. Ошондуктан немец бийликтеринин талабы боюнча, бизден 10 миң эркек жумушчу шахталарда иштөө жана 7 миң медсестра оорунканаларда өлүктөрдү жууп тазалоо үчүн Германияга жөнөтүлгөн. Алар ошентип кредит төлөнүп бүткөнгө чейин иштеп беришкен.
Бир жылдан кийин президент өз жарандарын көргөнү Германияга барганда, алардын бир тобу чогулушуп аны менен аянттан жолугушууга келишет. Пак Чон Хи алар менен жолугушууда сүйлөй турган сөзүн алдын-ала жазып алган экен. Бирок, аларды көргөндө даярдаган сөзүн айтпастан, аларды бир аз чыдап турууга чакырат жана өлкөдө жаркын келечекти куруу убадасын берет.
Аны уккан корейлер ыйлап жиберишет, президент да аларга кошулуп ыйлайт…
– Бизде эмне үчүн “Сэмаыль” кыймылы ийгиликтүү болду? – деди Чой Сан Хо. – Анткени мамлекет башчысы өз өлкөсүн сүйгөн жана анда өлкөнү өнүктүрүүнү күчтүү каалоо болгон. Президент өз мисалы менен мамлекеттик кызматкерлерди шыктандырды, а алар карапайым жашоочуларга дем беришти. Ал ар бир жакшы иштеген мамлекеттик кызматкерге стимул берди, а иштей албагандарды жазалады. Пак Чон Хи корейлерде патриотизм сезимин өстүрө алды. Жарандарында бул сезим өнүккөн мамлекеттер гана өнүгө алат.
Президенттин дагы бир мисалын айтып коеюн. Ал эң ысык күндө да эч качан кондиционерди колдончу эмес, желпүүр менен отурчу. Анткени элди үнөмдүү жашоого үндөө менен өзү үлгү болчу. Азыркы президент Пак Кын Хе (Пак Чон Хинин кызы) да атасынын жолун жолдоп, кабинетинде кондиционерди колдонбойт. Бул жетекчинин кол алдындагыларга жеке үлгү болуусунун мисалы.
Ушул жерден 2008-жылы мурдагы президентибиз К.Бакиевдин Германиядан бөйрөгүнө операция жасатып келгенден кийинки өкмөттүн кеңейтилген жыйынын өткөргөндөгү бир окуясын айта кетүүнүн кезеги келип калды. Ак үйдүн чиновниктери чоң залдагы кондиционерлерди катуу иштетип коюшкан экен, эшиктеги ысыктан келишкен айрым министрлер бир аздан соң чүчкүрүп башташты. Аны көргөн Бакиев мактангандай болуп:
– Эмне суук боло баштадыбы? Мен дайыма кондиционерди иштетүү менен кабинетимде 16 градустан ашырбай отурам. Кызматкерлерим мага карап залды салкын кылып коюшкан тура, – деп кондиционерди өчүрүү көрсөтмөсүн берди. Бул электр энергиясы жетпей тезек терүү өнөктүгү башталаар кыштын алдында болгон окуя. Энергия тартыш болуп жатканын көрүп турган К.Бакиевдин башына электр энергиясын үнөмдөө келген жок, кайра өзүнүн суукка чыдамдуу экенин көрсөткүсү келип, кондиционерлерди ашыкча иштетүү менен мактангандай болду.
– Адамдын психологиясы бардык өлкөлөрдө бирдей, – дейт Чой Сан Хо. – Эгерде адам көп иштеп, бирок аз иштеген адам менен бирдей эмгек акы алса, ал көп иштегенге аракеттенбей калат. Эгерде адам көп каражат таап жатса, а анын тапканы башка адамдарга жумшалып жатса, ага стимул болбойт. Мисалы, көптөгөн өлкөлөрдө мамлекет артта калган региондорду колдоого алат, а бирок натыйжа жок. Ошондуктан “Сэмаылда” көп жана жакшы иштегендерди колдоо принциби тандалып алынды.
Мен өзүмдүн 40 жылдан ашуун тажрыйбамдан улам мыкты мамлекеттик кызматкерлери бар өлкөдө гана өнүгүү боло турганына ынандым. А аларды мамлекет башчысы шыктандырууга тийиш.

Өз өлкөсүн сүйгөн адам өз жанынан колркпойт

Пак Чон Хинин 18 жылдык башкаруусунда Түштүк Кореянын ийгиликтери анын “абысынынын” – Түндүк Кореянын лидерлерин тынч уктатпаган окшойт. 1968-жылы Корея элдик армиясынын 31 адамдан турган атайын багыттагы отряды Пак Чон Хиге кол салуу аракетин көргөн. Бирок, алар президенттин резиденциясына 800 метр калганда патруль тарабынан токтотулуп, бир тобу өлтүрүлүп, калганы колго түшүрүлгөн. Буга жооп кылып Түштүк Кореянын өкмөтү Түндүк Кореянын лидери Ким Ир Сенди өлтүрүү үчүн 684-команданы түзгөн. Ал 1971-жылы кайра жоюлган.
Пак Чон Хиге экинчи кол салуу 1974-жылы 15-августта Япониянын колониясынан бошотулган күндүн 29 жылдыгы белгиленген салтанатта президент сүйлөп жатканда жасалган. Түндүк Кореянын агенти делген Мун Се Гван жаза атып, октор президенттин аялы Юк Ен Суга жана жанаша турган кызга тийген. Президенттин жубайы ошол эле күнү ооруканада каза болгон. Пак Чон Хи кол салууга карабастан, аялын тез жардам алып кеткенден кийин өзүнүн сөзүн уланткан.
Тагдырдын тамашасын караңыз, бул эки кол салуудан аман калган Пак Чон Хи өзү түзгөн Түштүк Кореянын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директору Ким Джэ Гю тарабынан 1979-жылы 26-октябрда атылып өлтүрүлгөн. Ким Джэ Гю тергөөдөгү суракта анын бул жоругуна президент өлкөдөгү демократия үчүн тоскоолдук жасаганы себеп болгонун айткан. Ким жана анын шериктештери сот тарабынан соттолуп, 1980-жылы дарга асылуу менен өлүм жазасына тартылышкан. Бирок, азырга чейин алар иш жүзүндө кайсы өлкөнүн көрсөтмөсү боюнча президентке кол салганы табышмак бойдон калууда.
Түштүк Кореянын жашоосу жөнүндө баяндап жатып, анын дагы бир президентине байланышкан окуяны эскербей коюуга мүмкүн эмес. 2009-жылы 23-майда 62 жаштагы экс-президент Но Му Хен аскадан боюн таштап өлгөн. Анткени, ал президенттикке шайланарда өлкөдөгү коррупция менен күрөшүүгө убада берген. Бирок, ал кызматтан кеткенден кийин анын үй-бүлөсүнүн (аялынын) коррупцияга аралашканы – бир бизнесменден пара алганы боюнча укук коргоо органдары тергөө ишин башташкан. Мындай уятка чыдабаган экс-президент жанагыдай кадамга барган.
Андан башка да Түштүк Кореянын соңку тарыхында эки президенти иштен кетишкенден кийин камакка алынып, уурдап алышты деген акчаларды кайра мамлекетке кайтарып берген фактысы да бар.
А биздин мурдагы эки президентибиз уятынан аскадан боюн таштаганды мындай кой, бийликтен куулганынын себебин өздөрүнүн коррупцияга батканынан эмес, улам кийинки бийликтегилердин бийлик талашынан көрүшүп, азыркыга чейин кемчиликтерин моюнга албай келишет…

Абстрактуу идеологиядан конкреттүү иштер артык

Албетте, корей элинин жетишкендиктери боюнча аңгемени айта берсек, узакка созулат. Чынында кыска аралыкта артта калган өлкөдөн өнүккөн өлкөгө айланган, же өздөрү айткандай “донорлорго муктаж өлкөдөн өздөрү донорго айланышкан” Кореянын мисалы бизге сабак боло тургандай.
– “Сэмаыль” – идеология эмес, кыштакты өнүктүрүүнүн методологиясы , – дейт Чо Хван Бок. – Мен биздин өнүгүү тарыхыбызды самолетко салыштырат элем. Аны кимдир-бирөө башкарышы керек эле. Ошол учкуч президент болгон, а кыймылдаткычы –калк, аларды байланыштырган нерсе ынаным, а канаттары – 5 жылдык пландар болгон. “Сэмаылга” келсек, ал баарыдан мурда – практика жана аракеттер.
Мына ушул жерден айта кетсек, биз, кыргыздар, канча жылдан бери улуттук идеологияны издеп, аны жалкоо кыргыздарды иштерман кылып, өз ара бөлүнүшкөн кыргыздарды баш коштуруп жиберчү сыйкырдуу таяк түрүндө элестетебиз.
Биздин арабыздагы ошондой пикирдеги кыргыз угармандардын бири Чо Хван Бокко: “Кореяда улуттук идеология барбы?” – деген суроону берди.
Ал алгач көпкө түшүнбөй, котормочу улам кайталап түшүндүрүп жатып, акыры суроонун маңызын түшүнгөндө, кыска гана: “Демократия жана рыноктук экономика”, – деп жооп берди. Бул жанагы биздеги карайлап идеология издеген, ар кандай акылдуу сөздөр менен кооз жазылган нерселерди сунуштап жатышкан акылдуу кыргыздарга да жооп болсо керек.
Менин оюмча, биз өз тарыхыбызды жомокко айландырып жазып жүрсөк, корейлер бүгүнкү турмушун жомокко айландырып алышыптыр. Башкасын айтпаганда да, балтасы жанында жүргөн кыргыз совет мезгилинен калган токойлорду, бак-жарактарды кыркып, жерлерди “жылаңачтап” жатса (Бишкекте эле канчалаган бак-дарактар, атүгүл, парктар кыркылып, ордуна жеке менчик үйлөр курулуп кетти), корейлер тоолоруна чейин бак-дарактарды тигип салышкан. Азыр бак-дарак өспөгөн жылаңач тоо жок.
Идеология демекчи, алар ар бир ишти эртең менен өлкөсүнүн гимнин ырдоо менен баштаганды салтка айландырышкан. Он күн аралыгында “Семаылдын” гимни менен кошо бизге Кыргызстандын гимнин да ырдатыша берип, бизди патриоттуулукка тарбиялап койгондой болду. Арабызда өлкөбүздүн гимнинин текстин билбегендер (андайлар кыргызстандыктарда четтен чыгат эмеспи) уялып калышкандай сезилди мага.
Корейлердин дагы бир адатын кыргыздар үйрөнүп алышса, ашыкча болбойт. Алар бир ишти баштоо алдында, аны сөзсүз аягына чыгарууга ант беришет. Корея Республикасынын экономикасынын 1960-жылдардын аягында жылына орточо 25 пайыздан, а 1970-жылдардан кийин жылына 45 пайыздан өсүп турганынын бир себеби мына ушунда болуп жүрбөсүн?!

Өнүгүүдөгү адам психологиясынын ролу

Чой Сан Хо бизге андан башка да бир катар кызыктуу пикирлерди айтып берди.
– “Сэмаыль” баарынан мурда корейлердеги фатализм (тагдырдын жазганы деп баш ийүү жана андан чыгууга аракеттенбөө – М.Т.) психологиясын жеңди, – дейт ал. – Бизде ага чейин адамдарда өздөрүнүн тагдырын оңдой алышпай тургандыгы, баары Кудай тараптан алдын-ала жазылгандыгы маанайы бар болчу. Ошондуктан адамдар өз турмушун оңдоого аракет кылышпаган.
Экинчиден, өкмөткө кол сунуп карап отура беришчү. Үчүнчүдөн, ишке шалаакы мамиле, алкоголдук ичимдиктерди ичүү, кумар оюндарын ойноо, айылдардагы жашоодогу жаман адаттар болгон.
Төртүнчүдөн, ашынган эгоизм, өз кызыкчылыктарын гана ойлоо үстөмдүк кылган. Калктын психологиясындагы ушуларды жеңүү менен гана биз ийгиликтерге жетише алдык. Анан да корейлерде сөз менен иштин ортосундагы ажырым жок болду.
Жакыр өлкөлөрдө адамдар Өкмөткө ишенип отура беришет. Анткенде алардын турмушунда эч качан өзгөрүүлөр болбойт. Адамдын өзүндө өзгөрүү болмоюн, турмушунда да өзгөрүү болбойт. Анан да жакырчылыкты жоюу – бул аракеттер. Адам түшүнүп турса да аракет кылбаса, анын жашоосу жакшырбайт.
Чой Сан Хонун мындай ой жүгүртүүлөрүн ырастагандан башка арга жок.
Азыркы Түштүк Кореяда жаңы кыштак үчүн кыймыл, жалпы элдик кыймыл болуп калганын сөз кылдык. Бир караганда, азыркы өнүккөн Түштүк Кореянын шаттарында өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүтүп калгандай көрүнгөн “Сэмаыль” кыймылы азыр тарыхтын текчесинен орун алып калууга тийиш эле. Бирок, корей бийликтери бир убакта өлкөнү кризистен алып чыккан бул чыныгы элдик демилгеге айланган “Сэмаылдын” өлкөнү өнүктүрүү үчүн ролуна татыктуу баалоо менен аны өзүн өркүндөтүп жана улантып келишүүдө.
Корейлер “Сэмаылдын” тажрыйбасынын натыйжасында бүтүндөй Түштүк Корея боюнча өз ара жардамдашуу жана баш кошуу принциптеринин негизинде адамдарда жамаатка таандуулук сезими жаралганын жана мамлекеттик деңгээлде кыйынчылыктарды жеңүүгө жөндөмдүү система пайда болгонун айтышат.
Ал айтылганды тастыктоо үчүн 2008-жылдагы кризис убагында жарандардын өлкөнүн кризистен чыгып кетиши үчүн өз алтын буюмдарын ыктыярдуу мамлекетке тапшырышканын мисал келтирүүгө болот.
Жаңы кыштак үчүн кыймыл азыркы учурда өзүнүн аракеттенүү чөйрөсүн улам кеңейтүүдө. Заманбап талаптардан улам экологиялык таза чөйрөнү сактоо үчүн – Жашыл Корея үчүн кыймылы пайда болду. Анын максаты корей элинин таза экологиялык чөйрөдө жашашына жана экологиялык таза тамактар менен азыктанышына кам көрүү. Ал үчүн экологиялык таза продукцияларды өндүрүүнү мамлекеттик колдоо менен катар эле адамдарды андай продукцияларды керектөөгө үндөө иштери да жүргүзүлүүдө.
Акылдуу Корея кыймылы – билимдүүлүктүн жалпы деңгээлин көтөрүү максатын көздөсө, Бактылуу Корея кыймылы – социалдык жана маданий турмушту жакшыртууга багытталган. Ушул жана башка кыймылдар жалпы улуттук кыймылдарга айланышты жана заманбап чакырыктарга, талаптарга жооп берүүдө.

Бир активисттин таржымалы

Биз “Сэмаыль” кыймылынын бир активистинин таржымалын да уктук. Чжон Мун Чжа турмушка чыккандан кийин күйөөсү экөөсү тоолуу кыштакта жашашкан. Алар турмушун жакшыртуу үчүн жан аябай иштешсе да өзгөчө жылыш болбоду.
Акыры алар андан чоң кыштакка көчүп келишет. Ал жерде 10 мүчөсү болгон аялдардын уюму иштеп, анын мүчөлөрү кыштактагы жашоону жакшыртуу аракетин көрүп жатышкан экен. Чжон аларга кошулуп, кийинки жылы лидерликке шайланат.
Алар аздык менен иштеп отурушуп, ортого чогулган каражатты андан-ары максаттуу пайдалануу менен кыштактын өнүктүрүүгө жетишишет. Өз каржаттарына дарактардын көчөттөрүн сатып алышып, тоолорду жашылдандырышат.
Анын мындай ийгили мамлекет башчылары тарабынан кубаттоого алынып, ал эч кандай жогорку билими жок болсо да, уюштуруучулук жөндөмү бааланып Сеулдун бир муниципалитетине жетекчиликке дайындалган. Бул кызматта узак иштөө менен азрыкы учурда пенсияга чыккан.
Бул мисал, Кореядагы кадр тандоодо адамдын жетишкен натыйжалары чоң роль ойной тургандыгын көрсөтүп турат.

Өсчү улут өнүккөн өлкөдөн үлгү алат…

Макала аягында кошумчалай кетсек, Мьянма, Малави, Уганда Кения, Лаос, Либерия, Монголия сыяктуу мамлекеттердин башчылары келишип, Түштүк Кореянын Жаңы кыштак кыймылы менен өздөрү жеринде таанышып кетишкен. Андан кийин бул тажрыйбаны өз өлкөлөрүндө жайылтуу аракеттерин көрүшүүдө.
Мисалы, Монголиянын президенти Цахиагийн Элбегдорж “Сэмаыль” борборунда болуп кеткенден кийин өз өлкөсүндө дарактын 1 миллион көчөтүн отургузуу демилгесин ишке ашырган.
Албетте, биздин тренинг учурунда тренерлер айтышкандай, бир мамлекеттин тажрыйбасын толук бойдон экинчи мамлекетке көчүрүүүгө мүмкүн эмес. Андай кылганда натыйжасыз болуп калышы да толук мүмкүн. Бирок, “Сэмаыль” кыймылынын принциптерин негиз кылып алууга же аларды өз элинин менталитетине, шарттарына жараша ыңгайлаштыруу менен пайдаланууга эмнеге болбосун?
Азыр корейлер “Сэмаылды” Кыргызстанга да сунуштоо менен аны киргизүүгө аракеттенип жатышат. Түштүк Кореяны артта калган өлкөдөн алдыңкы өлкөлөрдүн бирине айланткан кыймыл эми Кыргызстанда тамырын жая алаар бекен?
Же каныбызга сиңген орустардын “ишенбеген Фома” жана кыргыздардын курулай төшүн кагуу менен башкалардан үйрөнбөө, өзүбүздүн жалкоолугубузду да мактана берүү, эч аракет кылбоо психологиясы үстөмдүк кылабы?..

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу°, Бишкек – Түштүк Корея – Бишкек

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17