Аймак
Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
Жалал-Абадское областное управление Судебного департамента при Верховном суде Кыргызской Республики объявляет конкурс на следующие вакантные административные государственные должности:
Көк-Жаңгак шаардык мэриясы төмөнкү административдик муниципалдык бош кызмат орундарга СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Сузак районуна караштуу Орток токой чарбасы жаңгак токой аянттарына ижарага берүү боюнча СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
«Кыргызпочтасы» Жалал-Абад филиалы ЭСКЕРТЕТ
К у л а к т а н д ы р у у !
Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагы бош административдик муниципалдык кызмат орундарына СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КООМДУК КАБЫЛДАМА
ЖУМУШКА ЧАКЫРАТ
ЖУМУШКА ЧАКЫРАТ
Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөтүнүн административдик муниципалдык кызматтын бош орунун ээлөө боюнча СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Курманбек айыл өкмөтү бош административдик муниципалдык кызмат ордуна СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагы бош административдик муниципалдык кызмат орундарына СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Курманбек айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча АУКЦИОН ӨТКӨРҮЛӨТ
Ачы токой чарбасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №192 токтомунун негизинде мамлекеттик токой фондусунун жерлери сынактын негизинде ИЖАРАГА БЕРИЛЕТ
Жарыя. Жалал-Абадга «БАРБОЛ» кондитердик фирмалык дүкөнүнө сатуучулар керек
КООМДУК УГУУЛАР
Заявка 14 января, 17:00 часов Добрый день, дорогие коллеги!
Сынак

ТОО-ТОКОЙ МАСЕЛЕЛЕРИН ТОГОТПОЙ ЖАТАБЫЗБЫ?

ТОО-ТОКОЙ МАСЕЛЕЛЕРИН ТОГОТПОЙ ЖАТАБЫЗБЫ?

574 просмотров всего, 6 просмотров сегодня

Мына ушул маселе учурда өзүбүздүн өлкөбүздө өтө курч мүнөзгө айланып калганы бүгүн 14-апрелде Бишкек шаарында, Орион отелинде биринчи жолу өткөрүлгөн “Тоо-токой” эко-форумда аябай айтылды. 

Иш-чарага премъер-министр Сапар Исаков өзү катышып, бул маселе өкмөткө уюштуруучулар тарабынан сунушталып, өкмөттүн “Жаңы доорго 40 кадам” программасына камтылганын баса белгилеп, 90%дан ашык аянтты тоолор ээлеген өлкөбүздө токой массиви  5% гана ээ экенин айтып, ага толук көнүл буруп, сактап калуу бышып жетилгенине токтолуп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, бул ишти мындан ары да улантууга чакырды.

Уюштуруучулардын бири Жамила Иманкулова ЖЕР ЭНЕ  менен диалог  сүйлөшкөн видео-презентациясы аркылуу отургандарды кыйла эле ойго салып,  эко тазалыгы — адамдардын саламаттыгы экенине көңүл бурдурду.

Ал эми, эко-патриарх Эмил Шүкүров атабыз союз учурундагы менен азыркы абалды негиздүү салыштырып, айлана-чөйрөнүн булгануу-бузулуусун ооздуктоого азыртадан дароо чара көрбөсөк, эртеңки муунга кыйын эле болору божомол эмес, турган чындык деди.

Чыгып сүйлөгөндөр мамлекет, илимий чөйрө жана жарандык коом тарабынан тиешелүү иштер аткарылып жатканын айтышып, бирок ошого карабай, жалпы абал — мөңгүлөрдүн эриши, жер кыртышындагы өзгөрүүлөр, жарга айлануулар, жараклар, кургакчылык же суу ташкындарыкелип эле  токойлордун табигый сапатынын начарлаганынанулам болуп жатканын, токойлордо  бир кыйла өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын катары азайып, азыр карышкыр менен кашкулак гана калып, калгандары качаан эле  качып кеткенин кабатырлануу менен айтышты.

Мисалы, Кыргызстандын  түштүгүндөгү  дүйнөдө табигый сапаты менен сейрек кездешүүчү жаңгак токойлору алыстан дүпүйүп көрүнгөнү менен, ичи толгон көйгөй экени бир эмес, бир нече жолу айтышып, форум расмий тилде өтүп жатса дагы, бул маселеге астейдил кызыккандар сөз арасында өз тилибизде суроо бере коюшуп, статистикалык кооптуу көрсөткүчтөр тууралуу жоопдорду алганда “атаны кокуй ай ээ”, деп үшкүрүнүп, кейип-кепчипда калышты.

Четтен келген коноктор да эко-абалга этибар берүү керек дешти. Атап айтканда, Италиядан келген селекционер Эмилио Армати өзү тарабынан ойлонуп табылып, практикада колдонула баштаган жаңы  “Паулемия” дарагынын касиети тууралуу жөн эле дарак эмес, инвестициялык каражат катары пайдалуу дарак экенинен бери айтып берди.

Анын айткандары катышуучуларды аябай кызыктырганы менен, чай ичкенче айрым адистер менен сүйлөшүү учурунда бул даракты бизде колдонууда, айрыкча, биздин табигый токойлорго жакындатпай эле койгон дурус дешип, анткени чаңдашуулар аркылуу токойлордун эко-абалына доо кетип калуу ыктымалдыгын кыйытышты.  Бирок талаа-түзгө отургуза берүүгө боло турганын, азыркы учурда бул өсүмдүк дарагы Чолпон-Атанын Өрнөк айылында, Чүй каналынын жээктеринде өстүрүлө баштаганын да мисал келтиришти.

Айтор, бул иш-чарада айтылган сөздөрдүн аягы,келип эле,токойлуу жерде жашаган калктын отунга, курулуш материалдарына болгон муктаждыктарын алтернативалуу жолдор менен канааттандыруу, ири жана майда мүйүздүү малдардын санын мүмкүн болушунча кыскартуу, бул тармакка четтен келип жаткан инвестициялык каражаттардын канчасынан кандай натыйжа болуп жатканына тыкыр  көз салып туруу, дарак көчөттөрүн билген адистер, илимпоздор менен кеңешип туруп отургузуу, андан кийин көңүлдү көтөрүп жүрө бербей, алар көктөп өскүчө көшөрүп карап, суу берип, жапа тырмак жанталашып иштөөнү салтка айландыруу ж.б. болду.

Ошентип, иш-чара катышуучулардын уюштуруучулар – Азамат Темиркуловго, Жамила Иманкуловага, Софья Балакинага, ошондой эле демөөрчү, кол кабышчыларга утуру-утуру алкоолору менен соңуна чыкты.

P.S. Бул иш-чарага мен өзүм журналист катары эле эмес, ошол тоолуу-токойлуу аймакта өсүп чонойгон адам катары дагы кызыгып бардым. Анткени, мен өсүп чоңойгон Ак-Тоок айылы  (Сузак району) жаңгак токоюнун этегинде жайгашкан. Айыл жашоочуларынын кошумча киреше булактары —  Арстанбап, Орток токой чарбаларындагы мөмө-жемиштери- жангак, алма, алча, козу-карын ж.б.

Айыл ичи бак-даракка чөмүлүп турганы менен, адырлуу, ойдуңдуу, сайлуу, деги эле, рельефи уникалдуу көрүнгөн Ак-Тоок айылынын азыркы абалы да кооптуу,  жарга айланып, көчкү көчүп, адырлардан жаракалар байкалып, элди санаага салып, башка жакка орун которуу иштери турат экен.

Жарлардын орун алып жатканын 5-10 жыл илгери көрүп-байкап калган мен дагы, өзүмчө,буга чейин деле ошол жерлерди жарга айландырбай кантип өз калыбында сактоого болот же кайсы өсүмдүк дарагын отургузуу зарыл деген суроолорго  — бадам дарагы деген жоопту укканмын, а бүгүнкү иш-чарада бул суроомо, ошол жерде кайсы өсүмдүк өссө, ошону эле көбөйтө берүү керек дегендей, шашылып берилген жооп уктум.

Ал ангыча, азыр бул материалды жазып жатсам, Жалал-Абаддан телефон чалып калышты, сөз арасында жергиликтүү, тиешелүү бийлик өкүлдөрү үй салбагыла, адырларда жаракалар пайда болуп жатат,жалпы эле бул айылдагылар төмөндөгү түз аймак Жаны-Арык тарапка көчүрүлөт дегенинайтышты, анткени айылдагы үйдүн жанына жаңыдан үй салабыз деп инилерим пайдубал түптөп коюшкан эле…

Мүмкүн бул аймакка мындан 40-30 же 20 жыл илгери катуу көңүл бурулуп, жайдак, жөн турган жерлерге жыш көчөт отургузулганда же жогору турган токой аймагына тиешелүү көнүл бурулуп турганда кандай болоор эле,- деген суроо канчалык туура, билбейм…

География сабагын мектепке барып окубай эле, табиятты көзү ачыктык менен сыпаттаган  Ата-Бабаларыбыздын айткан “Элүү жылда – эл жаңы, жүз жылда – жер жаңы” деген сөзү өзүнөн-өзү  эске түшөт.

Же алардын бир билгени барбы беле?

Зирек Асанова

Автор

Архив

ПнВтСрЧтПтСбВс
    123
45678910
18192021222324
25262728293031
       
    123
45678910
25262728   
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
      1
16171819202122
3031     
    123
45678910
11121314151617
       
 123456
78910111213
28293031   
       
      1
30      
   1234
567891011
       
   1234
567891011
262728    
       
1234567
293031    
       
    123
45678910
       
  12345
27282930   
       
      1
3031     
    123
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
  12345
6789101112
2728     
       
      1
3031     
   1234
       
282930    
       
     12
31      
   1234
12131415161718
       
1234567
891011121314
15161718192021
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
1234567
15161718192021
22232425262728
29      
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
31      
  12345
13141516171819
2728293031  
       
15161718192021
22232425262728
2930     
       
    123
18192021222324
       
  12345
6789101112
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
      1
232425262728 
       
   1234
       
293031    
       
     12
       
  12345
       
2930     
       
    123
       
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
30      
   1234
       
78910111213
14151617181920
282930    
       
     12
31      
     12
2425262728  
       
  12345
       
      1
23242526272829
3031     
    123
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17