Аймак

ЭЛИБИЗДЕ ЖАКШЫЛЫКТАР ЫРООЛОП, ТЫНЧТЫК ӨКҮМ СҮРСҮН!

ЭЛИБИЗДЕ ЖАКШЫЛЫКТАР ЫРООЛОП, ТЫНЧТЫК ӨКҮМ СҮРСҮН!

 2,360 Бардыгы /

Урматтуу мекендештер! Кадырман кыргыз калкым!

Бүгүн биз эң башкы мамлекеттик майрамды – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн салтанаттуу белгилеп жатабыз. Бул көз карандысыздыкка ээ болуп, азаттыкты алган 27 жыл ичинде өлкөбүздө орчундуу окуялар, түрдүү кырдаалдар, саясий, социалдык жана экономикалык өзгөрүүлөр болду.

Кыргызстан мамлекетибиз кандай гана кыйынчылыктарга жана сыноолорго карабастан, журтубуз бакубат өлкөнүн биримдигин жана бүтүндүгүн, жергебиздеги тынчтыкты жана туруктуулукту сактап калды. Бүгүнкү күндө биздин күнөстүү өлкөбүз дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн орду бар, демократиялуу, көз карандысыз, эгемен өлкө.

Себеби кыргыз эли улуу эл катары тарыхтын эчендеген сыноосунан өтүп, өмүрү найзанын учунда, кылычтын мизинде турса да, канын азык, каруусун казык кылып, канжыгага баш байлап, көкүрөктөгү эркиндик үчүн күрөшкөн эркин өчүрбөй, мезгил менен тең алышып, эгемендүүлүк күнгө жетип олтурат. Эгемендүүлүктүн баркы, эгемендүүлүктүн баасы – өмүрдөн да кымбат дөөлөт. Анткени бул дөөлөт жалпы калкыбыздын эркиндиги жана урпактарыбыздын келечеги. Биздин келечек муун өсүп-өнүгүүгө багыт алган, тынчтык менен биримдик өкүп сүргөн өлкөдө чоңоюшу кажет.

​Баарыңыздарды Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы менен Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын!

Чейрек кылымды басып өткөн эгемендүүлүк майрамыбыз жалпы журтка кут болсун!

Кыргызстаныбыздын өрүшү жайык болуп, өсүп-өнүгүүнүн үстүндө жүрсүн! Элибизди дайыма жакшылыктар ыроолоп, тынчтык өкүм сүрсүн!

Азаттыктын асабасы бийиктерде желбиреп, атпай журтубуз аман, Ата-Журтубуз бүтүн болсун!

 

КРнын өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлү Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17