Аймак

УЛУУЛУКТУ ТЕӉИРИМ КУТ КЫЛСЫН!

УЛУУЛУКТУ ТЕӉИРИМ КУТ КЫЛСЫН!

 2,273 Бардыгы /

Урматтуу замандаштар!

Кадырман кыргыз калкым!

СиздердиЭгемендүүлүк майрамыӊыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Кылым карыткан кыргыз элинин эгемен мамлекет болуп калышы Жараткандын калкыбызга буйругу. Буюгуп өз алдынча боло албай жүргөн элдер канча?

Биз асман тиреген тоолору кен байлыктарга, сууга, жаратылышка бай жер планетасындагы ажайып мекендин бактылуу атуулдарыбыз. Миӊдеген жылдарды тарыхка багындырган салт-санаалуу, маданий, рухий дөөлөттөрү бийик, пейили кенен улуу элдин урпактарыбыз. Ушиндай керемет мекенде Кыргыз болуп дүйнөгө жаралуудан өткөн бакыт жок.

Эгемендик элдин тилеги, үсүтү. Ушул улуулуктуТеӊирим кут кылсын, жергебизге кут уютсун. Ылайым биздин өлкөбүздө дайыма тынччылык болуп, Кыргызстаныбызга салым кошкон улуу инсандарыбыздын жолун улаган жаштарыбыз көбөйүп, элибиз достукта бай-бакубат жашап, комуз күүсү жаӊырып, эгемендүүлүктүн ырлары жүздөгөн, миӊдеген жылдар бою түбөлүккө ырдалсын!

Заманыбыз тынч болуп, өлкөбүз гүлдөп өссүн! Эгемендүүлүгүӊүздөр кут болсун!

«Дост-Курулуш» компаниясынын башкы директору  Түгөлбай  Сейдалиев

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17