Аймак

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ 2019-ЖЫЛДЫ «АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ӨЛКӨНҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖЫЛЫ» ДЕП ЖАРЫЯЛАДЫ

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ 2019-ЖЫЛДЫ «АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ӨЛКӨНҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖЫЛЫ» ДЕП ЖАРЫЯЛАДЫ

 3,027 Бардыгы /

БИШКЕК. 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланат. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушуусунда ачыктады.

Ошентип, Кыргыз мамлекетинин башчысы 2019-жылдагы эң алгачкы жумушчу сапарын Чүй облусунун Сокулук районунан баштады. Президент кездешүү убагында 2018-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыялагандыгын жана мунун негизги иш-аракети аймактарды оожалтууга, жайы жумушчу орундарын түзүүгө, элет жергесинде ишкерликти туруктуу өнүктүрүүгө заманбап жана жагымдуу шарттарды түзүүгө гана багытталгандыгын кайрадан эске салды.

Элет ишкерлерин колдоо максатында жаңы ишканалар  көзөмөл органдарынын текшерүүлөрүнөн дээрлик үч жылга бошотулду. Ал эми бизнести негизсиз текшерүүгө мораторий дагы киргизилди. Продукцияларды сертификаттоо жана стандартташтыруу боюнча жаңы лабораториялар ар аймакта курулуп, ишке киргизилди. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жергиликтүү ишканаларга салык жактан кыйла эле жеңилдиктер дагы ыйгарылды. Айыл чарба тармагын каржылоо иштери ого бетер жакшырды.

Ушул жана башка чечкиндүү кадамдар өткөн жылда 2500дөн ашуун адамды жаңы жумуш орундары менен камсыздоого мүмкүнчүлүк жаратты. Бардыгы 200дөн ашуун айыл-чарба продукциясын сактоо, таңгактоо жана кайра иштетүү, текстиль-тигүү тармагында, курулуш материалдарын чыгаруучу жаңы ишканалар толук кандуу иштей баштады.

Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, аймактарды өнүктүрүү жараяны быйыл дагы ургалдуу түрдө улантылат, дегеле токтобойт. А кийинки жылдары дагы элет жерин үзгүлтүксүз өнүктүрүү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон дагыле кала берет.

Ошентип, 2019-жыл аймактарды мындан ары өнүктүрүү ана коомдун күнүмдүк турмушуна жаңы жана заманбап технологияларды киргизүү максатында «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланат. Президент Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, кийинки жылдары Кыргызстандын бардык аймактарында, бүткүл өлкөнүн чегинде жапжаңы технологияларды колдонуп, ыкчам өнүгүү темпине жаңы дем берилет.

-Өлкөнү санариптештирүү бүгүнкү күндүн эң башкы талабы бойдон калууда.  Бул биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү гана ачат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө  адам фактору таптакыр жоюлат. Бул жемкорлук элементтерди биротоло жок кылат! — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Баса, санариптик технологиялар жашоонун бардык тармактарына кирет — билим берүү, медицина, бизнес, туризм, сот жана укук коргоо органдарынын ишине санариптик түзүм артыкчылыктуу тартипте киргизилет. «Коопсуз шаар» жана «Коопсуз жол кыймылы» долбоорлору дагы сөзсүз жүзөгө ашырылат.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков «Түндүк» электрондук системасы аркылуу 189 кызмат көрсөтүү санарип форматына өткөрүлөөрүн дагы бекем эске салды. Ар кандай мамлекеттик органдын эшигин тынбай  каккылап, справка, же башка маалымат алуу үчүн элдин кыйналганы эми чындап токтойт. Керектүү маалыматты аткаминер өзү гана таба турган болот. Бул жашоонун бардык тармактарына дагы тиешелүү. Мунун ичинде адамдын соттолбогондугу тууралуу справка алуу, пенсияга чыгуу, балага сүйүнчү пул алуу, жөлөк пул алуу, паспорт, айдоочулук күбөлүк, жарандык актыларды алуу, транспорт каражаттарын каттоо дагы электрондук форматка толук бойдон которулат.

-Санариптик инфратүзүм жеке адамдын жана ишкерлердин  мамлекеттик же жергиликтүү аткаминер менен түз жана тыгыз байланышта болуусун кескин түрдө азайтат. Бул жемкорлукту –  жоюунун негизги куралы. Маалыматтык нукура коомду куруу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү тездетүү үчүн өлкөнү  толук кандуу санариптештирүү өтө зарыл! Ушундай асыл максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн 2019-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы“ деп жарыялоону чечтим. Тиешелүү Жарлыкка ушул жумада кол коюлат ,  деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17