Аймак

ӨЗГӨНДӨ МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТАРДЫ ЧЕКЕСИНЕН БУЗДУРУП ЖАТЫШАТ

ӨЗГӨНДӨ МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТАРДЫ ЧЕКЕСИНЕН БУЗДУРУП ЖАТЫШАТ

 1,416 Бардыгы /

ОШ. Өзгөн шаарында мыйзамсыз курулуштар соттун чечими менен чекесинен буздурулуп жатат. Бул жөнүндө Өзгөн районунун акиминин орун басары Болот Дыйканбаев билдирди.

-Биз ушул жылдын июль айына дейре Өзгөн шаарын, ошондой эле райондогу айыл өкмөттөрүн бардык мыйзамсыз курулуштардан толук түрдө тазалайбыз. Биздеги маалыматка караганда, Өзгөн калаасында эле мыйзамсыз жыйырма курулушту Өзгөн райондук соту бузулсун деген чечимин чыгарды. Ошондуктан, калаадагы мыйзамсыз курулуштарды чекесинен моминтип алдыртып, ага ээлери таптакыр көнүшпөсө, өзүбүз эле буздурта баштадык. Быйыл шаардын Башкы Планы дагы толугу менен иштелип чыгат. Ущул тапта Башкы Пландын 50 пайызы дээрлик иштелип бүттү, – деп кошумчалады Өзгөн районунун акиминин орун басары Болот Дыйканбаев.

Болот Дыйканбаевдин айтымында, Өзгөн районуна караштуу айыл өкмөттөрүндө мыйзамсыз курулган дагы бир катар курулуштардын ээлери дагы сотко берилген. Ошондуктан, алар деле соттун тиешелүү чечиминен соё гана сөзсүз буздурулат.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17