Аймак

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВДИН ИШИ ЖОГОРКУ СОТТО КАЙРАДАН КАРАЛАТ

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВДИН ИШИ ЖОГОРКУ СОТТО КАЙРАДАН КАРАЛАТ

 1,186 Бардыгы /

Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирди:

– Жогорку сот Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо чечимин кабыл алды. Сот жараяны 23-апрелге дайындалды. Сот калыс, ачык-айкын, адилет караса, Өмүрбек Текебаев акталат, – деди Шыкмаматов.

“Ата Мекен” партиясынын абактагы төрагасы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо үчүн “Адилет” укук клиникасы 15-февралда Жогорку сотко өтүнүч келтирген.

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана парламенттин төрт жолку чакырылышынын депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин 1 миллион доллар пара алган деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, бирок Башкы прокуратура аны аткаруудан баш тарткан.

 

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17