Аймак

ПРЕЗИДЕНТ ЖЭЭНБЕКОВ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДӨГҮ ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

ПРЕЗИДЕНТ ЖЭЭНБЕКОВ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДӨГҮ ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 1,311 Бардыгы /

                   БИШКЕК. Президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башчылары менен кеңешип-таңашты. Анын жүрүшүндө 2018-жылдагы иштин  жыйынтыгы дагы талданып,  кийинки жылдарга өлкөбүздүн тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттары аныкталды.

                   – Урматтуу дипломаттар! Азыркы татаал дүйнөлүк кырдаал баарыбызга жаңы талаптар менен милдеттерди коюуда. Эл аралык кырдаал тез кубулуп турган шартта биздин дипломатиялык кызматыбыз мурдагыдан дагы натыйжалуу, анан максаттуу иш алып барышы кажет! Эл аралык терроризм, экстремизмдин масштабдарынын улам кеңейиши, трансулуттук кылмыштуулук, маңзаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, адамдарды соодалоо — ырааттуу, сабаттуу тышкы саясат жүргүзүүнү гана талап кылат. Эл аралык террор уюмдардын катарына согуштук иш-аракеттерге катышкан адамдардын кошулушу — улуттук жана регионалдык коопсуздукка дагы олуттуу коркунуч жаратууда. Мындай кырдаалга өнөктөн өлкөлөрдүн атайын кызматтары менен бирдиктүү иш алып баруу менен гана туруштук беребиз! Андыктан, Силерге жүктөлгөн милдет-максаттарды татыктуу аткарасыңар деп бекем ишенебиз! Силерде дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерине зарыл болгон саясий жана турмуштук тажрыйба, билим бар. Кесипкөй адиссиңер! Ошондуктан өзүңөр иштеп жаткан мамлекеттердин тажрыйбасын эске алып, берген сунуштарыңар мамлекет үчүн чоң пайда гана алып келет. Кыргызстандын кызыкчылыктарын чет өлкөлөрдө татыктуу коргоп, мекенчилдигиңерди, жарандык позицияңарды, аракетиңерди тастыктап, өлкөбүздү туруктуу өнүктүрүүгө өз салымыңарды мындан ары да кошосуңар деген терең ишеничтемин! – деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

         Үстүбүздөгү жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түптөлгөндүгүнө 75 жыл толот. Бирок маараке күзүндө, дипломаттардын кесиптик майрамына карата Кыргыз дипломатиясынын ардагерлеринин катышуусунда белгиленет.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17