Аймак

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ТАЖИКСТАН ЧЕК АРА БОЮНЧА ПРОТОКОЛГО КОЛ КОЙДУ

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ТАЖИКСТАН ЧЕК АРА БОЮНЧА ПРОТОКОЛГО КОЛ КОЙДУ

 1,163 Бардыгы /

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен Баткендин Ак-Сай айылынан буулуп турган Ворух-Исфара жолу ачылды. Алгачкы автоунаалар жана адамдар өтүштү. Ошол эле учурда Кыргызстандын Лейлек району менен Баткен шаарын туташтырып турган Ош-Исфана жолу да ачылды.

Сүйлөшүүнүн натыйжасында Аксай-Тамдык жолу курулмай болду.

Тиешелүү чечим Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандан премьер-министринин орун басары Азим Иброгим баш болгон эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча эки тараптуу сүйлөшүү 14-март күнү кечинде башталган. Төрт күндүк сүйлөшүүнүн натыйжасында жабык турган жолдор ачылып, Аксай-Тамдык-Кишемиш жолу жана Тажикстандын Ворух анклавы үчүн Ак-Сай айылынан көз каранды эмес жол курулмай болду. Макулдашуу протоколуна кол коюлган соң вице-премьер-министр Жеңиш Разаков келишимде бардык тараптардын кызыкчылыгы эске алынганын айтты:

«Жолдор бүгүн ачылат. Эч кандай посттор болбойт. Эки өлкөнүн да жарандары тоскоолдуксуз каттай беришет. Жарандар үчүн зарыл болгон жолдордун баарын улантабыз. Бир топ маселелерди сүйлөштүк. Эң негизгиси – өз ара түшүнүшүп, кызыкчылыктарды эске алып чечимге келдик».

Келишимге ылайык, чырдын чыгышына себеп болгон Ак-Сай-Тамдык жолу жана Тажикстандын Ворух анклавы үчүн Ак-Сай айылын айланып өткөн жол да курула баштады.

Жаңжалдын чыгышына күнөөкөрлөрдү табууга, жабыр тарткандарга байланышкан маселелерди жана чыгымдарды биргелешкен жумушчу топ иликтеп, чукул арада аягына чыгарышы керек.

Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим протоколдогу өзөктүк маселеге көңүл бурду:

«Биз прокуратурага күнөөлүүлөрдү табууну тапшырдык. Анткени адамдар өлдү, ар биринин артында үчтөн бала калды. Бул кейиштүү көрүнүш. Келечекте бул кайталанбашы керек. Ошондуктан күнөөлүүлөр табылат жана жазаланат. Эки тараптан тең жабыркагандар бар. Протоколдун аткарылышын өкмөт аралык комиссия көзөмөлдөйт. Андан кийинки маселе – бул жалпы колдонуучу жол болгондуктан жолдун жээгинде чек арачылар болбойт, эки тараптуу милициянын патрулу гана көзөмөлдөйт».

Бул аймактагы жол каттамдарында мурдагыдай эле эч кандай чек ара, текшерип өткөрмө бекеттери орнотулбайт. Болгону эки тараптын милиция кызматкерлери биргелешип коопсуздукту көзөмөлдөп турмай болду.

Ал арада кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу үйлөрүнөн коопсуз жакка чыгарылган Ак-Сай айылынын 450 тургуну бүгүн кечке жуук үйлөрүнө кайтты. Аларды облустук бийлик автоунаа менен камсыздап, жүктөрү менен кошо үйлөрүнө жетип алышына шарт түзүп берди. Жаңжал башталганда Ворух анклавы менен чектеш Ак-Сай айылынын тургундары коопсуз жакка чыгарылып, Баткен шаарындагы №57 лицейдин жатаканасына жана туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылган эле. Негизинен алар аялдар, балдар жана кары-картаңдар.

13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Бул күнү Кыргызстан Ак-Сай-Тамдык жолуна техника алып өткөн учурда Ворух анклавынын жарандары топтошуп таш атышкандан кийин жаңжал күчөп кеткен. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстан тараптан эки киши окко учканы кабарланган.

Жаңжалдан кийин тажик жарандары Ош-Баткен-Исфана жолун, ал эми кыргызстандыктар Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жолду жаап коюшкан.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17