Аймак

АЛМА БАК! ПАЙДА ТАП!

АЛМА БАК! ПАЙДА ТАП!

 4,003 Бардыгы /

Тоолуу Алай районундагы 1-Май айылынын тургундары тегиз эле алма өстүргөнгө ыкташты. Эми минтип элеттиктер байкоо, крипсон жана симеренко өңдөнгөн мол түшүм берүүчү бактарды дагы катарынан эгүүгө абдан катуу киришишти. Мунун сыры аталган райондун мурдагы акими, ушул тапта багбанчылыкка абдан бекем ыктаган Айтпай ЖЭЭНАЛИЕВ уюштурган талаадагы чоң семинарда дагы ачыкталды.

Зулпукар КАРАГУЛОВ, Алай районундагы 1-Май айылынын тургуну, багбан: – Көбүнчө алма жана өрүк гана тиктик. Эми буларды балдарыбыздан беш бетер такай карап жатабыз. “Күз сугар! Күз сугарбасаң, жүз сугар!” дешет элибиз. Биз дагы дал ошентип атабыз. Анан химикаттын – жер семирткичтин ордуна  моминтип жалаң гана малдын кыгын күн сайын сээп жатабыз. Анткени, бул кыктын жер семиртүү касиети өтө эле чон турбайбы. Алгачкы түшүмүбүз деле жаман эмес. Күн сайын алма жеп, а түгүл организмибизди ар кандай дарттардан чекесинен арылтып дагы жатабыз.

Бейшебай АЛИЕВ, Алай районундагы Кызыл-Коргон кыштагынын тургуну, үйрөнчүк: – Бул жерге Ош облусунун ар кайсыл райондорунан багбандар жана агрардык тармакты тейлеген жетекчилер келишип, бизди кадимкидей эле окутушуп, анан дагы көп жылдар топтогон тажрыйбаларын тең бөлүшүп дагы жатышат. Мен мурун айдоочу элем. Эми минтип акыркы мезгилде багбанчылыкка биротоло ыктадым. Түйшүгү түмөн болгону менен кирешеси сонун турбайбы, эй! Эң башкысы: бул жарыкчылыкта карызы жок эле адамча жашайт экенсиң, чиркин!

Сейитбек ДҮЙШӨЕВ, агроном: – Ушул тапта Алай районунда тээтигил Европадан алынып келинген экологиялык жактан таптаза алма, шабдалы, жаңгак жана гилас көчөттөрүн эгүүнү максаттадык. Азырынча районубуздагы ар бир айылга климаттык шартына жараша алма өстүрүүгө гана батыл кириштик. Анткени, булардын түшүмү тээтигил Орусиянын алыскы аймактарына дейре байма-бай экспорттолуп жатат. Анан алманын пайдасы дагы ошончолук эле чоң экен.

Дөөлөткан АЗИМБАЕВА, багбан: –  2014-жылы 20 сотых жериме үч жүз түп коккон гиласын эктим эле. Түмөн түйшүктү талап кылат экен. Бирок, баарына тең чыдадым. Бүгүн моминтип агроном-адистерден кеп-кеңеш үйрөндүм. Эми алма, өрүк, жаңгак дагы эккенге бел байладым. Буюрса,  ыркыраган рынок заманында өзү зорго жансактаган Өкмөткө өлүгүбүздү артпастан, өзүбүз эле дыйканчылык кылып, турмуш-шартыбызды моминтип оңдоп жатабыз. Мен дагы мекендештериме “Мээнеттенгиле! Анын акыбети сөзсүз кайтат!” демекчимин. Ошентсе дагы, жашырып не! Багбандарыбыз сугат сууга өтө зар! Анан дагы заманбап техникаларга дагы абдан муктаж! Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мен муну ачык айтып коюуга тийишмин, Өкмөтүбүз ушул жагынан бизге убагында гана каралашса, өтө чоң соопко калаар эле.

Султан БОЛУШЕВ, Алай райондук токой чарбасынын директору: – Бизге караштуу, бирок, көп жылдар бою таптакыр бош жаткан тигил аянттарды багбандарга моминтип ишенип берип жатабыз. Эй, кымбаттуу багбандар! Ар бир укум жерди максаттуу жана сарамжалдуу гана пайдалангыла? Ошондо гана утасыңар!

Бактыбек ОСМОНОВ, Алай районунун акиминин орун басары: – Айтпай Жээналиев биргезде токойчу эле. Кийинчерээк районубузду дагы кыйла жыл жетектеп калды. Эми ушул киши улгайганда дагы өз үйүндө, өлөң төшөгүндө жамбаштап жатпастан, моминтип 1-Май кыштагында алма аянтын көбөйтүп жатканы – эң жакшы жана үлгү болчу гана жышаан!

Айтпай ЖЭЭНАЛИЕВ, Алай районунун мурдагы акими, эмгек ардагери: – Алма эгүү дегеле оюмда жок эле. Мына эл катары биз дагы глобализацияга бекем ыктадык. Анын талабына жараша эч химикаты жок нукура жана таза гана оокат-азыктарды пайдаланышыбыз кажет! Анткени, дайыма саламатчылыгыбыз ошончолук чың болот. Анан дагы узак өмүр сүрөбүз. Ошондуктан, бош жаткан мобул бир гектер аянтка үч жүз түп алма, байко, крипсон жана симеренко мөмөлүү дарактарынын көчөттөрүн катарынан олтургуздук. Эми муну башка жердештерим жана мекендештерим дагы мени кубаттап өлкө боюнча брендге айлантышсын! Албетте, үзүрү жаман болбойт, анын ыраатын сөзсүз көрөсүңөр, эй!

Мамасалы САТЫБАЕВ, дыйкан: – Эй, айланайындар! Былтыр алайлыктар сүйлөшкөнсүп тегиз картөшкө эктик эле. Баасы иттей арзандап, баарыбыз тең күйүп кетпедикпи. Эми кредиттерибизди убагында төлөй албай, моминтип какшап жана сыздап олтурабыз. Бак тиккенге дагы эми баарыбызды тең байма-бай үгүттөп жатасыңар. Ошондой дагы шорлобойлу, ыя? Канеткен күндө дагы фермелер, дыйкандар жана багбандар бүт Кыргыз Өкмөтүнүн түздөн-түз каржылык туруктуу кубаттоосуна ушул тапта  абдан эле муктажбыз!

Сүйөр РАЙЫМБЕК уулу, Айыл Банктын кредит бөлүмүнүн башчсысы: – Биз заман талабына жараша электрондук кезекке өткөнбүз. Кардарларыбызга кредиттерди 8-10 пайыз гана үстөгү менен берип жатабыз. /ч ирет элүү миң сомдон кредит алып, бирок, анын баарын тең кынтыксыз жана убагында төлөсө, 100 миң сом кредитти эч кандай күрөөсүз жана пайызы жок эле тартканга ыктадык. Маселен, Араванда деле алмалар силердикиндей жол менен өстүрүлөт. Бирок, жергиликтүү калк аны өздөрү жебестен, бүт элге жана чет өлкөлөргө байма-бай соодалап жатышат. Мындан алар куп гана пайда көрүп атышат. Алайлыктар деле ушинтишсе, албетте, утушат!

Баса, семинарды уюштуруучулардын айтымында, Алай районундагы багбанчылыкка арналган бул көргөзмө ушул эле 1-Май айылы менен гана чектелбейт. Мындай иш-чаралар эми райондун башка кыштактарында дагы атайын адистердин катышуусунда дагы үзгүлтүксүз улантылмакчы.         

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Алай району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17