Аймак

БАТКЕНДЕ ДАГЫ АПРЕЛЬ ЭЛДИК ЫҢКЛАБЫНЫН 9 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

БАТКЕНДЕ ДАГЫ АПРЕЛЬ ЭЛДИК ЫҢКЛАБЫНЫН 9 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

 2,663 Бардыгы /

      БАТКЕН. 7-апрель Элдик ыңкылап күнүнө карата уюштурулган эскерүү иш-чарасына Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, жергиликтүү жетекчилер, ардагерлер жана жаштар катышты.

“7-апрелдеги элдик толкундоолор адилетсиздиктен улам  тутанган. Адилетсиздиктин мааниси өтө терең.  Калыссыздык туура эмес чечимден, паракорчулуктан, бийликке тууган-урук, жакын адамдарды тарткандан келип чыгаарын жарандарыбызга эскертип, жогорку мамлекеттик кызматтагы эле жетекчилер эмес, мектеп  директору, айыл өкмөт башчысынан тартып,  ар бирибиз  адилеттүү, туура, так иштешибиз абзел! Жөнөкөй жарандан тартып мамлекеттик кызматтагы ар бир жаран мамлекеттин  кызыкчылыгын биринчи кезекке коюп, биргеликте иштесек, сөзсүз өнүгүү жана өсүш болот! Элибиздин жашоо-шарты улам жакшырып, маанайы дагы ачык жүрөт”, – деди Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров.

Андан ары эскерүү иш-чарасында Апрель баатырларынын эрктүүлүгү, эрдиги туурасында алкаган гана сөздөр айтылды.  Белгилей кетчү жагдай: бул күндөрү болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жапа чеккен жарандарга социалдык жактан колдоолор дагы көрсөтүлүп келатат. Шейит кеткендерди унутпай, Апрель баатырлары Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнө караштуу Тамаша айылынын тургуну милициянын полковниги, маркум  Акжол Камбаровдун аты орто мектепке ыйгарылса, Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Сары- Алтын айылынын тургуну маркум Мирлан Турдалиевдин ысымы айылдын чоң көчөсүнө коюлду.

 Айтылууу Апрель окуясында  Баткен облусунан үч адам жараат алып, мындан тышкары төртөө курман болгон.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17