Аймак

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: «ДЕНИ САК ӨЛКӨ, ДЕНИ САК УЛУТ – МАМЛЕКЕТТИН ӨНҮГҮҮСҮНҮН ЭҢ БАШКЫ НЕГИЗИ»

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: «ДЕНИ САК ӨЛКӨ, ДЕНИ САК УЛУТ – МАМЛЕКЕТТИН ӨНҮГҮҮСҮНҮН ЭҢ БАШКЫ НЕГИЗИ»

 1,621 Бардыгы /

                   ОШ. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ачылышына катышты. Анда мамлекет башчысы сүйлөп жатып, мамлекет аймактарда заманбап мектептер жана ооруканалар сөзсүз болуш керек деп максат коюп жаткандыгын ачыктады.

                   – Бүгүн Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жапжаңы заманбап комплексин ачып жатабыз. Бул оорукана биздин аймактардагы жарандарга чет өлкөгө дарыланууга чыкпай эле жогорку сапаттагы ар тараптуу, кеңири жана заманбап багыттагы медициналык кызмат көрсөтөт, — деди Сооронбай Жээнбеков.

                   Президент ошондой эле Ош шаарында өтүп  жаткан «Санарип Кыргызстан: аймактарды өнүктүрүү» биринчи телекоммуникациялык Форумга катышкандыгы тууралуу дагы айтып, анда башка маселелер менен бирге ооруканаларды санариптештирүү жана саламаттыкты сактоо тармагында ашыкча бюрократияны жоюу маселелери дагы талкуулангандыгын ачыктады.

                   Жаңы оорукананын курулушу, аны заманбап жабдуулар менен камсыздоо Кытай Эл Республикасынын колдоосу аркасында жүзөгө ашырылгандыгын баса белгилеп, Мамлекет башчысы жакын коңшу, ишенимдүү дос жана стратегиялык өнөктөш КЭРге терең ыраазычылгын билдирди. Президент жакында Пекинде «Бир алкак — бир жолдун» алкагында боло турчу эл аралык кызматташтык форумуна катышаарын эске салып, июнь айында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары күтүлөөрүн, андан кийин Бишкекте боло турган Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитине дагы катышаарын айтып, Кыргыз-Кытай кызматташтыгы мындан ары дагы эки тараптын тең кызыкчылыгында гана улантыла берээрин убадалады.

                   – Дени сак өлкө, дени сак улут — биздин мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизи. Биздин милдет — калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн ооруканаларды заманбап жабдуу, ошондой эле дасыккан адистерди даярдоо. Саламаттыкты сактоо системасында ырааттуу чечиле турган көп көйгөйлөр, милдеттер турат, — деди Сооронбай Жээнбеков.

                   Сооронбай Жээнбеков бул тармакка инвестиция тартуу дагыле зарыл экендигин кошумчалап, Германия Федеративдүү Республикасына болгон  расмий сапарынын натыйжасында бир катар макулдашууларга жетишилгенин дагы эске салды. Мунун бири — жаңы перинаталдык  кызматын түзүүгө 21 миллион евро гранттык жардам көрсөтүү тууралуу келишим. Мунун  алкагында Бишкек, Ош жана Талас шаарларында энелерге жана жаш балдарга эл аралык деңгээлде медициналык жардам көрсөтө турган заманбап перинаталдык борборлор ачылмакчы.

                   – Мамлекет тарабынан саламаттыкты сактоо тармагына каражат жетиштүү эле бөлүнүн келатат. Быйыл бюджеттен 19 миллиард 600 миллион сом ажыратылды. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 1,2 миллиард сомго арбын. Мындай заманбап клиникалар өлкөбүздүн бардык аймактарында болушу кажет. Жаңы клиникаңыздар кут болсун! — деп кебин аяктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

                   Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь Оштун тургундарын чын ыкластан куттуктап, бул клиника Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда саламаттыкты сактоо жаатында ири долбоорлордун бири экендигин кыйытып, бул Кытай элинин Кыргыз элине болгон урматынын жана бийик достугунун белгиси экендигин кошумчалады.

                   – Акыркы жылдарда „Бир алкак — бир жол“ демилгеси Кыргыз-Кытай кызматташтыгында жаңы барак ачты. Энергетика, жол инфратүзүмүндө жана саламаттыкты сактоо тармагында биргелешкен бир катар ири долбоорлор ишке ашырылды, — деп белгиледи Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь.

                   Айтмакчы, 2016-жылдын октябрь айында Кытай Эл Республикасынын гранты менен жаңы Ош шаардык клиникалык ооруканасын куруу жана медициналык жабдыктар менен тейлөө иши башталган. Имарат коридор менен байланышып турган үч башка корпустан турат (административдик, стационардык жана амбулатордук). Стационардык корпус бейтаптарды кабыл алуу жана шашылыш дарылоо үчүн 150 кишилик орунга ылайыкташкан. Ал эми административдик корпуста кызматтык, материалдык-техникалык, онлайн байланыш бөлмөлөрү, илимий-изилдөө блогу, 200 орундук лекция окуучу зал дагы бар. А амбулатордук корпуста күн сайын 200-250гө чейин бейтап кабыл алынат. Анда терапевтикалык, хирургиялык, стоматологиялык, травматологиялык, көз, оториноларингологиялык, гинекологиялык бөлмөлөр жана реабилитация бөлүмү жайгашкан. Ошол эле жерде операциялык блок жана реанимация орун алган. Мындан тышкары ооруларды текшерүү жана диагноз коюу үчүн инструменталдык-диагностикалык кабинеттер дагы бар.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17