Аймак

ТОКТОГУЛДА МАСШТАБДАГЫ ИШ-ЧАРА АЯГЫНА ЧЫКТЫ

ТОКТОГУЛДА МАСШТАБДАГЫ ИШ-ЧАРА  АЯГЫНА ЧЫКТЫ

 2,122 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Токтогул районунун аймагында «Тартип, тынчтык, достук жана ынтымак» деген ураандын астында жаштарды кылмыштуулуктан, укук, тартип бузуудан алыс болууга,  сергек жашоого жана мекенчилдикке үндѳгѳн саамалык жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сѳз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, демилгенин башында Токтогул РИИБнин начальниги, милициянын полковниги З.Т.Ормонов ѳзү туруп, 3 этаптан турган иш-чаранын программасы түзүлүп, ишке ашырылды.

Эске салсак, иш-чаранын 1-этабы Токтогул райактивдеринин катышуусунда ѳтсѳ, ал эми иш-чаранын 2-3-этабы райондогу 34 мектеп бири-биринен алыс жайгашкандыгына байланыштуу 3 аймакка бѳлүштүрүлүп ѳткѳрүлдү. Мындан сырткары район борборунан эң алыскы 137 км алыстыкта жайгашкан  Толук  жана Бел-Алды тоолуу айыл аймактарында да жогорку деңгээлде уюштурулуп милициянын бул  багыттагы иши район элинин алкышына татыды.

Район аймагындагы мектеп окуучуларын тартипке чакыруу максатында демилгеленген масштабдуу иш-чара 1 айга созулуп, 21-майда жыйынтыкталды. Ошону менен бирге мектептерде окуучулар жана ата-энелер арасында 25-май окуу жылынын аяктоо күнүнѳ карата профилактикалык түшүндүрүү иштери кошо жүргүзүлүүдѳ.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17