Аймак

ЖОЛДУБАЕВА: АТАМБАЕВДИН ДЕПОЗИТТИК ЭСЕБИ, БАНКТЫК КУТУСУ ДА ЖОК

ЖОЛДУБАЕВА: АТАМБАЕВДИН ДЕПОЗИТТИК ЭСЕБИ, БАНКТЫК КУТУСУ ДА ЖОК

 976 Бардыгы /

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева Биринчи май райондук сотунун токтомуна байланыштуу билдирүү таратты.

Ал «Фейсбуктагы» баракчасына «сот экс-президенттин үй-бүлөсүнүн депозиттик эсептери жана кутучалары боюнча документтерди алдын-ала кабарлабай туруп, алууга макулдук бергенин» жазган.

«Алмазбек Шаршеновичтин жеке өзүнүн депозиттик эсеби, ал тургай банктык кутусу да жок. Үй-бүлө мүчөлөрүнөн эч ким кутуларды ижарага да алып пайдаланбайт. Банкта бир гана Раиса Атамбаеванын депозиттик эсеби болсо, ага да камак салынган. Сот тиешелүү чечим кабыл алган адамдардын тизмеси бүт туугандардын чөйрөсү болуп чыкты. Тизме ушунчалык одоно түзүлгөндүктөн, ал тургай анда Раиса Атамбаеванын маркум агасы да бар болуп чыкты», деп жазылган билдирүүдө.

Ошондой эле ал муну адамдардын көңүлүн башка үй-бүлөдөн алагды кылуу максатында жасалып жаткан бийликтин кадамы катары сыпаттаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-июндагы токтомунун негизинде коммерциялык банктардан айрым адамдардын 2009-жылдан берки депозиттик эсептери жана банк кутучалары боюнча документтерди алууга макулдук бергенин «Tazabek» басылмасы жазды. Маалыматка караганда, тизмеге экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын үй-бүлөсү, туугандары жана башка жарандар кирген. Муну менен сот тергөө тобунун өтүнүчүн канааттандырган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17