Аймак

ДОСТУКТУН ДАЛИЛИ

ДОСТУКТУН ДАЛИЛИ

 1,555 Бардыгы /

ОШ. Үстүбүздөгү жылдын  март айында Кытай Эл Республикасынын  кайтарымсыз грант менен Ош шаарында жалпы аяты 2 500 чарчы метр аятты түзгөн 150 койкалуу жаңы оорукана пайданалууга берилген. Анын апрель айында  болуп өткөн  салтанаттуу ачылышына Кыргыз Респубуликасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, КНРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь жана КНРдин Ош шаарындагы башкы консулу Цуй Шаочунь ж.б. расмий адамдар катышкан.  

Жакында КНРдин Ош шаарындагы башкы консулдугу жалпыга маалымдоочу каражаттардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен  ушул саламаттыкты сактоочу мекемеге медиа-тур уюштурду.

Бул иш-чаранын алкагында  КНРдин Ош шаарындагы вице-консулу Хань Миньюн мырза Борбордук Азиядагы  алгач  курулган бул оорукана  Ош шаарынын жана ага жакын жайгашкан райондордун калкынын саламаттыкты сактоодогу ойногон ролу чоң боло тургандыгын айтуу менен  КНРдин анын курулушуна кошкон салымы тууралуу маалымат берди. Анын айтуусунда бул дарылоочу мекеменин курулушу жана заманбап медициналык жабдуулар үчүн  каражат Кытай өкмөтү тарабынан жумшалган.  Бул мисал эки кошуна өлкөнүн достук мамилесининин жана кызматташтыгынын далили.

 Жаңыдан пайдананууга берилген шаардык оорукананын директору Азизбек Жунусов   бул мекемеде жогорку билимдүү 84 врач жана 254 мед айым эмгектене тургандыгын  жана оорукананын шарты жакшы болгондуктан, дарылоонун натыйжасы жогору болуп,  бейтаптардын  арасында анын кадыр баркы көтөрүлүп  жаткандыгын белгилеп өттү.

Директордун  айтуусунда Жыл аягына чейин Кытай Эл Республикасынын   эсебинен дагы 14 наамдагы  эң жогорку натыйжага ээ болгон медициналык жабдуулар сатылып алынып, орнотулмакчы.

 

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ, Ош шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17