Аймак

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: “КЫРГЫЗСТАН БАНК СЕКТОРУНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ МЫНДАН АРЫ КЕҢЕЙТҮҮ ЖОЛУ АРКЫЛУУ ШВЕЙЦАРИЯ МЕНЕН ТЕРЕҢДЕТИЛГЕН ӨНӨКТӨШТҮККӨ КЫЗЫКДАР!”

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: “КЫРГЫЗСТАН БАНК СЕКТОРУНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ МЫНДАН АРЫ КЕҢЕЙТҮҮ ЖОЛУ АРКЫЛУУ ШВЕЙЦАРИЯ МЕНЕН ТЕРЕҢДЕТИЛГЕН ӨНӨКТӨШТҮККӨ КЫЗЫКДАР!”

 719 Бардыгы /

         БЕРН. «Кыргызстан экономиканын артыкчылыктуу тармактарына капиталды тартуу үчүн Банк секторундагы мындан аркы кызматташтыкты кеңейтүү жолу аркылуу Швейцария менен тереңдетилген өнөктөштүккө абдан кызыкдар», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Берн шаарында Швейцариянын Улуттук банкынын Башкаруучулар Кеңешинин Төрагасы Томас Йордан менен болгон жолугушуусунда.

         Президент Сооронбай Жээнбеков канааттануу менен Кыргызстандын жана Швейцариянын Улуттук банктарынын ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелердин жогорку деңгээлин баса белгилеп, эки тараптуу кызматташуунун тармактарын жана багыттарын мындан ары кеңейтүүнүн маанисине дагы кеңири токтолду. Ал эми Швейцариянын Улуттук банкынын Башкаруучулар Кеңешинин Төрагасы Томас Йордан дагы Кыргызстандын Улуттук банкы менен болгон активдүү жана жемиштүү кызматташууну белгиледи. Ал мындан аркы өз ара аракеттенүүгө, мунун ичинде каржы тармагынын актуалдуу багыттары боюнча тажрыйба алмашууда даярдыгын билдирди. Ошондой эле Швейцариянын Улуттук банкынын Башкаруучулар Кеңешинин Төрагасы 2018-жылы Кыргызстанга улуттук валюта — сомдун 25-жылдыгына байланыштуу иш-чараларга катышуу үчүн келгендигин жашырган жок.

         Соңунда Швейцариянын Улуттук банкынын Башкаруучулар Кеңешинин Төрагасы Томас Йордан Кыргызстанга өзүнүн кийинки сапарын ушул жылы жасап, банк секторундагы кызматташуунун келечегин дагы бир жолу талкуулоого мүмкүнчүлүк берерине үмүттөнөөрүн айтты.

 

 

                   Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17