Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД:  БАЛАНЫ ТУУРА ЭМИЗҮҮ ЖУМАЛЫГЫ ӨТҮҮДӨ

ЖАЛАЛ-АБАД:  БАЛАНЫ ТУУРА ЭМИЗҮҮ ЖУМАЛЫГЫ ӨТҮҮДӨ

 1,834 Бардыгы /

Жалал-Абадда 1-августтан 9-августка чейин баланы туура  эмизүү жумалыгы өтүп жатат. Ага үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна келген энелер катышып, медайымдар толук маалымат беришет. Атайын суроо-жооптор болуп, энелер бала эмизүүдөгү эрежелер менен таанышышты. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы ден соолук чыңдоо кабинетинин дарыгери Жамийла Кудайбердиева төмөнкүлөрдү айтып өттү. “Негизи баланы 2 жашка чейин эне сүтү менен багуу керектигин элге жеткиришибиз керек. Себеби азыр көптөгөн туура эмес маалыматтар кетип жатат. Жасалма ботколордун да жарнамасы күчөп жаткандыктан, энелер баланы тойгузууда ушундай ыкмаларды колдонууда. Ошондуктан бул акция үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда, төрөт үйлөрүндө өткөрүлүп жатат. Иш-чаранын максаты энелер менен баланы туура эмизүүнү талкуулап,  маалыматтарды кеңири жеткирүү болуп саналат”-дейт Ж.Кудайбердиева Белгилей кетсек, бүткүл дүйнөлүк бала эмизүү жумалыгы 1990-жылдан баштап дүйнө жүзү боюнча белгиленет. Ушул жылы 192 мамлекет  менен ЮНИСЕФ биргеликте бала эмизүүнү колдоо жана коргоо деген декларацияга кол коюшкан. Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17