Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
3,702 Бардыгы / Бүгүн 25-сентябрда “Кыргыз милициясынын 95 жылдык маарекесине” карата Жалал-Абад ОИИБнин имаратында “Ачык эшик” күнү өткөрүлдү. Аталган иш-чарага жогорку окуу жайларынын жана колледждердин юридикалык багытта билим алган 200дөн ашуун студенттери катышышты. Аларга милициянын азыркы учурдагы жаңы мыйзамдар менен иштөө тартиби жана кыргыз милициясынын тарыхы тууралуу маалымат берилди. Милиция кызматкерлери тарабанын “Машыгуулардан ыкма жана кылмышкерди […]
3,703 Бардыгы / Бүгүн 25-сентябрда “Кыргыз милициясынын 95 жылдык маарекесине” карата Жалал-Абад ОИИБнин имаратында “Ачык эшик” күнү өткөрүлдү. Аталган иш-чарага жогорку окуу жайларынын жана колледждердин юридикалык багытта билим алган 200дөн ашуун студенттери катышышты. Аларга милициянын азыркы учурдагы жаңы мыйзамдар менен иштөө тартиби жана кыргыз милициясынын тарыхы тууралуу маалымат берилди. Милиция кызматкерлери тарабанын “Машыгуулардан ыкма жана кылмышкерди […]
ЖАЛАЛ-АБАД: КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫНА 95 ЖЫЛ
25.09.2019 / Автор aymak3,704 Бардыгы /
Бүгүн 25-сентябрда “Кыргыз милициясынын 95 жылдык маарекесине” карата Жалал-Абад ОИИБнин имаратында “Ачык эшик” күнү өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага жогорку окуу жайларынын жана колледждердин юридикалык багытта билим алган 200дөн ашуун студенттери катышышты. Аларга милициянын азыркы учурдагы жаңы мыйзамдар менен иштөө тартиби жана кыргыз милициясынын тарыхы тууралуу маалымат берилди.
Милиция кызматкерлери тарабанын “Машыгуулардан ыкма жана кылмышкерди кармоо”, “Массалык баш-аламандыкка каршы аракеттер”, “Баңгизатты аныктоо жана качып бараткан кылмышкерди кызматтык иттердин жардамы менен кууп кармоо” боюнча көргөзмө-көнүгүүлөрү аткарылып, №704 Ички аскер бөлүгүнүн жоокерлери тарабынан атайын даярдалган саптык көрүнүш көрсөтүлдү.
“Ачык эшик” күнүндө Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппараты, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасы, областтык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы, кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасы, №704 Ички аскерлер бөлүгү, Күзөт кызматынын “Тез чара көрүү тобу”, Кинология борбору, Криминалдык милиция кызматы, Тергөө жана Жоруктар боюнча бөлүмү, Криминалисттик-эксперттик бөлүмүнүн жана бирдиктүү терезе кызматынын кызматкерлери тарабынан атайын техника, курал-жарак жана криминалисттик-эксперттик чемодандар, кызматтык бөлмөлөр көрсөтүлүп, ар биринин иштөө тартиби боюнча студенттерге кенен түшүндүрмө берилди.
Белгилеп кетсек, иш-чаранын жүрүшүндө ОИИБдин 10-бөлүмү тарабынан студенттерге экстремизм жана мыйзамсыз миграция багытында күнүмдүк ишмердүүлүгү, аткарылып жаткан жумуштары туурасында учкай маалымат беришип, андан сырткары “Салттык ислам” жана социалдык тармактардагы азгырыктарга, мыйзамсыз чакырыктарга алданбоо жөнүндө лекция өтүлдү.
Бул иш-чарага катышкан активдүү студенттер менен Жалал-Абад ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов иш бөлмөсүндө жолугушуп, алардын кызыктырган суроолоруна жооп берди. Жыйынтыгында жаштарды ар кандай кылмыш, кырсыктардан алыс болууга, мекенчилдикке жана келечекте мыкты кесиптин ээси болууга чакырды.
Ал эми, Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесин утурлай уюштурулган саамалыктын катышуучулары иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгүн, жаштарга укук коргоо кесиптерин тандоого түрткү болуп, келечекте милиция кызматында иштөөгө жол ачылгандыгын – белгилеп, ыраазычылыктарын билдиришти.
“Аймак”
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
18.01.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО ТУМАН ТАРАП, УЧАКТАР УЧА БАШТАДЫ
-
25.01.2024 / Автор anarkan_kg ЭЛ АРАЛЫК ОШ—САРЫ-ТАШ—ЭРКЕЧТАМ УНАА ЖОЛУ ТАШТАНДЫДАН ТАЗАЛАНДЫ
-
31.01.2024 / Автор anarkan_kg КОМПЬЮТЕРДИК ТОМОГРАФИЯ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.