Аймак

ТОКТОГУЛ МИЛИЦИЯСЫ КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛДЫ

ТОКТОГУЛ МИЛИЦИЯСЫ КАРЫЛАРДАН КАБАР АЛДЫ

 1,223 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Октябрь айынын башынан тартып Жалал-Абад ОИИБдин ШРИИБи тарабынан карылардан кабар алуу, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү боюнча бир топ алгылыктуу иш-чаралар жүргүзүлүп келинүүдө.  Бул тууралуу  Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Бул максатта жана Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата Токтогул РИИБдин начальниги, милициянын полковниги Замирбек Ормонов өздүк курамдын атынан КРдин ИИОнун 77 жаштагы 2 ардагеринен жана көп жылдар бою билим берүү тармагында эмгектенип, учурда ардактуу эс алуудагы 70 жаш курактагы Букенова Элизаветанын үйүнө барып кабар алышып, ар бирине 2000 сомдук күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдү берип, ак батасын алып кайтышты.

Ошондой эле Токтогул районунда жайгашкан карылар үйүнө да барышып, ал жердеги карыялардын ден соолук, ал-акыбалдарын сурашып, белек катары 7000 сомдук азык-түлүк тапшырышты. Милициянын карыларга карата көрүлүп жаткан камкордугун баалашып, ыраазы болгон карыялар көздөрүнө жаш ала кубанышып, РИИБдин жетекчилигине жана кызматкерлерине ийгилик каалашып, ыраазычылыктарын билдиришти.

 

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17