Аймак

КЫРГЫЗСТАНГА КАЧЫП КЕЛГЕН КОРДАЙЛЫКТАР ҮЙЛӨРҮНӨ КАЙТУУДА

КЫРГЫЗСТАНГА КАЧЫП КЕЛГЕН КОРДАЙЛЫКТАР ҮЙЛӨРҮНӨ КАЙТУУДА

 794 Бардыгы /

Жамбыл облусунун Кордай районунда болгон башаламандык учурунда Кыргызстандын аймагына өтүп кеткен 8 миңге чукул казакстандык үйлөрүнө кайтты.

Бул тууралуу Жамбыл облусунун акими Бердибек Сапарбаев билдирди. Аким аймактагы абалды “туруктуу” деп сыпаттады. 10-февралдан тарта мектептер, бала бакчалар, дүкөндөр иштей баштады.

Сапарбаевдин билдиришинче, Кордай районунда казактар менен дунгандардын ортосундагы чырдан 19 полиция кызматкери жабыркаган.

– Беш күн аралыгында 178 адам дарыгерлерге кайрылган. Алардын ичинен 19у полиция кызматкери. 10 киши өлдү. Маркумдардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүлүүдө, – деди аким.

Учурда Кордай районундагы ооруканада 13 киши дарыланууда, 20 киши Алматыдагы ооруканаларга жеткирилген. Аким Кыргызстандагы ооруканаларда жабыркагандар калбаганын, алардын баарын алып кетишкенин билдирди.

Чиновник өкмөттүн жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, жакын арада зыяндын суммасы аныкталып, жабыркагандарга компенсация төлөп берүү маселеси караларын айтты.

Ал чыр тиричилик маселелеринен улам келип чыкканын белгиледи.

Казак бийлиги 7-8-февралда Кордай районундагы тополоңду иликтөө үчүн 25 кылмыш ишин козгогон.

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан 10 адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. 30дан көп турак жай, 15 соода түйүнү, 23 машине талкаланган же өрттөнгөн. Дүйшөмбүдө президент Касым-Жомарт Токаев Кордай району жайгашкан Жамбыл облусунун акиминин орун басарын жана облустук полициянын башчысын кызматтан алууну тапшырды.

Тополоң чыккан бул айылдар Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы өйүзүндө жайгашкан. Зомбулуктан улам миңдеген киши Кыргызстанга качкан. Кыргыз расмий органдары 4 жарым миңдей киши чек арадан өтүп келгенин маалымдаган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17