Аймак

МИТИНГДЕ ӨКМӨТТҮ ОТСТАВКАГА КЕТИРҮҮ ТАЛАБЫ КОЮЛДУ

МИТИНГДЕ ӨКМӨТТҮ ОТСТАВКАГА КЕТИРҮҮ ТАЛАБЫ КОЮЛДУ

 1,225 Бардыгы /

Бишкектин Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингдин жүрүшүндө камактагы саясатчы Садыр Жапаровду абактан чыгаруу менен катар өкмөттү отставкага кетирип, Конституциялык реформа жүргүзүү талабы коюлду. Бул тууралуу митингде сүйлөгөн Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Мукар Чолпонбаев билдирди.

Чолпонбаев “өлкөдөгү бир катар кемчиликтерди жоюу үчүн Баш мыйзамды өзгөртүү жана өкмөттү отставкага кетирүү зарыл”, – деп айтты.

“Конституциялык реформаны бүгүн жасабаса, эртең кеч болуп калат”-деди Чолпонбаев.

Бирок саясатчы Баш мыйзамга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экенин тактаган жок. Учурда Ала-Тоо аянтында нааразылык митинги уланууда. Катышуучулар негизги талап катары Садыр Жапаровду абактан бошотууну атап жатышат.

Уюштуруучулар акцияга 5 миңге жакын киши катышып жатат деп айтышууда. Көз карандысыз байкоочулар чогулгандар 2 миңге жакын деп жатышат. Ички иштер министрлиги акциянын катышуучуларынын саны боюнча маалымат бере элек.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон. Ал «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган.

2019-жылы Жогорку сот Садыр Жапаровду он жылга кескен.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17