Аймак

Сооронбай Жээнбеков: “Аксы окуялары — өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы улуу бурулуш катары тарыхта калды”

Сооронбай Жээнбеков: “Аксы окуялары — өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы улуу бурулуш катары тарыхта калды”

 966 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, 2002-жылдагы Аксы окуяларына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

17-марттагы Аксы окуялары — өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы улуу бурулуш катары тарыхта калды. Адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштүн башаты, Март жана Апрель революцияларына түрткү болгон тарыхый окуя болуп бааланат.

Бүгүнкү бийлик ошол окуяларда өлкөнүн келечеги үчүн өз өмүрүн тобокелдикке байлап чыккан элдин ишенимин актоого болгон аракеттерди жасап жатат.

Өлкөдө коррупция менен чечкиндүү күрөш, адилеттүүлүктү камсыздоого багытталган соттук реформа, укук коргоо органдарын реформалоо жүргүзүлүүдө.

Коопсуздукту камсыздоо, санариптештирүү, экономиканы өнүктүрүү жаатында ири иш-чаралар аткарылып жатат.

Элибиз үчүн, эгемендүү мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн зарыл болгон реформалар ишке ашырылууда.

Урматтуу мекендештерим!

Өлкөбүз үчүн өмүрүн сайган мекендештерибиздин элесине ар дайым башыбызды ийип, таазим этебиз.

Жарат алган, жаныбызда жүргөн Аксы окуясынын каармандарына  тереӊ ыраазылык билдиребиз!

Алардын каармандыгы бизди  мамлекеттеги тынчтыкты баалай билүүгө, коомдогу туруктуулукту жана ынтымакты көздүн карегиндей сактоого үндөп турат.

Элибизде ар дайым ынтымак жана биримдик, жергебизде дайыма тынчтык болсун!

Жараткан Кудай Өзү сүйүктүү мекенибиз —  Кыргызстанды колдосун!»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17