Аймак

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ ЖАҢЫ ЖАНА ТАЗА КҮЧТӨР КЕЛАТАТ!

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ ЖАҢЫ ЖАНА ТАЗА КҮЧТӨР КЕЛАТАТ!

 1,977 Бардыгы /

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ ЖАҢЫ ЖАНА ТАЗА КҮЧТӨР КЕЛАТАТ!

12-АПРЕЛЬ – Дүйнөлүк космонавтика күнү. Дал ушул мезгилде Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын тургундары Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлашат. Жаңы корпус кандай сапатта куралат? Ушул собол жергиликтүү калктын башын дал азыр куп оорутуп турган чагы.

Ош калаасынын тургуну Төлөгөн КЕЛДИБАЕВ адаттагыдай эле жасалма – кошумча тизмелер боюнча добуштар бул ирет дагы үкөктөргө байма-бай ташталаарын төмөнкүчө ачыктады: – Жүздөгөн, миңдеген адамдардын паспорттору атайын чогултулуп, аларды ар батирлерге убактылуу каттоого коюшуп жатышпайбы. Муну жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары көрмөксөнгө-билмексенге салышууда. А административдик ресурстар дагыле мурдагы калыбында эле күнү-түнү иштетилип, бары тең бийликчил «Биримдик» жана «Мекеним-Кыргызстан» партияларын жанталашып сүрөп жатышат. Бирок, элдин – шайлоочулардын бийликке   ишеними дээрлик эбак эле жоголгон. Эми бул сапар кантишээр экен?

Бул арада Ош шаарында шайлоо бюллетендеринин баарын тең тегиз чийип таштап, биротоло жараксыз кылып таштоого чакыргандар дагы жок эмес.

– Азыркы бюлллетендерден «Баарына каршы» деген графаны атайылап эле жок кылышты, – деп тызылдады Ош шаарынын жаш тургуну Айниса КУРМУШУЕВА. – Ошондуктан мен жердештериме аргасыздан кайрылаар элем. Бюллетендердин баардыгын тең чийип таштагыла?!? Ошондо гана бул кир жана акыйкатсыз шайлоо аргасыздан жокко чыгарылат. Ал эми кийинки дайындалган Ош шаардык Кеңешинин шайлоосуна бүгүнкү партиялар жана талапкерлер таптакыр катыша алышпайт! Демек, булардын ченемсиз чачкан акчалары бүт күйүп, башка олчойгон чыгымдары дагы дээрлик толукталбай, ит эле болушат. Дал ушундай жол аркылуу гана кийинкисинде таза жана калыс шайлоо өткөргөнгө толук кандуу мүмкүнчүлүк жаралат.

Деген менен мындай ой жорууларга жана демилгелерге эч кошулбагандар дагы арабызда жок эмес!

– «Кыргызстан» партиясы жетимиш талапкерин Ош шаардык Кеңешинин депутаттыгына сүрөп жатат. Шайлоо Кодексинин талабына ылайык булардын ар бир үчүнчүсү – аялзаты, – деп кепке кошулду «Кыргызстан» саясий партиясынын Ош шаардык шайлоо штабынын башчысы Шамил АРТЫКОВ. – Талапкерлерибиздин арасында абдан тың, анан мекенчил кыз-жигиттерибиз толтура. Булар кудай колдоп Ош шаарынын парламентине келишсе, мыкты саамалыктарга таптакыр бут тосушпай, ириде Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын экономикасын ыкчам көтөргөнгө сөзсүз жардамдашышат. Биринчиден, жаңы ишканалардын курулуп, көп жумуш орундарынын түзүлүшүнө ыңгай жаратышат. Бул аркылуу чет өлкөлөрдө аргасыздан эмгектенип жүрүшкөн жердештерибиздин Мекенине кайтышына шарт  түзүлмөкчү. Экинчиден, компетенттүү депутаттык корпус бүгүнүкү күндө Ош шаарында өтө олуттуу көйгөйгө айланган жер тилкеси, турак жай, жол, автоунаа тыгыны, экология өңдөнгөн маселелердин кечеңдетилбестен чечилишине дагы катуу көмөктөшөт. Жалпыга малым, кыргызстандыктар бейиштин эле накта төрүн байырлайбыз. Демек, кедей жашаганга акыбыз жок! Биздикиндей таптаза абаны, Ысык-Көлдөй берметти, экологиялык жактан нукура азык-оокаттарды  Жер шарынын бир дагы булуң-бурчунан издеп жүрүп таппайсың…

Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына «Бир бол», «Эмгек»,  «Кыргыз либерал демократиялык партиясы» (КЛДП), «Улуу Журт», «Бирик», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Мекеним-Кыргызстан» партиялары тыңчыкмаларын кызуу сүрөп жатышат. Ал эми Түштүк башкалаасындагы шайлоонун жүрүшүндө добуштарды сатып алуу, кошумча – жалган тизмелер боюнча Башкы Прокуратура кылмыш иштерин козгоп, тергөө жараяны ырааттуу улантылып аткан чагы.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17