Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,038 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-мартта өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу КРдин Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн маалымдады. Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти: «Урматтуу мекендештерим! Бүгүн, 25-марттан баштап өлкөбүздүн айрым шаар, аймактарында өзгөчө абал режими күчүнө кирди. Ушуга байланыштуу сиздерге кайрылып жатам. […]
1,039 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-мартта өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу КРдин Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн маалымдады. Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти: «Урматтуу мекендештерим! Бүгүн, 25-марттан баштап өлкөбүздүн айрым шаар, аймактарында өзгөчө абал режими күчүнө кирди. Ушуга байланыштуу сиздерге кайрылып жатам. […]
Президент Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: БҮГҮНКҮ ЧОҢ СЫНОО КЕЛГЕН КҮНДӨРҮ ТАРТИПТИ САКТОО — АР БИРИБИЗДИН АТУУЛДУК МИЛДЕТИБИЗ
25.03.2020 / Автор anarkan_kg1,040 Бардыгы /
БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-мартта өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу КРдин Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн маалымдады.
Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:
«Урматтуу мекендештерим!
Бүгүн, 25-марттан баштап өлкөбүздүн айрым шаар, аймактарында өзгөчө абал режими күчүнө кирди. Ушуга байланыштуу сиздерге кайрылып жатам.
Дүйнөдө коронавирус инфекциясы тарай баштаган мезгилден тартып, кырдаалды көзөмөлгө алганбыз.
Коопсуздук кеңештин жабык жана ачык тартипте бир нече ирет жыйыны өтүп, бул маселе менин жеке көзөмөлүмдө.
Ошол активдүү чаралар, өлкөдөгү кырдаалды көпкө чейин туруктуу кармоого мүмкүндүк берди.
Азыр адамдардын өз ара карым-катнашы тыгыз, байланышы ыкчам болуп турган заманда, бул илдет, башка өлкөлөр сыяктуу эле, март айында бизге да жетти.
Коронавирус илдетинин жайылуусуна жол бербөө үчүн өлкөнүн бүткүл аймагына 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал режимин киргиздик.
Бирок, эрежелерди бузган, тартипти сактабаган учурлар катталууда.
Коронавирусту жайылтпоо үчүн мындан да катуу чараларды кабыл алуу зарылдыгы жаралды.Ошондуктан конституциялык укугума таянып, Жалал-Абад, Ош, Бишкек шаарларына жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койдум.
Жарлыкка ылайык, жарандарыбыздын жүрүм-турумунун, мекемелердин иштөөсүнүн өзгөчө режими киргизилет.Милдеттүү түрдө санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар өткөрүлөт.
Урматтуу мекендештерим,
Өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана аталган аймактардагы өзгөчө абал жашоо турмушубузда айрым ыӊгайсыздыкты, бир кыйла чектөөлөрдү жаратат.
Мекендештерибизден тартипти темирдей бекем сактоо талап кылынат.
Бул илдеттин мындан ары жайылып кетүүсүн болтурбоо максатында мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик бардык милдеттерди аткарып жатат.
Врачтарыбыз, чек ара жана милиция кызматкерлери күнү-түнү иштөөдө.
Бул аракеттер коомчулук тарабынан, ар бир жаран тарабынан колдоого алынбаса, ийгилик болбойт.
Биримдик менен гана натыйжага жетебиз.
Биздин ден-соолугубуздун сакчылыгында тургандарды, урматтуу мекендештерим, баарыбыз колдошубуз керек.
Эпидемиологиялык кырдаалдын начарлоосуна жол бербей, өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын талаптарын кынтыксыз аткаруу, алардын эмгегине чоң колдоо болот.
Дүйнө жүзүндө вакцина табуу үчүн тынбай изилдөөлөр жүрүп жатат.
Бирок, азыр коронавирус илдетине каршы бир гана эффективдүү каражат бар.
Бул тартип, биримдик, санитардык-гигиеналык талаптарды так сактоо.
Бүгүнкү чоң сыноо келген күндөрү тартипти сактоо — ар бирибиздин атуулдук милдетибиз. Өзүңдүн гана эмес, мекендештериңдин, балдарыңдын ден соолугу, өмүрү, келечеги үчүн, жалпы коомдун саламаттыгы үчүн жоопкерчилик.
»Бул илдет мага келбейт, сактанбай деле койсом болот« деген кенебестикке жол берүүгө укугубуз жок.
Үйдөн чыкпай, гигиеналык эрежелерди бекем сактап, жолугушууларды токтотуу зарыл.
Чет өлкөдөн келгендер, обсервацияда же дарыланууда болсоңор, өзүм билемдик менен ал жерди таштап кетүүгө тыюу салынат.
Илдетке чалдыккандар менен байланышта болгондор, издетпей, телефон аркылуу өзүңөр кабар бергиле.
Үйдөгү карантин эрежесин да бекем сактаңыздар.
Ким бул талаптарды аткарбаса — өзүнө гана эмес, жалпы элге жасаган кыянатчылыкка барган болот.
Мындай жоопкерсиздикке каршы катуу жаза колдонулат.
Элибизде, бекеринен „Кудай да сактанганды сактайт“ деп айтылбайт.
Урматтуу мекендештерим!
“Эл аман болсун, эл арасында мен аман болоюн” деген тилектештик менен жашоонун мезгилинде турабыз.
Баарыңыздарга дагы бир ирет кайрылам. Кары-жаш дебей, ээлеген кызматына карабай, бул илдетке каршы күрөшкө биригүүбүз абзел.
Ар бир мекендешибиз — карантиндик тартипти, медициналык талаптарды катуу сактоо менен, улутубуздун саламаттыгын коргоого өз салымын кошот.
Күнү-түнү аракеттенип жаткан ар тармактын кызматкерлерине, биринчи кезекте дарыгерлерибизге дагы бир ирет ыраазылык билдирем.
Алгачкы күндөрү медиктерибиздин ишин камсыздоо боюнча кемчиликтер болгон. Андан кабардармын.
Республикалык штаб кырдаалды жолго коюуда.
Урматтуу дарыгерлер, сиздердин күйүп-жанып, башкаларга ишеним берген эмгегиңерди жалпы журтубуз бийик баалайт.
Сиздерди мамлекет камкордугуна алат.
Азыркы иш-аракеттерди күчөтүлгөн тартипте улантууну суранам.
Азыр баарыбыз чоң сыноодобуз.
Жарандарыбыз тартипти сактаса, ишкерлерибиз кырдаалга жараша эл алдындагы атуулдук вазийпасын аткарчу мезгил келди.
Азык-түлүктүн, дары-дармектин жана башка эл муктаж буюмдардын баасын жогорулатпаган эмгегиңерди элибиз жогору баалап алат.
Азыркы экономикалык оор абалда Өкмөт кичи жана орто бизнестин өзгөчө шартта иштөө алгоритмин иштеп чыгат.
Комплекстүү антикризистик планды кечиктирбей, тез кабыл алуу керек.
Күнүмдүк зарыл товарларды ташуучуларга „жашыл“ коридорлорду камсыз кылуу талап кылынат.
Тобокелчилик зонасына кирбеген ишканаларды текшерүүлөрдү токтотуп туруу — азыркы учурдун талабы.
Зыянга учураган ишкерлердин кредиттеринин мөөнөттөрүн узартуу, штрафтарын токтотуу чечими кабыл алынды.
Саясий, мамлекеттик ишмерлерди, массалык маалымат каражаттарын, жарандык активисттерди сөзгө абдан аяр мамиле кылууга чакырам.
Такталбаган маалыматтардын таралышы — маалыматтык коопсуздукка кедергесин тийгизет.
Ошондуктан, мамлекеттик штабдардын гана билдирүүлөрүнө таянып, коомду дүрбөлөңгө салган маалыматтарды таратуудан алыс болууну өтүнөм.
Урматтуу мекендештерим,
Учурда мамлекеттик органдар илдетке каршы жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык милдеттерди аткарып жатат.
Кырдаал катуу көзөмөлдө турат.
Биз, Айкөл Манастын урпактары, кылымдарды карыткан карт тарыхыбызда мындай сыноолордун көбүн жеңген элбиз.
Буйруса, Кудайдын колдоосу менен, элибиздин биримдиги, бекем тартиби менен бул сыноону да жеңебиз.
Учурдагы кыйынчылыктан ынтымагыбызды бекемдеп, экономикабызды жаңылап, адамдык абийрибизди тереңдетип, улуттук ар-намысыбызды бийик кармап чыгабыз деп ишенем.
Азыркы учурга түшүнүү менен мамиле кылган ар бир мекендешиме ыраазылык билдирем.
Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудайым өзү колдоп, элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!»
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
24.04.2023 / Автор anarkan_kg ӨЗБЕКСТАНДА СҮТ КАБЫЛ АЛУУ ЖАЙЛАРЫ АЧЫЛАТ
-
-
08.05.2023 / Автор anarkan_kg БОЛБОСУН СОГУШ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.