Аймак

БИШКЕК ШААРЫНДА КАТТООСУ ЖОК ЖАРАНДАР ЖАШАГАН ЖЕРИНЕН МААЛЫМДАМА АЛЫШЫ КЕРЕК

БИШКЕК ШААРЫНДА КАТТООСУ ЖОК ЖАРАНДАР ЖАШАГАН ЖЕРИНЕН МААЛЫМДАМА АЛЫШЫ КЕРЕК

 985 Бардыгы /

БИШКЕК, Өзгөчө абал учурунда Бишкек шаарында каттоодон өтпөгөн жарандар жашаган жеринен маалымдама алууга милдеттүү. Бул тууралуу 25-мартта борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Ошол эле маалда Бишкекте иштеп, бирок башка аймактарда жашаган кишилер иштеген жеринен маалымдама алышы керек.

Алмаз Орозалиев өзгөчө абал режиминде журналисттердин иштөөсүнө эч кандай чектөө жок экенин да белгиледи. Кабарчыларды аккредитациядан өткөрүү маселесин республикалык штаб менен сүйлөшүп жатканын билдирди.

“Мен шаардын коменданты катары айтам, журналисттердин ишине эч кандай чектөө жок. Штаб менен сүйлөшүп, канча журналистке беребиз, аккредитациядан кандай өткөрүү боюнча билдиребиз. Мен билгенден журналисттер топтошуп иштебейт. Андыктан коркунучтуу эмес”, – деди Орозалиев.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

25-мартта өлкө боюнча COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 44 киши болду. Алардын 20сы Ош, 19у Жалал-Абад облусунда, үчөө Бишкек шаарында, бирөө Чүй, дагы бирөө Баткен облусунда катталды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17