Аймак

АКСЫДА КОРОНАВИРУСТУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ИШТЕР КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ

АКСЫДА КОРОНАВИРУСТУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ИШТЕР КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ

 936 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Аксы районунда да коронавирустун алдын алуу боюнча иштер кызуу жүрүп жатат.

Аксы районунундагы айыл аймактарынын көчөлөрү, балдар бакчалары, мекеме -ишканалардын имараттары  дизенфикцияланып, жалпы элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, турмуш шарты оор, кары, багар көрөрү жокторго, оорукчан, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга Кербен шаарындагы азык -түлүк дүкөндөрдун ээлери кайрымдуулук жасашып, азык -түлүктөн жардам көрсөтүштү. Коомдук транспорттор токтотулган, банктар, ооруканалар иштеп жатат. “Өмүр” фарым мекемеси дары дармектин жаңы партиясын алып келип элдик камсыздоодо өзгөчө мыкты иштеп жаткандыгын белгилеп кетүүгө болот. Аталган фирманын дарыканаларында дары дармектер өз баасында сатылууда. Күн сайын райондук штабдын мүчөлөрү ишти көзөмөлгө алып жатышат.

Кербен шаардык мэриясынын адистери күнү түнү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Эл да убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып жатышат.

Абдымомун КАЛБАЕВ, Аксы району

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17