Аймак

АКСЫ ЭЛИНИН ИШКЕРЛЕРИ ТУРГУНДАРЫНА ЖАРДАМ БЕРҮҮДӨ

АКСЫ ЭЛИНИН ИШКЕРЛЕРИ ТУРГУНДАРЫНА ЖАРДАМ БЕРҮҮДӨ

 1,246 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгун, 28-март күнү Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов Аксы районунун тургундарына жардам кылып 30 миң бет кап тиктирип келип таркатып берүүдө.  Бул тууралуу бизге Аксы районунун акиминин орун басары Дамира Абдылдаева билдирди. Анын ичинен Авлетим айыл аймагына 1800 даана бет капты акысыз тапшырып, элге жардам көрсөтүүдө. Андан сырткары мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга да жардам көрсөтө тургандыгын билдирди. Азаматсыз Алмазбек мырза, эл уулу деген ушул.

Ошондой эле Аксы районунун Үч-Коргон айылынын жеке ишкер жаштары айылдык муктаж үй-бүлөлөргө 1200 кап ун, Мор -Булак айылынын тургундарына 30 кап ун, Терс айылынын тургундарына 30 кап ун, 300 литр суу май таркатып жардам көрсөтүп айыл аксакалдарынын батасын алышты. Эл уулдары элге мына ушундайда тирек, көмөк болуп жатканы ынтымак ырашкерликин белгиси. Бар болгула азаматтар.

 

Абдымомун КАЛБАЕВ, Аксы району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17