Аймак

АЛА-БУКА РАЙОНУНА МЕКЕНЧИЛ ЭР АЗАМАТТАРДАН ЖАРДАМДАР КЕЛИП ЖАТАТ

АЛА-БУКА РАЙОНУНА МЕКЕНЧИЛ ЭР АЗАМАТТАРДАН ЖАРДАМДАР КЕЛИП ЖАТАТ

 2,499 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Ала-Бука районунун аймактык ооруканасына Ала-Бука жана Чаткал  районунун  эр  азаматтары  тарабынан  жардамдар  келүүдө.

Ала-Бука районунун аймактык ооруканасынын медицина кызматкерлерине 1989-жылы туулган Ала-Бука  районунун эр жигиттери жана 1977-жылы туулган Ала-Бука жана Чаткал районунун  эр азаматтары тарабынан жардамдар келип жатат. Ошону  менен  бирге райондун чыгаан  кызы  Райхан Казакова тамак жылытуучу аппарат, ал эми Сары-Талаа айылынын чыгаан  уулунун бири учурда Казакстан Республикасында иштеп жаткан Анарбек Сатыбалдиев кислороддук концентратор алып берди.

 

Абдымомун КАЛБАЕВ, Ала-Бука району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17