Аймак

ӨЗГӨЧӨ АБАЛ КИРГИЗИЛГЕН АЙМАКТА РЕЙД ӨТКӨРҮЛДҮ

ӨЗГӨЧӨ АБАЛ КИРГИЗИЛГЕН АЙМАКТА РЕЙД ӨТКӨРҮЛДҮ

 1,311 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 28-мартта Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын чечими менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, айыл активдери жана ыктыярчы элдик кошуундар менен биргеликте Сузак районунун аймагында атайын рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында коомдук жайларда негизсиз топтолуп тургандар, көчөлөрдө калктын санынын аздыгынан өз алдынча эркин түрдө автоуналарын каалагандай коюшуп алган – 60 ашуун жаран РИИБге жеткирилип, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң үйлөрүнө жиберилди. Ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган жана тиешелүү документтери жок – 33 автоунаа аныкталып, алардын ичинен – 28 унаа айып короолорго жеткирилип, унаа ээлерине айыптар салынды.

Өзгөчө абал киргизилген аймакта коронавирус илдетинин жайылуусун азайтуу жана токтотуу максатындагы алдын алуу жана эл арасында түшүндүрүү иш-чаралары жогорку деңгээлде уюштурулуп, жергиликтүү калкка үн жогорулатуучу аппараттардын жардамы менен тиешелүү маалыматтар берилди.

Белгилей кетүүчү жагдай, Сузак айылындагы дүкөндөрдө күнүмдүк тамак-ашка керектелүүчү азык-түлүктөр кенен, тартышсыз жана элге жеткиликтүү түрдө сатылып жатат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17